Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:45

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ: БАЛЕТ КҮЙӨРМАНДАРЫ ҮЧҮН МАЙРАМ


Бул жумадагы орчундуу маданий окуялардын бири - бул СССРдин эл артисти, кыргыздын белгилүү бийчиси Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Үчүнчү эл аралык балет фестивалы. Ага Орусия, Казакстан, Татарстан өлкөлөрүнөн коноктор келишти.

Иш-чаранын биринчи күнүндө Александр Глазуновдун “Раймонда” балетинин бет ачаары болду. Ал эми бул чыгарма маркум Бүбүсара Бейшеналиеванын жаркын элесине арналып коюлду. Мындан сырткары көрүүчүлөргө Людвиг Минкустун “Баядерка”, “Дон Кихот”, Петр Чайковскийдин “Ак куу көлү” балеттери тартууланды. Ал эми ал чыгармаларда башкы партияларды четтен келген бийчилер аткарышты. Фестиваль эртең гала-концерт менен жыйынтыкталат.



14-мартта Москвадагы Сүрөтчүлөрдүн борбордук үйүндө салтка айланган эл аралык көргөзмө ачылды. Анда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнүн сүрөтчүлөрү, анын ичинде кыргыз кыл калем чеберлери эмгектерин көрүүчүлөрдүн сынына коюшту. Атай кетсек Сүйүтбек Төрөбеков кыргыз элинин кылкалем чеберлеринин, көркөм өнөр ишмерлеринин элесин чагылдырган портреттерин койду. Андан тышкары көрүүчүлөр Каныбек Давлетов менен Москвадагы Суриков атындагы институтта билим алып жаткан уулу Адилет Давлетовдун чыгармаларына күбө болушту. Бул көргөзмө комерциялык багыттагы иш-чара. Андыктан сүрөтчүлөр эмгектерин сатыкка коюшат.

Жума күнү улуттук филармонияда хореограф Татьяна Рохманова жетектеген “Пульс” шоу-балет театры 10 жылдык мааракесине карата концерт уюштурду. Анда шоу-балет бийчилери, окутуучулар жана бүтүрүүчүлөр катышты. Концерттин жүрүшүндө цирк өнөрпоздору менен бирге “Центрум” тобу да катышып, өнөрлөрүн тартуулашты.


Александр Галич

Москвадагы Адабиятчылардын борбордук үйүндө акын, драматург Александр Галичти эскерүү кечеси өттү. Бул кече маркумдун 90 жылдык мааракесине карата уюштурулду. Ал эми Сүрөтчүлөр академиясында Ирина Старженецкая менен Анатолий Комелиндин эмгектеринен турган сүрөт көргөзмөсү ачылды. Анда сүрөтчүлөрдүн “Кайыктагы экөө” аттуу сүрөтү коюлуп, көргөзмөгө да мына ушундай ат беришкен.

Лондондо бул аптада “Орус көркөм өнөрүнүн күнү” уюштурулду. Ага карата “Сотбис” соода үйүндө Александр Косолапов, Эрик Булатов, Александр Меламида жана башка заманбап сүрөтчүлөрдүн эмгектери сатыкка коюлду. Маалыматтарга караганда Олег Василевдин 1999-жылы иштелген “Күн батаарда” аттуу эмгеги жогорку баага татыйт.


Соня Хартнетт

Австралиялык жазуучу Соня Хартнетт Астрид Линдгрен атындагы сыйлыктын лауреаты болуп калды. Калыстар тобу аны өспүрүмдөрдүн романын жазган жаңычыл жазуучулардын бири катары баалаган. Аталган сыйлыкка 61 өлкөдөн 155 талапкер катталган.


Дима Билан, Евровидение-2006, Греция

“Евровидение-2008” сынагына Орусиядан Дима Биландын барары күтүлүүдө. Ал көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун добуштарынан натыйжасында сынакка катышууга мүмкүнчүлүк алган. Дима Билан бул сынакка экинчи ирет катышмакчы. Тактап айтканда мындан эки жыл мурда Грецияда өткөн сынакта экинчи орунга татыктуу болгон. Бул жолу ал “Ишен мага” аттуу ырын тартуулайт.

Лас-Вегаста бул жумада Бен Мезричтин “21” тасмасынын жана Хелен Хант жараткан “Анан ал мени тапты” фильминин бет ачаары болду. Бул тасмада Хант өзү да катышып, окутуучунун ролун жараткан.

Бул жумада Москвада “Орусиянын китептери” көргөзмө жарманкеси өттү. Он биринчи ирет уюштурулган иш-чарада жаңы жарык көргөн эмгектер сатыкка коюлду. Жарманкенин жүрүшүндө мыкты деп эсептелген чыгармаларга “Абзац” сыйлыгын тапшыруу аземи болду.


Иосиф Боярский

Белгилүү орус кинорежиссеру, мультипликациялык тасмалардын ишмери Иосиф Боярский 91 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маркум менен коштошуу жөрөлгөсү 14-мартта Москвадагы Киноматографисттердин үйүндө болду. “38 тоту куш”, “Менин жашыл крокодилим” жана башка белгилүү мультфильмдер Иосиф Боярскийге таандык. Ал чыгармачылык жолунда Куурчак фильмдеринин чыгармачылык өндүрүштүк бирикмесин жана анимациялык тасмаларды тарткан режиссерлордун курсун жетектеген.
XS
SM
MD
LG