Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:28

Каргашалуу Аксы окуясына алты жыл толууда. Алты жыл мурда ушул күнү Аксыда ошол кездеги депутат Азимбек Бекназаровду камактан бошотуу талабы менен чыккан элге милиция ок атып, андан 6 адам курман болгону белгилүү. Аксы эли ошондон бери окуянын чыныгы күнөөкөрлөрү жазалануусун талап кылып келет. Бирок бул окуядан улам козголгон кылмыш иши ушу күнгө дейре аягына чыкпай, бирде жабылып, бирде кайра козголуп келүүдө. Буга чейинки сот чечимдерине алымсынбаган аксылыктар эми 17-мартта Аксыда Элдик сот --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/03/1347C703-5874-4253-AEEE-A1DD0479CBFC.asp өткөрүп, чыныгы күнөөлүүлөрдү аныктап, аларды тарыхка калтырууну көздөшүүдө.

Мындан 6 жыл мурда, 2002-жылдын 17-мартында Аксыда депутат Азимбек Бекназаровду камактан бошотуу талабы менен чыккан элге милиция тарабынан ок атылып, 5 адам курман болгон. Анын эртеси 18-марттагы ок атуулардан дагы бир адам жан берген. Ошол учурдагы ачкачылык акцияларынан улам ажал тапкан комдук ишмер Шералы Назаркуловду кошо эсептегенде жалпысынан бул окуядан 7 адам шейит кеткен деп айтылып жүрөт. Мындан сырткары атылган октон 30 чакты адам жараат алган.

Аксы эли ошондон бери окуянын чыныгы күнөөкөрлөрү жазалануусун талап кылып келет. Бирок бул окуядан улам козголгон кылмыш иши ушу күнгө дейре аягына чыкпай, бирде жабылып, бирде кайра козголуп келет.



Былтыр Аксы окуясынын беш жылдыгынын алдында укук коргоочулар менен өлкө башчысынын жолугушуусунан соң Аксы окуясына байланышкан кылмыш ишин кайра кароо чечими кабыл алынган эле. Ошондон кийин башкы прокуратура ички иштер министринин мурдагы орунбасары Садырбек Дубанаевдин, ошол кездеги президенттик админстрация башчысы Аманбек Карыпкуловдун, Жалалалбат облусунун мурдагы губернатору Султан Урманаевдин, облустук милициянын ошол кездеги башчысы Кубанычбек Токобаевдин, облустун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергеновдун үстүнөн бул окуя боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деп кылмыш ишин козгогон.

Андан соң бул ишти Бишкек гарнизондук аскер соту карап, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган Садырбек Дубанаев күнөөсү далилденбегендигине байланыштуу деп актап, Кубанычбек Токобаев менен Зоотбек Кудайбергенов эки жылдык сыноо менен шарттуу түрдө беш жылга эркинен ажыраткан. Аманбек Карыпкуловдун иши болсо ден соолугуна байланыштуу убактылуу токтотулган. Аталган сот ушул айдын башында мурдагы губернатору Султан Урманаевди кылмыш кодексинин 304-беренеси боюнча айыптуу деп таап, үч жылдык сыноо мөөнөтү менен 5 жылга шарттуу кести.



Ошол эле учурда бир катар укук коргоочулар бул саясий чечим болуп калганын, Аксы окуясына түздөн-түз тиешеси бар адамдар ээн-эркин жүрүшкөнүн айтышууда. Маселен «Кылым шамы» укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдрасулова Аксы окуясына түздөн-түз тиешеси барлар жоопкерчиликке тартылбай, облустук борбордо отургандар минтип жоопко тартылып жатышын туура көрбөйт:

-Областтык борбордо отургандар жоопкерчиликке тартылып, ал эми элге түздөн-түз куралчан милиция кызматкерлерин ээрчитип, аттыргандар жоопкерчиликке тартылбай, четте калып калды. Эми көп эле адамдар ошол жерде түздөн-түз болгон. Ал эми видео тасмада көрүнүп турат, ошол жерде: “Вперед!” деп Алик Ракишев команда берип жатканы. Ошолордун бардыгы бүгүнкү күндө акталып калды дагы, областтык жетекчилер жоопкерчиликке тартылууда. Жоопкерчиликке бардыгы тегиз өзүнүн кылган кылмышына жана жасаган күнөөсүнө карата тартылышы керек болчу.

Сот өкүмүнө ыраазы болбогон aксылыктар болсо азыркы бийликтин тушунда Аксы окуясына акыйкат баа берилип, күнөөлүүлөр аныкталбайт деген бүтүм чыгарышууда.



Узап бараткан жумада башкы прокуратура 2002-жылдын 18-мартындагы ок атуулар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө кайра башталгандыгын кабарлады. Бул боюнча 18-март күнү Кербенде атып өлтүрүлгөн Элдияр Үмөталиевдин ишине байланыштуу ички иштер министринин ошол кездеги орунбасары Калмурат Садиевдин жана башка кызматтык адамдардын үстүнөн тергөө башталат.

Жабырлануучулар, айрым саясатчылар жана укук коргоочулар болсо бул иштин кайрадан тергелип башталышын Аксы окуясынын алты жылдыгынын алдында бийликтин элди алаксытуу иретинде болуп жүргөн көрүнүш катары кабылдоодо.

Аксы окуясынын беш жылдыгынын алдында, былтыр Бишкекте өткөн эскерүү кечесинде Кербенде 18-март күнү милициялар кубалап жүрүп аткан октон мерт болгон Элдияр Үмөталиевдин атасы Анарбай Үмөталиев ошол каргашаны мындайча эскерген эле:

- Менин балам ошол күнү милиция имаратынын алдында пикетте тургандар менен чогуу болгон. Колунда фотоаппараты болгон. Ошол жерде сабалгандарды кичине тарткан экен. Кечинде байкап калышып, кармап, уруп-сабай баштаганда менин балам алардын колунан бошонуп, качып кетет. Анан ок атышып, ок ташка тийип жарылып, анын бөлүктөрү жамбашынын эки жерине, кабыргасына тийет. Жарадар болгон балам тура калып дагы качканда Бөкөнбаев көчөсүндө артынан кубалап, алдынан тосуп чыккан УАЗ жарык берип, балам дубал жакка далдалана бергенде башка атышыптыр. Башынын арт жагынан кирген ок бери жагынан чыгып кеткен… Ошондон бери бул ишти тергеп, аягына чыкпай токтотуп коет, кайра баштап коет…

Бул окуяга байланыштуу кылмыш иши 2002-жылы 4-апрелде козголуп, бирок түрдүү себептер менен улам токтотулуп келген. Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Учкун Каримов “Азаттыкка” Элдияр Үмөталиевдин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин жандандырылуусу Аксы окуясын аягына чыгаруу аракети болууда деп билдирген.



Аксы окуясынын негизги себепкери деп эсептелген Азимбек Бекназаров болсо бул иштин кайра козголушун аксылыктарды алаксытуу амалы деп эсептээрин «Азаттыкка» билдирген эле:

-Былтыр Бакиев өзү Аксыга барарда ишти жандандырып барган. “Мына туура эмес жаап коюптур Конгантиев” деп, кайра келгенден кийин аны кызматтан алган. Андан бери дагы бир жыл өтпөдүбү, кайра эле жаап коюшкан. Ошондуктан, мен ойлойм, 17-мартта Элдик сот болот деген сөз чыккандан кийин эле тапкан айласы.

Азимбек Бекназаров ошондой эле 18-марттагы ок атууларга байланыштуу Кербенде коменданттык кылып жүргөн Калмурат Садиев жоопко тартылууга тийиш деп эсептейт:

-Ал иш боюнча жоопко тартыла турган болсо, 18-мартта Кербенде башкы коменданттык кылып жүргөн Садиев жооп берүүгө тийиш. Элдияр Үмөталиевдин өлүмүнө Садиев, аны менен кошо барган, жүргөн кишилер жоопко тартылууга тийиш. Ошондой эле Садиевди ал жакка жиберген кишилер да жооп бериши керек.



Аксы окуясынын беш жылдыгында, былтыр ошол 2002-жылы 17-мартында окуя болгон Боспиек деген жерде эскерүү жыйыны өткөн. Ага президент Курманбек Бакиев да катышып, бул окуя боюнча кылмыш ишин аягына чыгаруу үчүн аракеттер жасаларын билдирген эле. Митингде сүйлөгөн сөзүндө президент Курманбек Бакиев бул окуяга күнөөсү барлар жазасын алышты деп түшүндүрүүгө аракет жасаган:

- Күнөөкөр дегендердин көбү амнистия менен бошонуп кетиптир. Айрым иштер боюнча күбө өтүүчүлөр республикадан сыртка чыгып кетиптир деген өндүү шылтоолор менен иш аяктабай келатканы мени өкүндүрөт. Күнөөлүүлөр негизинен жазасын алды дейт элем. Эл-жерине батпай тентип жүрүштүн өзү да чоң жаза эмеспи. Сөз кимдер жөнүндө болуп атканын өзүңүздөр да түшүнүп турасыздар. Айрым бир саясатчылар Аксы окуясын өздөрүнүн саясий кызыкчылыктарын ишке ашыруунун куралы катары пайдалангысы келгендиги байкалууда. Кызыкдар эмес ар түрдүү күчтөр бүгүн да элдин тынчтыгын бузуп, коомчулукту чайкагысы келишүүдө. Аксы окуясынын айланасында элди кайраштырган түрдүү сөздөрдү таратууга аракеттенишкенин байкоодобуз.

Ошондо алты жыл мурдагы окуяда окко учкан Сатымбай Үркүмбаевдин апасы Камкайым эне эмдигиче күйүтү арылбагандыктан жогорку бийликке ишенбей калганын айтып, президенттен бир ай ичинде айыпкерлерди жазалоону талап кылган:

- Менин сүйлөштөн да көңүлүм калган. Баламдын айынан барбаган жерим калган жок. Эми Курманбек уулум келиптирсиң, былтыр Боспиекте убада берип, Аксы окуясын акырына чыгарабыз деген элең. Күнү-түнү сүйлөгүчүңөргө кулагымды тосуп, качан бир жыйынтыгы чыгаар экен, качан бир угаар экенмин деп. Жок. Дайыны жок. Сен деле жалганчы окшойсуң. Сен деле Акаевге окшош жалган айтат окшойсуң.

Президент Курманбек Бакиев болсо мындай өтүнүчкө жооп кылып, мыйзамдык жолдун татаалдыгын, ал илгерки падышалардай кимдир-бирөөлөрдү жазалай албасын айткан:

- Эгерде мен мурунку падышалардай болгондо силер атын атап жаткандарды башын алсам болмок. А мен андай адам эмесмин. Мен президентмин. Мамлекеттин президенти Конституциянын алкагында иштеш керек. Ошондуктан аткаруу бийлигинин, сот бийлигинин, тартип коргоо органдарынын өз милдеттери бар. Алар ошону так аткарыш керек.

Аксы окуясында жабырлангандар ошондо эле өлкө башчысынын убадасына ишенбей тургандыгын айтышкан.



Былтыркы эскерүү жыйынында Аксы окуясында курман болгон жигиттердинин биринин агасы Аваз аксаксал Аксы окуясы боюнча козголгон иш аягына чыкпай, күнөөлүүлөр жазасын албай эле кайра жогорку кызматтарда отурганын мындайча белгилеген:

- Чындыктын чекесин көрө элекпиз али. Он беш мүнөттөн кийин атабыз, тарагыла деп күпүлдөгөн ким, азыр кайсы кызматта отурат?! Бул бизди шылдыңдагандык. Кимдер атканын өзүбүз деле билебиз, бирок чындык качан болот? Жарандык ачык позициясын айткандарга ушу күнгө чейин куугунтук болууда.

Бул окуяда курман болгон дагы бир азамат Бегалы Четинбаевдин агасы Аксы алааматына саясий эмес укуктук баа берилиши зарылдыгына токтолгон эле:

- Качан чындык болот бизде? Энелерибиздин жүрөгү зыркырап, көздөрүндө жаш калбай калды…Акыркы убакта бул окуяга саясий гана баа берип койгула деген сөздөр болуп атат. Саясий баа бергидей Аксы окуясына жүз жыл боло элек. Буга укуктук баа бериш керек. Күнөөлүүлөр арабызда эле жүрөт…

Алаамат окуянын чордонунда жүргөн Аксынын Баялы аттуу тургуну болсо эртедир-кечтир бул окуяга тарых өз баасын берет деп эсептейт:

- Бул окуя качандыр бир күн өз ордун табат, чоң маанилүү окуя катары. Бул аксылыктардын кемчилиги же катасы эмес. Бул - кыргыздын тарыхында кала турган зор тарыхый окуя. Бул – кыргыздын жүрөгүндө сакталып келген, «мен кыргыздын патриотумун» деген улуттук сезимдин көрөңгөсүнөн чыккан нерсе болгон. Элдин баары көрүнгөн жакка кетип, жери сатылып, эли атыла баштаганда кыргыздын кыйкырып чыккан дарамет-күчү болгон.

Ошентип каргашалуу Аксы окуясына алты жыл толуп отурат. Буга чейинки сот чечимдерине алымсынбаган аксылыктар болсо эми бул окуянын алты жылдыгында элдик сот өткөрүүнү көздөөдө. Буга чейин Азимбек Бекназаров «Элдик сот албетте укуктук күчкө ээ болбойт, бирок анын чыгарган жыйынтыгы саясий адеп-ахлактын чечими болот», - деп билдирген эле.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG