Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:56

МОСКВА АБХАЗИЯ, ТҮШТҮК ОСЕТИЯ ЖАНА ПРИДНЕСТРОВЬЕ ҮЧҮН ЖАҢЫ СТАТУС БЫЧУУДА


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын Мамлекеттик Думасы келе жаткан бейшембиде таанылбаган жумурияттар статусунун долбоорун карап чыкмакчы. Өз алдынча мамлекет болууга умтулуп келаткан Абхазия, Түштүк Осетия жана Приднестровье өздөрүнүн маселесин коюп атайын Москвага кайрылышкан. Мамдумада 13-мартта ал маселе боюнча жүргөн талкууда КМШ иштери боюнча жана мекендештер менен байланыш комитети Абхазия, Түштүк Осетия жана Приднестровьеге мамилени өзгөртүү керектигин талап кылган. Ал туурасында комитеттин төрагасы Алексей Островский айткан жана андай мамиленин бири Орусиялык өкүмөттүн ал жумурияттарда өз өкүлчүлүктөрүн ачышы болот деген.

КМШ алкагындагы таанылбаган жумурияттар маселесин кароону Мамдума 19-мартка божомолдоп атат. Бул туурасында КМШ иштери боюнча жана мекендештер менен байланыш комитетинин төрагасы Алексей Островский, таанылбаган үч жумурият арыздары каралгандан соң 13-март күнү журналисттер алдында айткан.

«Депутаттар ал күнү өкүмөттүн ал өлкөлөрдө Орусиянын өкүлдүгүн ачып, товарларды бажылык акысыз алып өтүү, ал жактарда жашап аткан орусиялык атуулдарга колдоо көргөзүү маселелерин карап чыгууну тапшырган», - деп жазат «Газета» басылмасы.

Баса, Кремль бийлиги Тбилиси менен оту күйүшпөгөндөн тарта ал жакта жашаган тургундардын басымдуу көпчүлүгү Орусиянын атуулдугуна алына баштаган. Ошондон улам болсо керек, Түштүк Осетия парламентинин төрагасына орун басар Юрий Дзицойти кеткен бейшембиде депутаттар алдында: «жумурияттын тургундарынын 90 пайызга чукулу орусиялык атуул болуп эсептелишет», - деди.

Мамдума ал маселени жабык эшик артында караган. Олтурумга таанылбаган үч жумурияттан президенттер баштаган делегация катышкан.



Күн тартибине ал маселени даярдаган комитеттин төрагасы Алексей Островский айтканга караганда, анын өлкөсү Абхазия менен Түштүк Осетияга калганда «катуу турат»:

«Аталган жумурияттар менен өкүмөт соода-экономикалык, согуштук-патриоттук кызматташууларынын көлөмүн өзгөртөт».

Ошол эле учурда Маскөөнү өзүнүн автономдуу жумурияттары кылчак каратууда. Алардын эгемендикти самашканын Чеченстандын мисалы эле кашкайта көрсөтүп турат дешет. Кийинки жылдары аягы көзгө көрүбөй уланып келе жаткан жикчилдер менен болуп аткан согуш анын бир мисалы болуп саналат.

Кремлдик бийликке жакын турган саясатчы, Мамдумага депутат Сергей Марков айтканга караганда Кошмо Штаттары жана НАТОго мүчө башка өлкөлөрдүн Косово окуясына карата жасашкан адепсиз жүрүм-турумуна Россия кандайдыр бир жооп жасашы керек эле.

Саясатчы андан аркы кебинде «Кантсе да биз Пандора үкөгүн ачууга шашылбайбыз. Биз Абхазия, Түштүк Осетия жана Приднестровье жумурияттарын таануу же тааныбоо маселесин бул качан кабыргасынан коюла баштаганда гана чечебиз. Андай маанайдын эртелеп жаралышына кокусунан чыккан окуя деле түрткү болушу ыктымал... Кандай болгондо да, орусиялык көптөгөн саясатчылар карманган жолу, Грузия каалайт экен НАТОго бара берсин, бирок ал уюмга анда ал Абхазия, Түштүк Осетиясыз кошулат» - деген.
XS
SM
MD
LG