Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:58

Бүгүн Аксы районунда Каражыгач айылында алты жыл мурун кан төгүлгөн окуя боюнча Элдик сот өтүүдө. Ага “Аксы окуясынын” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/03/1347C703-5874-4253-AEEE-A1DD0479CBFC.ASP күнөөкөрлөрү катары кырктан ашуун, күбө катары 50дөн ашуун адам чакырылган. 2002-жылдын 17-мартында ошол кездеги депутат Азимбек Бекназаровду камактан бошотуу талабы менен чыккан элге милиция тарабынан ок атылып, андан алты адам курман болгону белгилүү.

Аксылык жабырлануучулар алты адамдын өмүрүн алып кеткен ок атууга азыркы бийлик тарабынан да акыйкат баа берилбейт, деген бүтүм менен Аксы окуясына Элдик сот аркылуу баа берүүнү чечишкен. Аксы окуясы боюнча элдин атынан айыптоочу катары Сартпай Жайчибеков, Топчубек Тургуналиев, Дооронбек Садырбаев, Төлөйкан Исмаилова сыяктуу коомдук ишмерлер чыгып сүйлөп, Аксы окуясында айыбы бар деп өткөн жылы парламенттик комиссия тапкан 42 адамдын атын аташты. Алардын арасында президент Аскар Акаевден тартып, ошол тушта жооптуу кызматтарда отурган бардык аткаминерлер, анын ичинде азыркы президент Курманбек Бакиев, жергиликтүү бийлик жана күч органдарынын жетекчилери жана журналисттер да бар. Элдик сотто чыгып сүйлөгөндөр бир эле учурда Аксы окуясын адилет тергебеген, адилет өкүм чыгарбаган укук коргоо жана сот органдарынын өкүлдөрүн дагы айыпкерлердин катарына кошуу жөнүндө сунуш айтышты.
XS
SM
MD
LG