Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:16

14:40 “Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөлөрүн милиция дагы кармап кетти


Бүгүн түштөн кийин Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы аянтта аталган кыймылдын жыйырмадан ашык мүчөсү парламенттин азыркы курамынын тарашын талап кылып нааразылык иш-чара уюштурду. Баштарына койдун башы тартылган сүрөтү бар кагаз тагып, парламентте койдой башкарылгандар отурат дешип колдоруна “бул айтылгандардын баары ойдон чыгарылган, кандайдыр бир окшоштуктар болсо, ал кокусунан” деген жазууларды кармап турушту. 10 мүнөттөй тургандан кийин жаштар таркап бараткан жеринен милиция алардын иш-аракеттери мыйзамсыз деп кармап Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетти. "Мен ишенбейм"кыймылы былтыр парламенттик шайлоодон кийин, анын жыйынтыгына нааразыланган жаштар тарабынан түзүлгөн.(EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG