Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

14:56 Биринчи май райондук сотунда А.Салиевдин гезиттерге каршы берген доо арызы карала баштады


Президентин бир тууган иниси Жаныбек Бакиевдин уулу Асылбек Салиев «Де факто» жана «Алиби» гезиттерин сотко берген. Ал гезиттерде жарыяланган макалада ар намысыма шек келтирилген деп, редакциялардан 1 миллион сомдон, макаланын авторлорунан 500 миң сомдон өндүрүп берүүнү талап кылган. Арызды судья Мадина Давлеталиева кароодо. Сотко Асылбек Салиев келген жок. Ал чет өлкөдө окуусунда экени кабарланды. Анын кызыкчылыгын адвокаты коргоодо.Соттун башталышында «Алиби» гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков Асылбек Салиевге каршы жазылган доо арызын судьяга тапшырды. Жээнбеков ошондой эле соттук териштирүүгө Асылбек Салиев тиешеси бар шектелген жол кырсыгын тергеген тергөөчү, МАИ кызматкерлеринин сотко келишин талап кылды. Судья Давлеталиева арызды кабыл алып, кароого киришти. (AiT)

XS
SM
MD
LG