Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:00

Төрөкул Дооров, Токио Масааки Сасаки (Masaaki Sasaki) – жапониялык журналист. Алгач Жапониянын Осака шаарындагы Чет тилдер институтунда орус тилин окуган Сасааки сан кийин билимин Москва мамлекеттик университетинин Журналистика факультетинде өркүндөттү. Азыр болсо ал Жапониядагы эң белгилүү беш гезиттин биринде, “Санкей Симбун” (“Sankei Shimbun”) басылмасында иштейт. Сасааки сан менен кабарчыбыз Төрөкул Дооров жакында Токиодо көрүшүп, журналисттердин эркиндиги, жапон маалымат каражаттары тууралуу баарлашкан эле.

Кабарчыбыздын алгачкы суроосу Жапониядагы жаш журналисттер тууралуу болду.

Масааки Сасаки: Билесизби, жапондор мезгилдүү басылмаларды, өзгөчө, гезиттерди окуганды жактырышат. Жапон элин дүйнө жүзүндө гезитти эң көп окуган эл деп билишет. Мисалы, мен иштеген “Санкей Симбун” гезити эки миллион нуска менен чыгат. Ал эми “Йомиури Симбун” (“Yomiuri Shimbun”) гезити биздикинен да көп нуска менен басылат – аларда 10 миллион нуска.

Бирок соңку мезгилдерде биздеги гезиттер жаңы проблемага туш боло башташты – жаштар басымаларды окубай калышты. Менимче, сиздерде, Кыргызстанда да, ушундай эле маселе бар болсо керек. Гезит барактагандын ордуна азыркы жаштар телевизор көргөндү, компьютердик оюндарда ойногонду, интернетке киргенди жакшы көрүшөт. Ошондуктан азыр жапон маалымат мейкиндигинде чоң реформалар жүрүп жатат. Бул, эң оболу, интернетти колдонуп, жаңы медия форматтарын жаратуу.

Интернетте азыр биздин гезиттин да расмий сайты бар. Ал жерде кабар-макалаларды акысыз окуганга болот. Биз, аны менен катар, жарнамадан да акча иштеп калганга аракет кылабыз. Бирок андан түшкөн кирешенин өзү эч нерсеге жетпейт. Ошондуктан азыр гезит жетекчиликтери кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Журналисттер болсо мурдагыдай жөн эле макала жазып тим болбостон, окуяны сүрөткө да тартып, керек болсо, видеого да алып, үнүн жаздырып, бир топ форматтарда иштегенге үйрөнүп жатышат. Мурда мындай болгон эмес.





Төрөкул Дооров: Масааки сан, демек, сиздерде азыр бир эле медиа уюм, эгерде ал радио болсо, жалаң эле радио менен иштебей, гезит да чыгарып, интернетте сайтын иштетип, сыналгыга да иштеп жаткан турбайбы. Сизге маалымат катары айтып кетейин, мисалы, мен иштеген “Азаттык” радиосунда да жумуш ушундай тартипте коюлган. Бизде радио-программалар менен кошо теле-долбоорлорубуз бар, андан сырткары, интернетке да чыгабыз. Журналистикадагы ушундай ар тараптуу татаал схемада мурдагы жанрлар ортосундагы чек жоголуп бараткандай туюлат. Бул, сиздин оюңузча, эмнени билдирет?

Масааки Сасаки: Биринчиден, бизде гезит чыгарган ишканалар аябай көп экенин айткым келет. Азыр алардын саны 100дөн ашуун болсо керек. Жергиликтүү эксперттердин азыр Жапония үчүн гезиттердин саны өтө эле көп болуп кеткенин айтып чыгышты. Менимче, беш жылдан кийин биздин гезиттер банкротко учурашы мүмкүн. Андан ары бир топ компаниялар биригиши да ыктымал, же чет-элдик инвестициялык компаниялар биздин гезиттерди сатып алышы мүмкүн. Мындай тенденция азыр АКШда, Францияда, Орусияда байкалууда. Азырынча бирок Жапонияда мындай чоң өзгөрүүлөр боло элек.



Төрөкул Дооров: Демек, сиздин оюңузда, гезит маалымат каражаты катары такыр эле жок болуп кетиши мүмкүнбү?

Масааки Сасаки: Кагазды кармалап, гезитти барактап маалымат алуу, албетте, керек. Ошол эле учурда, азыр Жапонияда карасаңыз адамдар эркин эле чөнтөк телефондорунан гезиттин жаңы санын карап, же сыналгы программаларын көрө алышат. 20-30 жылдан кийин, менимче, такыр эле башка, жаңы маалымат булактары, каражаттары пайда болушу мүмкүн. Азыр эгер бизде төрт башка маалымат каражаты болсо (булар: сыналгы, үналгы, гезиттер жана журналдар), барган сайын алар бир маалымат каражатына айланат окшойт. Ошондо бир эле чоң компанияда журналисттердин бир тобу макалаларды жазып, гезитти бергенге шашылса, алардын ошол эле кабарын сыналгыдан программанын алып баруучулары түз ободо окуй алышат. Биздеги маалымат мейкиндигиндеги реформанын түпкү мааниси ушунда деп ойлойм.



Төрөкул Дооров: Масааки сан, Жапонияда сөз эркиндиги барбы?

Масааки Сасаки: Сөз эркиндиги, басма сөз эркиндиги – мени өтө кызыктырган маселелерден. Мен сиздердин өлкөдө, жалпы Борбор Азияда, сөз эркиндиги кандай экендигин да билгим келет. Бизде, тилекке каршы, Борбор Азия мамлекеттериндеги журналисттердин абалы туралуу маалымат аз. Сиздердин региондо маалымат каражаттарына бийликтин, өкмөттөрдүн көзөмөлү күчтүү деп угуп калам.

Жапонияда, мисалы, басма сөз эркин деп айтаар элем. Биз маалыматты эркин топтоп, окуяларды эркин жайылта алабыз алабыз. Бирок айрым этикалык маселелер бар. Жапонияда азыр адамдар өзүн-өзү өлтүргөн фактылар көп экенин билсеңиз керек. Айталы, Токиодо ошондой окуя болуп калса, маалымат каражаттары ал тууралуу кабарлагандан кийин өлкөнүн ар кайсыл региондорунда жанкечтилик фактылары көбөйүшү мүмкүн. Башкача айтканда, бул вирус сыяктуу.



Төрөкул Дооров: Бирок мен басма сөз эркиндиги деп, башка мааниден суроо берейин дегем. Айталы, өкмөт туура эмес кадамга барып жатса, сиз иштеген “Санкей Симбун” гезити, мисалы: “Туугандар, силер туура эмес кылып жатасыңар!”, - деп ачык жазып чыга алабы?

Масааки Сасаки: Албетте. Бизде, мисалы, бийликтердин иштерин сындаган курч макалалар көп басылат. Кайсыл бийлик болбосун, албетте, маалыматты, чындыкты жашырганга аракет кылат деңизчи. Бирок аны эл кийин билер-билбеши – журналисттин жөндөмүнө жараша болот да. Бирок маалымат каражаттары айтып жаткан сынга бийлик көңүл бурса гана ачык, өнүккөн коом жаралышы мүмкүн. Жапонияда азыр басма сөз эркиндиги деген проблема курч турган жок, журналисттердин эркиндиги биздин салтка айланып калган. Бирок бизде деле Экинчи дүйнөлүк согушка чейин сөз эркиндиги деген түшүнүк болгон эмес го дейм.

Төрөкул Дооров: Кызыктуу маегиңиз үчүн чоң рахмат.

Масааки Сасаки: Рахмат!
XS
SM
MD
LG