Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:04

15:39 «Жаңы Кыргызстан» шайлоо жыйынтыктарын жарыялоону БШКдан талап кылууда


Шайлоонун жыйынтыктарын расмий жарыялоону талап кылган Кайрылуу БШКга жолдонгонун партиянын түштүк аймактык лидери Керим Макеев 17-мартта «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында, Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыктары эмдигиче расмий жарыя кылына элек. Алардын байкоочуларынын пикиринде, добуш берүүлөр айрыкча Ош облусунда жана шаарында каалагандай бурмаланган. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мухтар Пайзилдаев республика бир округ болуп эсептелгендиктен, жалпы жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы угузаарын, а өздөрү 16-декабрда эле вазийпасынан кутулганын, учурда Жогорку Кеңеш куралып, толук кандуу иштеп жаткандыгын эске салды. (АТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG