Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

ИЛИМ КАРЫПБЕКОВ: АКСЫ ОКУЯЛАРЫНДА ЖУРНАЛИСТТЕРДИН ДА ЖООПКЕРЧИЛИГИ БАР


“Азаттыктын” таңкы уктурууларынын кезектеги маектеши “Медиа өкүл” институтунун директору Илим Карыпбеков болду.

- Илим мырза, Аксы окуясынын алдында депутат Азимбек Бекназаровдун камакка алынышын, 17-18-марттагы ок атууларды жана андан кийинки окуяларды эркин жана өкмөтчүл маалымат каражаттары эки башка чагылдырып, акырында ошол кездеги президент Аскар Акаев айрым маалымат каражаттарын маалымат террорун жүргүздү деп кинелеген. Ал эми 2005-жылдан кийин окуяны иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Дооронбек Садырбаев туура эмес чагылдырганы үчүн он чакты журналист жоопко тартылыш керек деген эле. Сиздин оюңузча ушундай опурталдуу окуяларды чагылдырууда маалымат каражаттарында башкы принцип эмне болуш керек?

- Башкы принцип журналисттерге белгилүү, албетте объективдүүлүк жана ар тараптуулук болуш керек. Аксы окуялары боюнча Бекназаровдун комиссиясынын ой-пикирине жана позициясына кошулам. Чынында эле ошондой болгон. Акаев жагынан маалыматты бекиткенге, аны бир түстө жүргүзгөнгө аракет кылынган. Бирок маалымат деген бул булактан чыккан суудай, аны бир жакка буруп, бир нукта же колдо кармаш абдан кыйын. Баары бир маалымат элге жетет. Бирок элге жеткенде тилекке каршы туура эмес жетип калып атат. Аягына жеткенге чейин өзгөрүлүп, элдин кыжырын келтирип атат.

- Мына бүгүн Аксыдагы элдик сотто бийликтин, же башка тараптын сөзүн сүйлөгөн деп журналисттерди жоопко тартуу маселеси көтөрүлө турган болсо, мындан бир нече жыл илгерки маалыматтар негиз болуп бере алабы?

- Азыр эми аларды жоопко тартыш абдан кыйын болот. Себеби ошол учурда жоопко тартып, ошол учурдун негизинде кылыш керек болчу. Бирок эгерде ошол жерде иштеп аткан, ошонун негизинде далилдеп бере турган адамдар болсо, анда аны кароого биз макулбуз. Бирок аны жоопко тартыш абдан кыйын бир четинен. Экинчи четинен мен каршымын, себеби эгерде ошол опурталдуу, адамдын өмүрлөрү кыйылып кеткен учурда журналисттерди чыныгы жоопко тартпагандан кийин, мен ойлойм анчалык далилдери жок, ошол себептен жоопко тартылган жок деп.

- Азыр өкмөтчүл маалымат каражаттары бийликтин гана жасаган иштерин кабарлап, маселен бүгүн Аксыда боло турган элдик сот сыяктуу окуларды көз жаздымда калтырып жатышат. Тескерисинче, эл оозунда жүргөн айрым окуялар тууралуу ачык жазган гезиттер сотко тартылып, ооздуктала баштады. Маселен бүгүн “Де факто” жана “Алиби” гезиттерине каршы Жаныш Бакиевдин баласы берген доо арыз каралат. Коомдо болсо элди кызыктырган окуя жазылбайт деп журналисттерди кинелөө күч. Бирок коом байкоочу гана болуп сырттан көз салып турат. Өзү көрүп турган окуя тууралуу жаза албаган журналистти же ММКны коргоодо коом кандай роль ойнош керек?

- Коом дагы албетте аракет кылыш керек. Себеби коом азыр жалпыга маалымдоо каражаттары, басма сөздөр бир түстүү болуп атат десе, ошол эле “Де фактону”, ошол эле “Алибини” ж.б. көз карандысыз маалыматтарды, расмий булактарды карап окуп чыгып, анан ортосундагы маалыматты өзү иргеп алыш керек. Себеби “Де фактодогу”, “Алибидеги” маалыматтар таптакыр эле объективдүү деп айтканга болбойт. Практикада оппозициялык гезиттер дагы бир тараптуу болот. Ошондуктан расмий гезиттерди да, оппозициялык гезиттерди да окуш керек, анан ортодон маалымат алганда ошол объективдүү маалымат болуп эсептелет. Тилекке каршы толук ар тараптуу, толук объективдүү маалыматты берген ММКлар азыр Кыргыз Республикасында жок.

- Маегиңизиге чоң ырахмат.

Маектешкен Бүбүкан Досалиева
XS
SM
MD
LG