Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

АКСЫ ОКУЯСЫНА АЙЫПКЕРЛЕРДИН БАШЫНДА АКАЕВ ЖАНА БАКИЕВ


17-мартта Жалалабат облусунда “Аксы окуясы” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2007/03/51F6A082-5974-4597-B681-F0EAA95F57C6.asp боюнча Элдик соттун кеңешмеси өттү. Аксылык жабырлануучулардын демилгесинин негизинде Аксы окуясынын алты жылдыгына карата уюштурулган элдик сотко аксылыктардан тышкары оппозициялык саясатчылардын, укук коргоочулардын өкүлдөрү катышты. Элдик сотко расмий өкүлдөр келген жок. Элдик сот мурдагы жана азыркы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев баш болгон 41 адамды Аксы окуясына түздөн-түз күнөөлүү деп тапты.

Элдик сот алты жыл мурда октон каза болгон адамдардын арбагына райондук Каражыгач айылында куран окуу менен башталды. Анда соттун катышуучулары башында Эдил Керимкулов турган соттун курамы Аксы окуясы боюнча айыпталып жаткан кызмат адамдары бүгүнкү сотко келбегенин маалым кылды. Соттун жүрүшүндө буга чейин жана ушу тапта окуянын күнөөкөрлөрү табылбагандыгына, жабырлануучулар талап кылып жүргөн бийлик башчыларынын жоопко тартылбагандыгына нааразылык билдирилди. Беш кишиден турган мамлекеттик айыптоочулар жана адвокат Сартпай Жайчыбеков тергөө ишиндеги жана аскердик сот мезгилиндеги кемчиликтерге токтолушту. Элдик сотто жабырлануучулар да көрсөтмө берип чыгышты. Элдик айыптоочу Жайчыбеков Аксы окуясы боюнча экс- президент Аскар Акаев, азыркы президент Курманбек Бакиев, президенттик администрациянын мурдагы башчысы Аманбек Карыпкулов, экс-прокурор Чубак Абышкаев, ички иштер министри Темирбек Акматалиев жана анын орунбасары Калмурат Садиевдин тиешеси бар экендигин белгиледи:

- Мен ошондо чет өлкөдө болчумун деген. Жумалиевди сураганда мындай деген жери бар, Аксыда тополоң чыккандан кийин мен Бакиевдин совещаниесинде отурсам, мени чакырып алып, Аксыдан чыккан жигиттерди ээрчитип учак менен учуп бар, болбойт дегенде, мен аксылык 29 адамды чогултуп алып учуп келдим. Ал эгерде чет өлкөдө жүргөн болсо Бакиев Жумалиевди кайдан алып келип жүрөт. Бакиевдин кол койгонго акысы жок болчу. «Тайфун» операциясы анын полномочиесине кирбей турган нерсе.

Айыптоочулар тобунун төрагасы Дооронбек Садырбаев окуя маалында өкмөттүк маалымат каражаттары бир жактуу маалымат таркатып, окуянын курчушуна себепкер болгондугун мындайча айтты:

- Эки жактан тең маалымат берилди. Ошон үчүн урматтуу соттор мен Жогорку Кеңештин парламентинин комиссиясы киргизген 41 адамдын ар бирин изилдеп текшерип чыктым. Мен ушулардын бардыгын айыптуу деп табышыңарды суранам.

Милициянын отставкадагы полковниги Мойдун Мамажановдун пикири боюнча Аксы окуясы боюнча аскердик сот болуп, ага айыптуу аталгандарга шарттуу жаза берилген. 2002-жылы Боспиекте болгон алаамат боюнча кайра тергөө жүргүзүп элге ок аткандарды табуу керек деп айтты.

“Асаба” партиясынын төрагасы Азимбек Бекназаров Аксы окуясы бийликтин чоң кылмыш экендигин жана Курманбек Бакиев президент болуп турганда адилеттүү сот жүрбөй тургандыгын белгиледи. Курман болгондорду бүгүн эскергени келген ардагер Анарбек Курманкулов окуяны мыйзамдуу сот жолу менен териштирүүнү сунуш кылды:

- Мамлекеттин тийиштүү органдарына билдирип, дагы бир сыйра аксылыктардын, жалпы кыргыз элинин атынан билдирип, ушунун акырына чыккыла деп койсо жакшы болот эле.

Элдик соттун өкүмү менен кызмат абалынан кыянат пайдаланган делинип мурдагы президент Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев окуяга түздөн-түз жана башкы күнөөлүү деп табылышты. Өкүмдү элдик соттун мүчөсү Мукар Чолпонбаев окуп берди:

- Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев жана премьер-министр Бакиев Курманбек мамлекеттин жана өкмөттүн башчысы катары Конституциянын жана элдин укуктарынын гаранты катары жана жеке милдеткерлер катары 2002-жылы 17-18-мартта Жалалабат облусунун Аксы районунда тынч элди атууну уюштурууга жана аткарууга башкы жана түздөн-түз күнөөлүү деп табылсын. Өз кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, бийликке жагуу максатында тынч элди атууга жол берген, уюштурган жана аткарган кызматчылар Карыпкулов, Абышкаев, Акматалиев, Сакиев, Акиев, Иманкулов, Токобаев, Думанаев, Кудайбергенов, Осмонов, Кулуев, Калбаевдер күнөөлүү деп табылсын.

XS
SM
MD
LG