Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

2005-жылы март окуясынын чыгуусуна мурунку президент Аскар Акаевдин жанындагы генералдардын канчалык тиешеси бар. Коомдук тартипти сактап калууга алардын чамасы эмне себептен жеткен жок? Азыркы кезде ал генералдар кайда жана эмне иш менен алек болуп жүрөт?

2005-жылдагы март окуясынын алдында мурунку президент Аскар Акаевдин айланасында генералдардын тобу болгон. Алар 24-мартта өкмөт үйүндө болушкан. Мына ошонун айынан демонстранттардын колунан запкы көргөнү да белгилүү. Алардын катарында мурунку президенттин эң жакын жөкөрлөрүнүн бири генерал-лейтенант Болотбек Жанузаков, андан сырткары генералдар Эсен Топоев, Абдыгул Чотбаев, Калык Иманкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев болгон. Дал ушул Кеңешбек Дүйшөбаев март окуясына бир күн калганда ички иштер министри болуп дайындалган. Ага министр эле эмес, вице-премьер-министр кызматы да берилип, күч структураларын координациялоочу даражага көтөрүлгөн.

2007-жылы парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» партиясынын талапкерлинин тизмесинин алдыңкы катарларында болгон генерал-майор Бакирдин Субанбеков болсо 23-мартта ички иштер министри кызматынан бошотулган. Ал Ош, Жалалабад облустук администрацияларынын имаратын митингчилерден бошотууда ийгиликке жетише алган эмес.

Аскар Акаевдин айланасындагы мына ушул генералдар бийликтин, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылыш керек эле. Бирок эмне үчүн ал генералдар коопсуздукту камсыз кыла алган жок? Аны камсыздоо үчүн атайын каражаттарды пайдаланууга батына алган эмес?

Бул суроону ошол кездеги ички иштер министри Кеңешбек Дүйшөбаевге бергенибизде, ал кезде милиция колунда да атайын каражаттары болгондугун, бирок пайдаланылбаган себебин мындайча түшүндүрдү:

- Ал кезде бар болчу. Анан биз өзүбүздүн элибизге каршы атайын каражаттарды кантип колдонобуз? Биз атайын каражатсыз эле эл менен сүйлөшүп, мыйзамдуу түрдө маселени чечүүгө аракеттенчүбүз. Биз азыркыдай аткылап, дубинка менен чапкан эмеспиз. Мен ойлоймун, ал биздин ошол кездеги кызматкерлердин интеллектуалдык, кесиптик деңгээлинин жогорулугунан болуш керек. Биз элди автомат менен атабыз, бийликти курал менен коргойбуз, Акүйгө келгендерди колу-бутун чагабыз деп айткан эмеспиз да .

Генерал-лейтенант Болот Жанузаков Акаевдин мезгилинде атайын каражаттардын пайдаланылбаганын ал кездеги бийликтин демократиялуугу менен байланыштырат:

-Ал убакта андай каражатты пайдалануунун да кажети жок болчу. Анткени айтайын дегеним, бул-митинг өткөрүү, пикетке, демонстрацияга чыгуу ар бир адамдын конституциялык укугу. Өзүнүн мүдөөсүн, өзүнүн талабын митингдерде коюп, митингдер аркылуу бийликке жеткирүү-бул ар бир адамдын конституциялык укугу. Ошон үчүн 23-мартта дагы, 24-мартта дагы Аскар Акаев айткан: «Митинг өткөрөбүз деп жатышат. Мейли өткөрүшсун. Кандай маселелерди коюшат, кандай талаптар болот. Кандай орчундуу маселелер болот. Ошонун баарын тактагыла. Анан кийин убагы менен баарын чечебиз»- деген. Себеби митинг өткөрүүнү ар кандай каражат пайдаланып, камап, талкалап жоготом дегендин өзү биздин демократиялык принципке да каршы келген. Мунун баары ал убакта мыйзам ченемдүү көрүнүш болчу. Кийинки убакта кандай болуп калганын өзүңүздөр көрүп жатасыздар.

Болот Жанузаковдун ал кызматта кезинде Аксыда атайын каражат эмес, кадимки ок менен бийлик өз элин атканын, акыйкат издеп келген атуулдарды Бишкекте кууп, сабап таратып, итке талатылганын кайда катабыз деген суроого жообу мындай болду:

-Мен негизги биздин конституциялык принциптерди айтып жатам. Эгерде митинг өткөрүп, ошол митингде коюлган маселелер элдин мүдөөсүн чагылдыра турган болсо-андай иштерге бийлик эч качан тоскоолдук кылынган эмес. Ал эми миңдеген киши чогулган жерде абал өтө курч болот. Бирөөнүн сөзү экинчисине жакпайт. Бирөөнүн күлгөнү башкасына жакпайт.

Эки генерал тең 24-мартта Акүйгө чабуул болот деп күткөн эмес. Ал эми митингге чыккан элге кол салган ак шапкечендерди азыркы бийлик уюштурган чагымчылар деп эскерет.

-Эми азыр ойлоп жатам, ошол ак шапкечендерди ошондогу ыңкылапчылар даярдаган деп. Анткени андан бери үч жыл өттү, анан ошол мезгилден бери ак шапкечендер ким экенин, жетекчиси ким экенин азыркы бийлик аныктай элек. Демек алар өздөрү даярдаган чагымчылар.

«Ар-Намыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин пикиринде, ал кезде демократия болуп, адам укуктары сыйлангандан тартип коргоо органдары күч колдонууга барган эмес деген жүйөө суу кечпейт:

-Алар тарабынан демократия, адам укугунун сакталышы жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Алар андай миинстрлер эмес болчу. Аны мен кайсы жерде болбосун айта алам. Ал кездеги министрлер биринчиден мындай окуяга даяр эмес эле. Экинчиден, алар менин оюмча элге каршы күч колдонгон жок. Анын келечеги жок экенин түшүнүп, ошондой чечимге келишкен. Буларда митингчилердин мизин майтаруу боюнча план болгон эмес.Экинчиден, Аксы окуясынан кийин алар кичине сак болуп калышкан. Үчүнчүдөн, азыркы күч министрлер күч колдонуу боюнча тажрыйбасы башкача болуп калды. Булар күч колдонуудан коркпой калышты.

Ал эми саясат таануучу Орозбек Молдалиев Акаевдин айланасындагы генералдардын коомдук тартипти сактай албай калышынын себебин мындан көрөт:

-Бул жерде аларда так маалымат болгон эмес. Бир жагынан алганда так маалыматтын деле кереги жок болчу. Элге чыгып эле мен күзүндө президенттик шайлоого барбаймын. Күзүндө мен кетемин. Жаңы президенттик шайлоо өткөрөбүз деген эле сөз керек болчу элге. Анын экинчи сөзү менен туура эмес болгон шайлоолорду сот аркылуу кайра өткөрөбүз деп коюш керек эле. Ушинтиңиз, ушуну жасап коюңуз дегендер Акаевдин айланасында болгон жок. Бернстын мындай сөзү бар: Падыша малайын генерал кылып дайындай алат. Бирок чынчыл кылып дайындай албайт. Ошон үчүн генералдарды топтогон менен алардын арасында баарын талдап, чындыкты айтып берген генералы болгон эмес.

Молдалиев ошондой эле Акаевдин мезгилиндеги генералдар антынан тайып, 24-мартта өлкөдө коопсуздукту, тартипти камсыз кыла албады деп эсептейт. 24-мартта талап-тоноочулукка байланыштуу ошондо бийликке келген күчтөрдү да Молдалиев айыптап, алар жок дегенде Спартак стадионунда оюн-зоок уюштурганда жаштарды көзөмөлдөн чыгарбоого болоор эле деген пикирин кошумчалады.

Жалпысынан демократия деген биринчиден тартип, бийлик тартипти коргоого милдеттүү деп эсептейт Молдалиев:

-Демократия деген бул биринчи кезекте тартип дегенди билдирет. Мен Франция деген жана башка демократиялык мамлекеттерде демонстрация болуп жаткан жерлерден көрдүм.ңеши Ушул демонстрациялар болуп жаткан убакта тартип коргоо органдары ошого жараша чара көрүшөт экен. Демократия болсо эле митинге чыккандарды жөн коет деген эч бир мамлекетте жок. Демократияда тартиптин сакчылыгы болуш керек. Анархияны демократия деп түшүнүүгө болбойт.

24-марттан кийин Аскар Акаевдин айланасындагы көпчүлүк генералдар кызматынан бошоп кеткен. Алардын тагдыры тууралуу Болот Жанузаков буларды айтты:

-Биз бардыгы менен кез-кезинде жолугушуп калабыз. Ошол генералдардын көпчүлүгү азыр ишсиз жүрөт. Ар кимиси колунан келген оокатын тырмаңдап жасап атат.

Ал генералдар ичинен генерал-полковник Эсен Топоев дароо эле Россияга кеткени, бул өлкөнүн коргоо министрлигинде иштеп атканы кабарланган. Ал эми генерал Абдыгул Чотбаев болсо Бишкек шаардык кеңешинин депутаты.Ушул кезге чейин депутаттык милдетин аткарып келатат. Ооганчылар партиясы менен өткөн жылы парламенттик шайлоого катышууга аракет жасап, бирок анысынан майнап чыкпай калган.
Генерал-майор Бакирдин Субанбеков да саясатка кайта келүүгө аракет жасап, «Атамекен» партиясынын тизмеси боюнча парламенттик шайлоого катышкан. Ал эми Калык Иманкулов оппозиция катарына кошулганын жарыялап, Феликс Кулов түзгөн Бириккен фронтко кошулган.

Азыркы бийликтин өзүнүн жакын туткан генералдары бар. Алар ички иштер министри Молдомуса Конгантиев, коргоо министри Исмаил Исаков, улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Мурат Суталинов. Булардын ичинен Мурат Суталинов оппозициялык митингдерди таркатуу боюнча олуттуу тажрыйбага ээ болуп калганы баарына белгилүү.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG