Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:08

Аманбек Жапаров,Бишкек Бир катар министрлер 2005-жылы 24-мартта Бишкектин Алатоо аянтында митингде элге баш көз болуп жүрүшсө, айрымдары окуянын жүрүшүнө күбө болушканын билдиришти. Кабарчыбыз Аманбек Дилденбай азыркы өкмөт курамындагы кээ бир “атка минерлер” менен баарлашып, март ыңкылабын эскерди.

Мындан үч жыл мурда 24-мартта мурдагы премьер-министр Алмаз Атамбаев, азыркы өкмөт курамындагы билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова, ЮНЕСКО иштери боюнча жооптуу катчы Жыпар Жекшеев, акыйкатчы Турсунбек Акун, УТРКнын жетекчиси Мелис Эшимканов, СДПдан Жогорку Кеңештеги депутат Роза Отунбаева, мурдагы мамкатчы Дастан Сарыгулов, «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев, банкир Болот Байкожоев, «Асаба» партиясынын лидери Азимбек Бекназаров, экс-депутат Дооронбек Садырбаев жана бир катар саясатчылар Бишкектин Алатоо аянтында митингди баштап жүрүшкөн.

Миграция жана ишке жайгаштыруу боюнча мамкомитеттин төрайымы Айгүл Рыскулова болсо 24-мартта Ош шаарында ошол кезде парламенттик шайлоодо депутатыкка талапкер Акматбек Келдибековдун шайлоо штабын жетектеп жүргөнүн билдирди. Айрым министрлерден жана бийлик өкүлдөрүнөн 24-мартта кайда болушканы тууралуу ар кандай себептерге байланыштуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал эми коргоо министри Исмаил Исаков март ыңкылабы жөнүндө буларга токтолду:



Исмаил Исаков : Ошол кездеги окуяларды “Азаттыктын” кабарчылары жакшы билишет биз кайда болгонубузду. Себеби дегенде ал убакта элге так маалыматты жеткизген “Азаттык” радиосу болгон. Эми мен ошо кезде кыймылдын жетекчилеринин бири болгондуктан, биз эл менен чогуу, элдин алдында алардын коопсуздугун карап жүргөнбүз.

Аянтка келгенибизде ички иштер министрлигинин мурдагы министри Кеңешбек Дүйшөбаев жана башка министрлерге жанагы “ак шапкечендерди” жетектеп жүргөндөргө мен барып, Тарых музейинин алдынан кармап алып айттым эле. “Эй, жигиттер силер токтоткула. Көрүп турасыңарбы канча сандаган эл чогулду. Эгерде эл чайпалып, толкуса эл силерди басып кетет дагы кийин чоң чатак чыгып кетиши ыктымал. Силер бул жерде эмне кылганыңарды билбей каласыңар”, - деп.

Ошондон бир саат өтпөй эле эл кыжырданып, толкуп Акүйдү алды. Андан кийин кечкурун кыймылдын лидерлери чогулуп жыйын өктөрдүк. Ошол жыйында күч органдары, куралдуу күчтөрү, Улуттук гвардияны, аскер бөлүктөрүн элге каршы чыкпоосуна көзөмөл кылууга мага тапшырма берилди. Биз кырдаалды колго алып көзөмөл кылынгандыктан чоң чатак чыккан жок. Ошондуктан биз эл менен чогуу жүрдүк.



“Азаттык”: -Исмаил мырза, ыңкылап менен Акүйдү алуу мурда пландаштырылды беле? Же окуя күтүүсүз болуп кеттиби?

Исмаил Исаков: Мына азыр ар кимиси ар кандай сөздү айтып жүрүшпөйбү. Кээ бири чукуп айтат экен. Айрымдары жалган сөз кошуп айтат экен. Бирок бизде Акүйдү басып алуу жөнүндө эч кандай ой болгон эмес. Акаевди атайын зомбулук менен айдап чыгабыз, Акүйдү басып алабыз деген ой дагы, план дагы болгон эмес.

Мен аскер адам катары ачык айтып коюшум керек. Бирок биз Акаев өзүнүн тактысынан кеткенге чейин мөөнөтсүз митинг өткөрүп, митинг аркылуу талабыбызды коебуз дегенбиз. Ушул Акүйдүн жанында турабыз, Акаев кызматтан кетиши керек. Элдин турумушу болбой калды дегенбиз. Андан кийин “ак шапкечендерди” өздөрү элге каршы таяк менен таш менен урдурганда ошол жердеги кайнап турган элдердин жиндери ого бетер кайнап, өздөрүнүн баштарына тийди.



Айыл, суу чарба, өнөр жайды кайра иштетүү министри Арстанбек Ногоев 24-мартта Алатоо аянтында эл менен чогуу болгонун айтты:

Арстанбек Ногоев: 2005-жылы 24-мартта мен вице-мэр болуп иштөөчүмүн. Өзүмдүн кызматтык милдетиме байланыштуу мен борбордук Алатоо аянтында митингдегилердин арасында тургам. Ошондо болуп аткан окуяга күбө болдум. Аягына чейин карап турдум. Эртеси күнү эртең менен саат сегизде төрт райондун коммуналдык кызматтарын чакырып, аянтты тазалаганга мусоровоздорду, суу менен жолду жууган машинелерди кое бердим. Ошондо аянтта толтура эл бар болчу.

Кичине жол ачылгандан кийин маршуруткаларды кое бердим. Себеби чет өлкөлөрдүн телевидениелери бардык окуяны тартып атты. Анан борбордук аянт иштеп атат. Эч кандай жашоо-турмуш токтогон жок деген иретте өз жумушумду аткара бердим. Бир эки күн ошентип кыйналдык. Анан эл кичине тартипке келди. Борбордук аянтты тазалап, чет өлкөлүктөргө намыс үчүн дегендей “мына олуттуу эч нерсе болгон жок, ыңкылап өз шарты, өз ыгы менен кетип атат” дегендей шарт түздүк.

«Азаттык»: -Ошондо расмий бийлик Акүйдү басып алат деген кооптонуу, божомол бар беле?

Арстанбек Ногоев: Жок. Андай божомол жок болчу. Баягыдай эле митинг болот деп күткөнбүз.Ошол жерде канча митинг өттү, мен ар дайым элдин арасында болчумун. Себеби митинг бүткөндөн кийин аянтты тазалоо менин кызматтык милдетим болчу. Анан мен такай элдин арасында болгом.

Өткөндө бир жыйындан чыккандан кийин революцияга катышкан жигиттердин бири Баткендин замгубернатору экен. Ошол жигит айтат “байке, чоңдордон жалгыз сиз эле болдуңуз, калгандарынын бардыгы качып кетти. Биз Акүйгө чуркап баратканда сиз жалгыз турдуңуз эле. Акүйдү алып кайра келатсак дагы сиз жалгыз турупсуз”, - деп Мен ал жигитти тааныбайт экенмин. Чынында эле мен эле болдум ушул жерде.



Экономиканы өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров болсо ошол маалда штабды жетектеп жүргөнүн билдирди.

Акылбек Жапаров: 24-мартта мен начальник штаб болчумун. Биздин оюбузда Акүй алынып калат экен, президент качып кетет деген нерсе жок болчу. Ошону менен бирге жанагы мародерлор, ак шапкечендер алдын ала атайын даярдалыптыр. Түн ичинде биз тынч митинг өткөрүп атканда булар өздөрү магазиндердин барын талкалап, анан коменданттык саат киргизмек экен. Биз ошого даяр эмес болуп калдык. Бир-эки күнгө чейин ошол ызы-чуу, баш аламандыкты токтотуу аракетинде мен штабда начальник болуп иштеп турдум. Анткени ошол маалда өкмөт дагы жок болуп калды. Танаев шарт этип отставкага кетип калып биздин Революциялык комитет ошонун башында төрага болуп Курманбек Бакиев болчу, биринчилерден болуп Ички иштер министрлигине бардык. Ошол жерде штабды ачтык. Колдон келген аракеттерди жасап, элди тынчытып, тартипти иретке келтирелик дедик.

Ошондо Акүйдүн ичинде Ысыката, Кочкордон келгендерден жана башка өздөрүбүздүн кишилербизди коюп, бул элдин мүлкү деп талап-тоноодон барын токтотууга аракет кылдык. Ошондо Акүйгө Абыловду комендант кылып дайындап, ал Акүйдүн ичинде иштеп атты. Анан Феликс Кулов түрмөдөн чыгып келип калды. Ошол кезде шайланган депутаттар дагы опур-топур бизге келе башташты. Ошолордун баары менен сүйлөшүп, баарлашып Курманбек Бакиев экөөбүз ИИМдин имаратында отурдук. Анан эки күн өткөндөн кийин Коопсуздук кызматынын имаратында отуруп, Акүйдү тазалап бүткөнчө штабдын начальнигинин милдетин аткардым. Андан кийин каржы министринин милдетин аткаруучу кылып дайындагандан кийин штабды тапшырып, каржы министри болуп иштей баштадым.



Ал эми саламаттык сактоо министри Марат Мамбетов ал күндү мындайча эскерди:

Марат Мамбетов : 2005-жылы 24-мартта мен Саламаттык сактоо министрлигинин бир чоң управлениесинин башкармасы болчумун. Мен ошондо Борбордук аянтта болгом. Бардык окуяга күбө болгом. Мурдагы президент Акаевдин качып кеткенин ошол замат эле уктук. Бир-эки сааттан кийин эле президент ушинтип качып кетиптир, минтип качып кетиптир деген эле сөздөр тарап кетпедиби. Ошондой президенттин качып кеткени эң жаман иш болду. Бул кыргыздардын намысына тийди. Эми болоору болду.

Азыркы заманда турмушубуз оңолуп кетсин деп аракет кылып атабыз. Мына парламент түзүлдү, президент, жаңы өкмөт бар. Менин оюмча азыр экономиканы көтөрсөк эле жылыш башталат. Эми пикет, митингдерди токтотуп, менин оюмча оппозиция дагы тынчтанып калды. Кудайдан бейпилдикти тилеп, жашообуз жакшы жакка оңолсун.



Ыңкылапты уюштуруучулардын бири Бектур Асанов 24-мартта Жалалабаттан элди унаа менен Бишкекке жөнөтүп турган экен.

Бектур Асанов: Мен 24-март күнү Жалалабат шаарында болчумун. Элди автоунааларга салып Бишкекке жөнөтүп турганбыз. 24-мартта түнү 25-мартка оогондо Бишкекке келдим. Ал күнү негизги биздин максатыбыз бийликке нааразы болгон элдерди борборго жөнөтүп туруу болуучу.

Бирок бийлик Акүйдү таштап качып кетет деген оюбузда жок болуучу. Он миңдеген эл Бишкекте мөөнөтсүз митингди уланта берсе бийлик бир, эки айда өзү отставкага кетет деген менде жеке ой бар болчу. Май айларында бийлик туруштук бере албай отставкага кетип, убактылуу өкмөт түзүлөт деген ой бар эле бизде. Тилекке каршы бул процесс тездеп кетти. Акаев бийликти таштап Кыргызстандан качып кеткенден кийин Революциялык комитет бардык жоопкерчиликти мойнуна алган.



Адилет министри Марат Кайыпов митингдеги эл Акүйдү басып алганын «Азаттыктын» Бишкектеги кеңсээсинен укканын мындайча эскерди:

Марат Кайыпов: 2005-жылы 24-март күнү мен Бишкек шаарындагы ушул кудум “Азаттык” радиосунда интервью берип аткан болчумун. Анткени андан үч күн мурун ошондогу мамлекет башчысы Аскар Акаевге расмий түрдө кайрылуу жазган болчумун. Анткени 20-мартта Жалалабат обладминистрациясынын ичинде отурган кемпирлерди, чалдарды, аялдарды КАМАЗдарга жүктөп Майлысууга алып барып зомбулук жасагандыгы үчүн мен ачык кайрылуу жасап, адамдардын укугун тебелеп, бийлик туура эмес иштерди кылып жатканын белгилегем. Ошол кайрылууну “Азаттыкан” берип жаткан учурда Акүй алынып калды деген кабар келген. Жаңылбасам, ошол учурда кабарчы Бүбүкан Досалиева менин кайрылуум боюнча менден интервью алып аткан.

Марат Кайыпов белгилегендей март ыңкылабы адамдардын укугу тебеленип, шайлоодо мыйзам одоно бузулганынан, элдин Акаевдин бийлигине ишенбей, үйбүлөлүк башкарууга, коррупциянын күчөшүнө, социалдык-экономикалык абалдын начардыгына нааразы болуусунан улам келип чыккан.
XS
SM
MD
LG