Өткөн айдагы шайлоонун натыйжасында куралган азыркы парламентте орундардын көпчүлүлүгү президент Первез Мушарафка оппозицияда турган күчтөргө таандык. Мандаттардын көбүн былтыр декабрда киши колдуу болгон мурдагы премьер-министри Беназир Бхуттонун Пакистан элдик партиясы алган. Бул партия оппозициянын дагы бир өкүлү, мурдагы премьер-министр Наваз Шарифтин партиясы менен коалициялык өкмөт түзөөрү күтүлүүдө.