Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:02

Косовонун түндүгүндөгү кагылыштан ондогон адамдар жаракат алды


Митровица шаарындагы бүгүнкү кагылыштан Улуттар уюмунун кеминде 25 полицейи, НАТОнун сегиз аскери жана ондогон сербдер жаракат алды. Бул Косово Сербиядан бир ай мурда көз карандысыздыгын жарыялагандан бери орун алган эң ири кыянатчылык болду.

Тополоң полиция НАТО аскерлеринин колдоосунда жергиликтүү сербдер мындан үч күн мурда ээлеп алган сот имаратында көзөмөл орнотуп, ал жердегилерди сыртка чыгарган соң тутанган. Кагылыштан соң БУУнун полицейлери шаардын серб бөлүгүнөн чакыртылып алынды. Еврошаркет тараптарды сабырдуулукка, Орусия Косово боюнча эл аралык сүйлөшүүлөргө кайтууга чакырды. Сербиянын президенти Борис Тадич болсо Улуттар уюмун жана НАТОнун KFOR аскерлерин ашыкча күч колдонбоого үндөп, сербдер провакацияга алдырбаш керектигин белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG