Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:16

Кабыл Макеш Мындан 55 жыл мурда 1953-жылдын 18-мартында “Азаттык” үналгысынын кыргыз тилиндеги алгачкы уктуруусу обого чыккан. “Азаттыктын” тарыхы ушул күндөн башталган. Кеңеш доорунда “Азаттык” радиосун жашырынып угаар элек дешет “Азаттыктын” ошол учурдагы угармандары.

1953-жылы Кудайберген Кожомбердиев , элге таанылганы Азамат Алтай башкеңсеси Мүнхенде жайгашкан «Азаттык» үналгысына (азыркы «Эркин Европа-Азаттык» үналгысынын Кыргыз кызматына) ишке кирип, 18-мартта туңгуч кыргызча берүүнү обого чыгарган.

Маркум Азамат Алтай биз менен болгон маегинде “Азаттык” радиосунун кыргызча алгачкы уктуруусу кандайча башталганын төмөнкүдөй эскерген эле.

-АКШнын билермандары радио толкундар чек араны билбейт, аны кармоого мүмкүн эмес дешип, радио түзүүнү колдоого алышкан. “Азаттык” радиосун курганда биз Туркестандын атынан курдук. “Азаттык радиосунун биринчи директору казак болду. Орунбасары өзбек. Мен болсо спикер элем. Кыргыздардыкы түркмөндөрдүкүнөн бир аз жогору эле.Түркмөндү катчы кылып, төрт киши менен “Азаттыктын” алгачкы берүүлөрүн баштадык. Кандай гана кыйын күндөрдү баштан өткөрсөк да кыргыз деген атты, намысты сактап калдык.

Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматов “Азаттык” үналгысынын уктурууларын кеңеш доорунда жашырынып угуп келишкенин, кыргыз кызматынын калыптанышына Азамат Алтай зор салым кошконун мындайча айтып берди.

- Эми “Азаттыктын” башатында турган Азамат Алтай деген кыргыздын тарыхында кала турган улуу инсаны. Совет доорунун бүт кемчиликтерин ошол киши бетке айтты. Көзүбүздү ачты. Саясатчылар, деле бардык радио уккан элдер жашырынып болсо дагы Азамат Алтайдын үнүн угуп жатканын өз көзүм менен көрүп күбө болгом. Алыста туруп, советтик түзүлүштүн кемчиликтерин, алар жаап- жашырган терс жактарын, кийин Акаевдин режимин, Үзөңгүкуушту Кытайга белекке бергенин сындап, элдин, кыргыздын анык чыккынчысы Аскар Акаев деп бетине айтпады беле.

“Азаттык” үналгысында иштеген Азамат Алтай менен Төлөмүш Жакып уулу бүткүл өмүрүн Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы сөз жана басма сөз эркиндигине, жалпы эле аймактагы демократиялык жараянга арнаган.

Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы сыйлык ээси Бексултан Жакиев «Азаттыктын» берүүлөрүн студент кезинен бери угуп келатканын айтып, кыргыз кызматын түптөгөн Азамат Алтай, Төлөмүш Жакып уулу сыяктуу кызматкерлерин учурунда эл душманы деп совет бийлигин жаманатты кылганын айтып, мындайча эскерет:

- Биз билебиз ал кишини гезиттерде көп жолу аябай жамандады. ЦРУнун агенти, чыккынчы деп. 1991-жылы Азамат Алтайдын үйүндө бир айча жүрүп калдым. Архивинин баарын аңтардым. Бир топ китептерин, архивин ала келдим. “Азаттыктын” макалаларын карап олтуруп, эмне үчүн бул Азамат Алтайды жамандаганын, эл душманы деп жарыялаганын ошондо түшүндүм. Себеби биринчиден, биздин чоңдордун ката иштерин, кемчиликтерин көп айтышкан экен. Экинчиден, бизде жашырган чындыкты алар айтып турган. Архиви менен таанышып, көзүм бир нерсеге жетти. Бул кишидей патриот кыргызды ушундай кадырлаган, сыйлаган, кыргыз жерин жанындай жакшы көрүп, сүйгөн кыргыздар айрыкча азыр жок болуп баратат. Азамат Алтай жөн эле кыргызды жакшылай бербей кыргыздын рух дөөлөттөрүн, маданиятын, тарыхын бөлөк элдерге таратып келген. Тактап кетүү зарыл болгон жагдай – Кудайберген Кожомбердиев эч качан «Түркстан легионунда» кызмат кылган эмес. Айрым мезгилдүү басма сөздөгү аны алиги легион менен байланыштырган маалыматтар дареккке негизденбеген, чындыкка таптакыр коошпогон жоромол болуп саналат.

Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз эл баатыры Чыңгыз Айтматов былтыр туулган күнүндө «Азаттыкка» берген интервьюсунда «Азаттык» үналгысын демократияны курууда чоң рол ойноп келгенин, мындан ары дагы ошол вазийпаны аткара берет деп ишенээрин билдирген.

-Мен дагы силерге ушул “Азаттык” баягы жылдары кайракуруу заманында күнүгө угуп турбасак болчу эмес эле. Азыр дагы ушул “Азаттыктын” жаңы бир өзүнүн милдети болот го деп ойлоп жатам да. Демократия бир жолу эле курулуп, бир жолу эле жетилип калбайт экен. Себеби, сөзсүз демократия агымда болуш керек, дайым жалгаштырып туруш үчүн, “Азаттыктын” дагы бир кызматы ошого жумшалсын.
XS
SM
MD
LG