Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:08

ҮЧ ТРИЛЛИОН ДОЛЛАРЛЫК СОГУШ


Ирактагы согуштун башталганына жакында беш жыл болот. Ушул окуянын алдында америкалык экономист, Нобел сыйлыгынын ээси Жозеф Стиглиц авторлошу Линда Билмес менен бирге “Үч триллион долларга турган согуш” деген китебин жарыялады. Авторлор китепте президент Жорж Буш Иракка каршы согуш ачып,АКШны экономикалык жактан алсыратты деп ырасташкан. Бирок бул пикир менен баары эле макул болушкан жок.

Соңку алтымыш жылдан бери АКШдагы саясий чөйрөдө согушту экономикалык чоң өбөлгө катары санаган ой-санаа калыптанган. Атүгүл Улуу депрессиядан да өлкө аскери өнөр-жай тармагынын аркасында чыккан деген көз караштар бар. Бирок Нью-Йорктогу Колумбия университетинин профессору Жозеф Стиглиц дайыма эле мындай боло бербейт деп эсептейт.

Өткөн айдын этегинде конгресстин кошмо комитетинде эксперт иретинде көрсөтмө берип, Стиглиц согуштун оор бүлгүнү болорун да эске салды. Урушка сарпталган эпсиз чыгымдар экономиканы кийин кайра тикелегенге чоң кедерги болорун айтып, атактуу экономист азыркы абалды Ирактагы уруш менен байланыштырды. Бул согуштун ушу кезге чейинки наркын ал үч триллион долларга баалады. Уруш дагы канча каражат талап кыларын Стиглиц азырынча билбейт, бирок анын чыгымы “эпсиз чоң” болорун бөркүндөй көрөт.

Стиглицтин эсептерине ылайык, быйылкы өсүш эл аралык валюта фондусунун божомолунда 0,8 процентти түзүп, келерки жылы 2 процентке чыгып, ал эми 2010-жылы барып баштапкы арымына, айталы, 3,5 процентке жеткен күндө деле соңку үч жыл аралыгында экономика жоготкон продукция 1,5 триллион долларга чамаалап барат.

АКШ,албетте, бай өлкө жана кааласа керексиз согушка деле беш триллион доллар каражат сарп кылалат, деп айтты Стиглиц. Бирок мындай чыгымдар, бүжеттеги азыркы тартыштык өлкөнү акыры келип экономикалык жактан алсыратары калетсиз. Өкмөттүн башка маанилүү долбоорлорун - Стиглиц аларды алтернативдүү чыгымдар деп атаган - каржылаганга акча жетишпей калышы мүмкүн. “Келечектеги чалкештиктерге биз анчейин даяр болбой чыгабыз,алардын тышкары эпсиз чоң алтернативдүү чыгымдар болот. Бала-бакырабыздын бир даары медициналык тейлөөгө жетпей, айрымдары өмүр бою өксүк болуп калышы мүмкүн”, – деп эскертти Стиглиц.

Профессор Стиглицтин эсептерин Пентагон өтө эле “апырталган сан” деп баалады. Конгресстин бүжет кеңсеси да Ирактагы, Ооганстандагы уруштарга жана террорго каршы башка операцияларга баары болуп 752 миллиард доллар акча сарпталганын ырастады.

Питсбург шаарындагы Карнеги Меллон университетинин экономика профессору Аллан Мелцер согуш чыгымдары тууралуу талаштарда саясий жүйөөлөр басымдуулук кылып жатат деген ойдо.”Менимче,профессор Стиглиц башка бир маселени көңүлгө албай жатат,атап айтканда, кокус согуш болбосо чыгымдар канчага турмак? Бир жыл, эки жыл же беш жыл ичинде чоң проблемалар чыкпайт беле? Ким муну айта алат?”,- дейт ал.

Профессор Мелцер согуштун чыгымына карабай президент Буштун администрациясы АКШ болочокто туш болор реалдуу коркунучту алдын алуу максатында ушундай тобокелдикке барды,антпегенде өлкөнүн коопсуздугу үчүн келечекте азыркыдан да алда канча кымбат чыгым тартканга туура келмек деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG