Апрелдин орто ченинде өтчү иш-чараны “Жаңы муун” жаштар кыймылы уюштурат. Кыймылдын координациялык кеңешинин мүчөсү Бактияр Тукеевдин айтымында тегерек столдо менчиктештирүүнүн оң жана терс жактары талкууланат. Анын айтымында жогорку окуу жайларды менчиктештирүү коомго эмне берет, дегеле бул туурабы деген маселе козголот. Тегерек столго министрликтин өкүлдөрү, окутуучулар, эксперттер жана жаштар катышат.(AiJu)