Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:38

12:05 18-марттан тарта "Сентябрь" телеканалынын көрсөтүүлөрү токтотулат


Сыналгы жетекчилигинин мындай чечим кабыл алынышына административдик жана экономикалык иштер боюнча облустук соттун кечээги чечими себеп болду. Облсот 17-марттагы кенешмесинде Жалалабат райондор аралык соттун чечимин күчүндө калтырды. Райондор аралык сот 5-декабрда телеканалдын мунарасы үчүн жер бөлүп берген Сузак районундагы Караалма айыл өкмөтү менен ушундай эле аталыштагы токой чарбанын буйругун жокко чыгарып,телемунараны көчүрүп кетүү тууралу чечим чыгарган болчу.Мындай маалымат шейшемби күнү телеканалдын түштүк аймагындагы деректири Асылбек Текебаевден алынды.Анын айтымында,облсоттун чечимин жокко чыгаруу үчүн Жогорку сотко доо арыз жөнөтүү аракеттери көрүлөт. (YA)

XS
SM
MD
LG