19-мартта өтчү тегерек столго экономикалык өнүгүү министри Акылбек Жапаров, өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын ректорлору жана жоон топ эксперттер катышат. Жыйында мамлекет тарабынан бүтүрүүчүлөргө болгон суроо-талап, билим алуунун акысы, жогорку билим берүү системасын каржылоонун жаңы шарттары, “10-топ менеджер” программасы талкууланат. Иш-чараны жогорку окуу жайлардын башын бириктирген “EdNet” ассоциациясы уюштурууда.(AiJu)