Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:03

17:30 Лесхоз айылынын тургундары Сары- Өзөн телерадио компаниясын соттон жеңип алды


Бул туурасында аталган айылдын тургуну Абдыкасым Амираев «Азаттыкка» кабарлады. Өткөн жылы Маевка айыл өкмөтүнө караштуу Лесхоз айылынын тургундары айылга тиешелүү жерди чечип берүүнү жергиликтүү бийликтен талап кылышкан. Айыл тургундарынан түзүлгөн атайын комитет жергиликтүү бийликтин туура эмес иштерин сынга алып, Өкмөт үйүнүн алдында бир нече ирээт акция өткөрүшкөн болчу. «Ушул өңдүү бир нече иш аракеттер Чүй облустук Сары-Өзөн телерадио компаниясынан чагылдырылып, бирок бир жактуу болгону үчүн биз компанияны сотко бергенбиз», - деди А. Амираев. Алгач, Биринчи май райондук соту айыл тургундарынын арызын канааттандырган. Андан соң телерадиокомпания шаардык соттон жеңип алган болчу. Ал эми кечээ Жогорку сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Эми соттун чечимине ылайык Сары-Өзөн телерадио компаниясы айып пул төлөйт. (JJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG