Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:23

17:35 Ош шаарындагы Ленин көчөсүндөгү №351-үйдүн жашоочулары президентке кайрылуу жолдошту


Бул жөнүндө "Жаңы агым" кошунун төрайымы Алмакан Сатыбалдиева “Азаттыкка” бүгүн кабарлады. Анын айтышынча эки кабаттуу №351-үйдө жашаган 36 үй-бүлө кыштагы жер титирөөдөн катуу жапа чегип, убактылуу коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Премьер-министр Игорь Чудинов, Жогорку Кеңеш төрагасы Адахан Мадумаров Ошко сапарында жабырлануучуларга быйыл жаңы үй куруп тапшырабыз деп убада кылышкан. Бирок акыркы мезгилде Акүй билермандары бул кебинен айнып отурушат. Ошондуктан оштуктар өлкө башчысы Бакиевге кайрылып, кырсык кесепеттерин кылдат териштирүүнү талап кылышууда. Ош шаар мэринин биринчи орунбасары Арфидин Аланов мамлекеттик комиссия 351-үй ремонт кылынсын деп чечкендигин, инвестор таап жаңы үй куруу маселесине 36 үй-бүлө макул болбой коюшкандыгын маалымдады. (АТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG