Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:41

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!


18-19-март күндөрү Ош, Жалалабат облустарынын тоолуу аймактарында, Бишкек-Ош автожолунун 120-137, 197-265 чакырым аралыктарында жана Каракулжа-Алайку, Алабука-Канышкыя жолдорунда кар көчкү жүрүшү күтүлүүдө. 19-мартта Чүй, Талас облустарынын өрөөндүү жерлеринде 0...-2 градус суук болуп, үшүк жүрөт деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.

19-мартта түнкүсүн Ысыккөл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн 0...+5, кээ бир жерлерде 0...-2 градус болуп, үшүк жүрөт, күндүз +12...+17 градус.
Талас дубанында түнкүсүн 0...+5, айрым жерлерде -1... -3 градус болуп, үшүк жүрөт, күндүз +11...+16 градус болот.
Жалалабат, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +12...+17 градус.
Ысыккөл өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз +7...+12 градус.
Нарында түнкүсүн 0...-5, күндүз +3...+8 градус.
Бишкекте жамгыр жаабайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен сыдырым жел жүрөт. Абанын температурасы түнкүсүн 0...-2, күндүз +13...+15 градус.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG