Тибеттин сүргүндөгү саясий жол башчысы бир эле мезгилде Тибеттин руханий лидери болуп саналат. Далай Лама тибеттиктерди зордукчулуктан баш тартып, кытайлар менен ынтымакта жашоого чакырды. Мунун алдында Кытайдын өкмөт башчысы Вен Жибао Далай Ламаны "Тиббеттеги башаламандыкты уюштурду" деп айыптаган эле. Өткөн аптадагы демонстрацияларда кеминде 13, бирок сүргүндөгү тибет өкмөтүнүн эсебинде, 80 демонстрант каза тапты.