Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:19

ТИБЕТТЕ ТОПОЛОҢ ТОКТОБОСО ДАЛАЙ-ЛАМА БИЙЛИКТЕН КЕТЕРИН ЭСКЕРТТИ


Тибеттин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/03/04C812D6-18B7-4346-9379-CE4FB1DA94E2.asp диний лидери Далай-лама өз тарапкерлерине кайрылып, зобун-зордукту токтотууга чакырды. Кокус кырдаал көзөмөлдөн чыкса, анда ал да сүргүндөгү өкмөттөн чыгарын эскертти. Мунун алдында Кытайдын премьери Вэн Цзябао Тибеттеги окуялар үчүн Далай-ламаны айыптаган эле.

Далай-лама бүгүнкү кайрылуусунда өз жериндеги зобун-зордуктарды кайрадан кескин айыптады. Жергиликтүү калктын каршылык аракеттерин ал “өзүн-өзү өлтүргөнгө тете келген ишке” теңештирди. “Атүгүл Тибеттин 1000 тургуну өз жанын курмандыкка чалса да мындан эч кандай жардам болбойт”. Эгер жагдай жайына келбесе, анда ал радикалдуу кадамга барарын эскертти. “Кокус кырдаал баш ийбес абалга жетсе, анда мага толугу менен бийликтен кеткенден башка жол калбайт”, - деп айтты тибеттиктерге кайрылып Далай-лама. Тибеттин көз карандысыздыгына эмес, ага кеңири автономия берилишине жетишүүнү көздөп келатканын ал дагы бир жолу бышыктады.

Далай-ламанын бул сөздөрүн андан мурдараак Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Вэн Цзябао “жуйкурлук” деп атаган эле. “Тибеттеги башаламандыкты Далай-лама менен анын кликасы күн мурунтан пландап, уюштурганын жана ага жең ичинен жетекчилик кылганын далилдей турган жетерлик таныктар бар”, - деп айтты ал жалпы улутка арналган кайрылуусунда.

Мамкеңештин премьери буга кошо Тибетте Кытай “маданий геноцид” жүргүзүп жатат деген Далай-ламанын сөзүн да “карандай калпка” чыгарды. Тибеттеги окуялар Вэндин сөзүндө “быйыл августта өткөнү жаткан Олимпиаданы үзгүлтүккө учуратуу максатында атайылап уюштурулган тукурук” катары мүнөздөлдү.

“Эгер Далай-лама сепаратисттик мүдөөлөрүнөн баш тартса,Тибет менен Тайван Кытайдын ажырагыс аймактары экенин тааныса, анда аны менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн каалга ачык”, - деп кошумчалады Вэн. Ошону менен бирге ал Тибеттеги массалык толкундоолордун таасири коңшулаш аймактарды козута баштаганын, анын ичинде Сычуан провинциясында массалык манифестациялар болуп өткөнүн да моюнга алды.

Тибетке өткөн аптада Кытай кошумча полиция күчтөрүн киргизип, жергиликтүү калктын демонстрациясын баскан эле. Кара тополоңдо канча киши мерт болгону тууралуу бейтарап маалыматтар жок. Тибеттин сүргүндөгү өкмөтү кагылыштарда бери эле дегенде 80 киши набыт болуп, жүздөгөн кишилер жабыркаганын айтса, автономиянын губернатору тополоң маалында он үч киши өлгөнүн ырастоодо.

Лхасада тополоң тутанар замат бийликтер региондон чет элдик кабарчыларды чыгарып жиберишкен. Тибеттеги абалдан ныпым кабарсыз экенин Улуттар Уюмунун өкүлү Мишел Монтас да бышыктады. Уюмдун баш катчысы Пан Ги Мун да Тибеттеги кырдаалга байланыштуу олуттуу камтамачылыгын билдирип, тараптарды токтоолукка чакырды.

Өткөн аптада Индиядан тартып АКШга чейинки бир катар өлкөлөрдө тибеттиктерге колдоо билдирген массалык демонстрациялар болуп өттү. Алардын көпчүлүгүндө Кытайдагы быйылкы жайкы Олимпиадага бойкот жарыялоо чакырыктары айтылды. Бул чакырыктарды Далай-лама колдогон жок, эл аралык олимпиада комитети, дүйнөлүк өкмөттөр да четке кагышты.

XS
SM
MD
LG