Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:51

Өткөн аптада БУУнун коопсуздук кеңешиндеги жыйында Ооганстандагы кырдаал талкууланган эле. Башкатчынын бейпилдик орнотуу иштери боюнча орун басары Жан–Мари Гуэнно ошол жыйынды утурлай даярдаган отчетто өлкөдө коррупция бийликтин ар бир баскычында бар экендиги жана бул көрүнүш коопсуздукка кандай коркунуч туудуруп жатканы белгиленген. Ошол жыйында айтылган айрым маселелер боюнча түшүндүрмө алуу үчүн "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Нью-Йорктогу кабарчысы Никола Крастев Ооганстандын БУУдагы элчиси Захир Танинге айрым суроолор менен кайрылган.

-Улуттар уюмунун Ооганстан боюнча соңку отчетунда башкатчынын бейпилдик иштери боюнча орун басары Жан –Мари Гуэнно өлкөдө козголоңчулардын каршылыгы күтүлгөндөн да күчтүү болгонун айтып өттү. Бул туура берилген баабы?

-Коопсуздук - мен да Коопсуздук кеңешинин жыйынында бир нече ирээт кайталагандай биз үчүн көйгөй. Өлкөнүн кээ бир аймактарында, түштүгүндө биз туш келип жаткан реалдуулук бул – биз мектептерге, студенттерге, дин адамдарына, чет элдиктерге, карапайым оогандарга кол салууга аркеттенген душманга бет келип жатабыз. Алардын башкы тактикасы - кол салган соң дароо качып кетүү, өлтүрүү, террор жасоо, жанкечтилик жардыруулар. Бул алардын күчтүүлүгү эмес. Бул алардын талкалоо, дестабилдештирүү аракетин күчөткөндүгү. Бул бетме –бет уруш же согуш болбогондугу менен өлкөнүн аймактарында кооптуу кырдаалды жаратууда. Биз муну моюнга алабыз. Ошол эле учурда мен Ооганстандын басымдуу бөлүгү коопсуз деген ойдомун. Ондогон жылдарга созулган согуш менен уруштан кийин коопсуздук Ооганстандын бүткүл аймагында орнойт деп эч ким да күткөн эмес. Демек, менимче, БУУнун башкатчысынын да биздин да баа бирдей. Биз ийгиликке жеткен учурлар да, көйгөйлөр да бар. Ошол эң маанилүү көйгөйлөрдүн бири - өлкөнүн кээ бир аймактарындагы коопсуздук көйгөйү.

- БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги талкууларда сиз президент Хамид Карзайдын өкмөтү НАТОго гана таянбастан, коопсуздук орнотуу ишинде өз үлүшүн көбөйтүшү керектигин айттыңыз. Муну чечмелеп бере аласызбы?

-Ооган өкмөтү эл аралык коомчулуктун жардамы аркасында коопсуздук орнотуу, кайра куруу , өлкөнү өнүктүрүү өңдүү баардык багыттарда жетекчилик вазийпаны аркалаш керектиги өтө маанилүү. Улуттук ээлик,, улуттук жетекчилик принциби өтө зарыл, муну эл аралык коомчулук да жакшы түшүнөт. Демек, менимче, биз коопсуздук боюнча иштерди "оогандаштырууну" көргүбүз келет жана бул - биз үстүнөн иштеп жаткан жараян. Биз өзүбдүн өкмөт социалдык –экономикалык өнүгүүдө жетекчилик ролду алышын каалайбыз. Эл аралык өнөктөштөрдүн жардамы менен биздин армия, полиция, коопсуздук күчтөрү өлкөгө коопсуздук орнотууда, өлкөнү коргоодо жоопкерчилик алууга жарамдуу болушун мүмкүн болушунча тезирээк көргүбүз келет.

-Коопсуздук кеңешиндеги талкууда Улуттар уюмунун Ооганстандагы өкүлчүлүгүнүн бийлигин кеңейтүүнүн зарылдыгы жоктугу, бирок аны күчөтүү керектиги айтылды. Бул эмнени билдирет?

-Коопсуздук кеңешиндеги талкуу жана БУУнун Ооганстандагы миссиясынын мандатын узартуу боюнча Коопсуздук кеңешинин резолюциясы анын азыркы мандаты эле Ооганстан жана БУУ күткөн баардык иштерди аткаруу үчүн жетиштүү деген мунасага жана макулдашууга негизделген. Идея БУУнун миссиясынын мандатын өзгөртүү эмес, күчөтүүдө. БУУнун миссиясы өкмөттү чыңдоодо, өлкөнүн ар кайсыл аймактарында мыйзам үстөмдүгүн орнотуу боюнча биздин аракетти чыңдоодо, элге жетүүдө, эл аралык коопсуздук күчтөрү – ISAF менен иштөөдө шыктандыруучу ролду аткарышы абзел. БУУ кайсыл чөйрөдө маанилүү ишти аркалай алары боюнча Коопсуздук кеңешинде ой жана макулдашуу бар. Бул мандатты өзгөртүү эмес, бирок көңүлдү артыкчылык берилген багыттарга көбүрөөк буруу жөнүндө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG