Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Тибеттин сүргүндөгү өкмөтү нааразылык акцияларында 99 киши набыт болгонун билдирди


- Тибеттин борбору Лхаса шаарындагы антикытайлык массалык нааразылык иш-аракеттери өткөн жума күнү кандуу кагылышуу менен аяктап, андагы жоготуулар саны алигиче тактала элек. Бозгундагы Тибет өкмөтүнүн билдиришинче, Кытай аскеринин демонстрацияларды күч менен басуу аракеттеринин кесепетинен Лхасада 80, ал эми коңшу Гансу аймагында болсо - 19 киши көз жумду. Расмий Бээжин тараткан маалымат боюнча, набыт болгон кишилердин саны 13кө жеткен.

- Дүйнөлүк коомчулук тараптарды кызуу кандуулукка алдырбай, көйгөйдү дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды. Кытай бийлиги түзүлгөн капсалаңдуу кырдаал үчүн Тибеттиктердин руханий көсөмү Далай Ламаны күнөөлөп жатат. Ал эми Далай Лама бул доолорду четке какты жана мекендештерин тынчтыкка чакырып, эгер тибеттиктер мындан ары да күч колдонсо, анда ал бозгундагы Тибет өкмөтүнүн башчылыгынан баш тартарын билдирди.

XS
SM
MD
LG