Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:04

ДҮЙНӨЛҮК МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫ ТИБЕТ ТУУРАЛУУ


Жекшембиде Кытай бийликтери BBC, CCN, Google, Yahoo, YouTube сыяктуу сайттарды өлкө ичинде жапты. Бул маалымат булактарында өткөн аптада Тибеттин борбору Лхаста болгон кандуу кагылышууну чагылдырган видеолор жана башка маалыматтар жайгаштырылган болчу. Бул тууралуу 18-мартта чыккан «Нью-Йорк таймс» баштаган дүйнөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты. Дегеле Тибеттеги акыркы окуялар дүйнөлүк масс-медиада кандай чагылдырылып жатат?

Кытай өкмөтү журналисттердин Тибетке жана ага чектеш аймактарга киришине чектөө киргизди деп жазды «Нью-Йорк таймс» бүгүн чыккан санында. Бул басылманын маалыматы боюнча Тибеттин борбору Лхаста өткөн аптада болгон кандуу кагылышууну жазган, видеотасмаларды койгон BBC, CCN, Google, Yahoo жана YouTube сыяктуу сайттарды Кытайдын ичинде ачууга эми мүмкүн болбой калды. Кытай бийлиги сөз эркиндигине мындан тышкары электрондук почталар аркылуу тарай турган каттарды жаап коюу менен да зыян кылууда.

Тибеттин борбору Лхаста өткөн аптада кандуу кагылышуу болуп андан ар кандай маалыматтар боюнча 13төн жүзгө чейин кишинин жаны кыйылган.

BBC дүйнөлүк кызматы болсо эгер Тибетте абал мындан ары да курчуй турган болсо Далай-Лама бозгунда болуп келаткан Тибет өкмөтүнүн башчылыгынан кетээрин маалымдады. Ал бул тууралуу бүгүн Индиянын Дхармсала шаарында өткөргөн маалымат жыйынында билдирген.

- Эгер чатак ырбай бере турган болсо – менин жалгыз аргам кызматтан кетишим керек болуп калат, – деди ал.

Дайлай-Лама азыр Тибеттин Кытайдан көз карандысыздыгы тууралуу маселе козголбой эле турганын айтып, биз кытайлар менен мунасага келип, жылуу мамиле түзгөнгө умтулушубуз керек, деп билдирген.

«Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын орус кызматы Кытайда көп жыл иштеген баяндамачы Андрей Шароградский менен интервью кылган. Андрей Тибетке байланыштуу бир окуяны айтат. Акыркы жолу Тибетте ушундай катуу кагылышуу 1989-жылы болгон жана ал жылдары Тибеттин коммунисттик партиясынын башында Кытайдын азыркы президенти Ху Цзиньтао турган. Ал ирет дагы тибеттик буддисттердин көтөрүлүшү ырайымсыз басылат, бул болсо өз кезегинде Дэн Сяопиндин көңүлүнө толуп, Ху Цзиньтаонун ташы өйдө кулаган.

Ушундай эле маалыматты бүгүн Independent гезити да таратты.

Ал эми Los Angeles Times 18-марттагы санында Тибетти кандай кытайлаштыруу жүрүп жатканына кайрылган. Гезиттин жазышынча Тибеттеги мектептерде жаш буддисттер кытай тилин кандай деңгээлде үйрөнүп жатканына катуу көңүл бурулат. Кытай тилин билгендерге жумуш орду жеңил эле табылат, ал эми үйүндө Будданын айкелин же 1950-жылдардан бери бозгунда жүргөн Далай-Ламанын сүрөтүн кармагандар дароо мамлекеттик кызматтан айдалышат. Лхаста болсо барган сайын четтен көчүрүлүп келип жаткан кытайлардын саны артып баратат. Азыр 270 миңдей калкы бар шаардын 70-80 пайызын кытайлыктар түзөт.

Дүйнө коомчулугу Тибеттин байыркы кызыктуу маданиятын сактап калууну каалашат. Казакстандын Кытайдагы мурдагы элчиси, окумуштуу Мурат Ауэзов Тибеттин терең тарыхы бар экенине жана ал жердеги кандуу кармаштар мына ушул уникалдуу көп түрдүүлүктү сактап калууга багытталып жатканына ишенээрин билдирди.

Дүйнөлүк маалымат булактары Кытай өкмөт башчысы Вэн Жябао Тибетте болгон кандуу тополоңду четтен туруп Далай-Лама өзү уюштурду деген сөзүн таратышты. Кытай премьер-министри Далай-Лама Тибеттин көз карандысыздыгын каалабайбыз дегени калп айтылган анткорлук деген эле.

- Биздин колубузда Тибеттеги тополоң Далай-Лама тарабынан алдын-ала ойлонулуп, уюштурулуп, анан жашыруун жасалганын далилдей турган айныгыс далилдер бар, - деген эле Вэн Жябао.

Кубат Оторбаев, Прага

XS
SM
MD
LG