Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:10

ТҮРКИЯДА ХАДИСТЕРДИН ЖАҢЫЧА ТҮШҮНДҮРМӨСҮ ТҮЗҮЛҮҮДӨ


Түркиянын дин иштери боюнча мамлекеттик комитетинде – Дианетте – Мукамбет пайгамбардын хадистерин түп нускасына тууралап басып чыгаруу долбоору оор топондоп калды. Хадистердин жаңыдан жарыкка чыга турган бул басылмасын Батыштагы кай бир маалымат каражаттары мусулман дүйнөсүндөгү “төңкөрүш”, ”радикалдуу өзгөрүш”, атүгүл “XXI кылымдын исламы” деп атыктырып жатышат.

Дианеттин өкүлдөрү мындай аныктамаларга,албетте, кошулбайт. Мукамбет алейсаламдын хадистерин кайра карап чыкканга,аларды өзгөрткөнгө же алымча-кошумчаларды киргизгенге эч кимдин укугу жок. Мусулмандардын күнүмдүк турмушу негизинен хадистерде баяндалган эрежелерге ылайык жөнгө салынат. “Бу жерде ошол эрежелерди түшүнүүдө айрым бир каталыктар бар. Биз болгону хадистерде айтылган ибаараттарды жаңы ыкмада жана тарыйкада түшүндүрүп бергибиз гана келет”, - деп билдирди долбоордун мүчөсү, Анкара университетинин дин факултетинин профессору Бунямин Эрул.

Профессор Эрул мунун баарын “реформа”, хадистердин “жаңы редакциясы” же болбосо “төңкөрүш” катары караган таптакыр туура эместигин эскертти.

Өзбекстандык динаятчы Обидхон Кори Назаров да Батыштагы басылмалар маселени натуура аңытка буруп жатышканын белгиледи. “Дегинкиси ислам дининде хадистердеги эрежелерди чечмелеп түшүндүрүү ар качан боло жүргөн адат. Куранды да, хадистерди да диний аалымдар ар бир заманга ылайык кантип кабылдоо керектигин айтып-деп, ташбыйкат кылып келишкен”,- дейт ал.

Лондондогу Chatham House изилдөө борборунда иштеген түркиялык эксперт Фади Хакура башкача пикирин билдирди. Ишти Түркиянын өкмөтү каржылап жатканын эске алганда, бул – революция, - дейт ал. Долбоорду Хакура системалуу, ар тараптуу жана өтө ыкчамдатылган процесске салыштырды.

Долбоор быйыл жыл этегине барып бүткөрүлөт, басылма арап,англис,орус жана башка тилдерде жарыкка чыгат. Профессор Эрул хадистердин кандай жоболору жаңыча чечмеленип жатканын айткан жок. Ал эми Хакура айрым жагдайдарды тактады. Атап айтканда, аялдарга жалгыз-жарым жол жүргөнгө, бир жактарга барганга тыйуу салган эреже мындан миң жылдай мурдагы коопсуздук шарттарынан улам келип чыккан. Бул жобо долбоордо эми жаңыча чечмеленип, буга Мукамбет пайгамбар өзү “аялдар алыс-жуук сапарга жалгыз чыккан күн келерин эңсегени” башкы негиздеме болгону жатат.

Мындан тышкары Хакура уурулук кылган адамдын колун кесип салууну караган эреже да азыркы замандын өңүтүнөн түшүндүрүлөт деп билдирди. Мындай жаза тарыхта кыска кезең гана колдонулган жана айрым мусулман өлкөлөрүндөгү азыркы шарттарга ылайык келбей калды. Уруулук кылгандарга түрмөгө отургузуу,айыппул салуу жана башка жазаналар киргизиле баштады.

Бирок хадистердин түрк аалымдары сунуш кылганы жаткан жаңы түшүндүрмөлөрүн жалпы мусулман журту кабыл аларына кандай өтүлдүк бар?

Дин мамлекеттен бөлүнүп, өкмөт бийлик жүргүзгөн Түркияны көп жерде чыныгы мусулман өлкөсүндөй көрө беришпейт. Түштүк Кыргызстандагы Ош университетинде мурда суфизмден дарс окуган эксперт Хакимжон Хусанов бул жерде 15 жыл илгери Дианет тажрыйба өткөрүп, жергиликтүү мусулмандарды иренжитип салганын эске салды. Анын үстүнө пайгамбар алейсалемге ыйык Куран аян болуп түшкөндөн кийин ал жерде баары түгөл жана биротоло баян кылынды деп айтылган. Эми анын баарын кайра карап чыккандын кандай кажети бар? – дейт Хусанов.
XS
SM
MD
LG