Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:11

Мындан үч жыл илгерки Кыргызстандагы бийлик алмашуусу аркыл талаштарды чакырып келатат. Быйыл үчүнчү жылдыгы белгиленчү 2005-жылкы ыңкылаптын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/8391BDC4-3857-4AA5-BBF6-4AACA07F7FC2.asp себептери жана натыйжасы тууралуу пикирин сурап кабарчыбыз Бекташ Шамшиев вице-премьер-министр Досбол Нур уулуна кайрылган.



- 2005-жылкы март окуяларынан бери үч жыл өттү. Ошол үч жылдан бери бул революция беле же бийликти тартып алуубу деген талаштын үстүндө келатат. Мына кийинки кездери бийлик тартылып алынган деген пикир көбүрөк айтылууда. Сиздин оюңузча, 2005-жылдын 24-мартында эмне болгон эле?

- Биринчи кезекте мен окумуштуy тарыхчы катары айтайын, бул чыныгы элдик революция болгон. Экинчи жагынан мына ошол революцияга башынан аягына чейин катышкан адам катары мен ошол окуя бир күндө эле даяр болуп калбаганын айткым келет. Бул көп жылдык даярдыктын натыйжасы.

2002-жылкы Аксы окуясынан кийин бул өзү катуу өөрчүгөн. Эл биринчи кезекте революция менен төңкөрүштүн айырмасын билиши керек. Революция деген бышып жетилиши керек. Ал эми төңкөрүш деген ошол эле бийликтин ичинде жүргөн адамдардын куралду күч менен бийликти тартып алышын түшүндүрөт. Дүйнөнүн көп жерлеринде мамлекет башчысынын жанында жүргөн адамдар аны кетириш үчүн куралдуу күчтөрдүн жардамы менен төңкөрүш жасайт. Бул ишке көбүнесе күч кызматынын өкүлдөрү катышат. Мына ошолор бир түндө эле бийликти алып коет да, эртең менен эл турса өкмөттүн кайрылуусу, көчөдө башка маанай.



Ал эми бизде болсо 24-мартка чейин бүт бийлик элдин колуна өткөн болчу. Жалалабатта мартта эле бийлик элдин колуна өткөн. Андан кийин Ошто, Баткенде, Нарында, Кочкордо, Тоңдо, Токмокто, Жайылда, Таласта бийлик элдин колуна өткөн. Маселен, Баткенде ак кепкачандар каршылык көрсөтүп, 9 киши оор жаракат алган. Мен ошол ишке катышып калдым. Ошол нааразылыктардын акыркы күнү – 24-мартта бийликти кууп, талкалап кетирели деген ой болгон эмес.

Үрөйү учкан төбөлдөр өзү эле бийликти таштап качып кетишти. Ошон үчүн кан төгүлбөй элдик революция жеңип чыкты. Башка маселе, дүкөндөрдүн, соода түйүндөрүнүн тонолушу. Революцияны жалаң эле жакшы күчтөр эмес, жаман күчтөр да коштой жүрөт. Бир күндө баарын тескегенге революционерлердин чамасы келбей калды.

- Досбол мырза, ошол кездеги революцияга жандуу катышкандардын көбү азыркы бийликтин каршылашы болуп чыга келди. Алардын көбү алданып калышканын, бийликке революцияга эч тиешеси жок кишилер келип калганын айтышуyда. Сиздин жообуңуз кандай?

- Андай сөздөрдү мен дагы угуп жатам. Киши бирөөнү күнөөлөштөн мурда өзүнө да эсеп берип, кылган-эткенине эсеп берсе дейм да. Туура, ошол эле революцияда биз менен чогуу болуп бийликке келип, бирок да ишинен кемчилик кетирдиби дейбизби же ал нааразы болду дейбизби, иши кылып ар кандай себептер менен кызматтан четтеп калгандан кийин эле муштумун түйүп оппозицияга өтүп жатышат. Алар чыныгы революционер эемс. Кызыктырган нерсеси бийлик, кызмат болуп жатпайбы.



- Азыркы бийлик каршылаштары дейбизби, сынчылары дейбизби, революция аягына чыга электигин айтып, аны биротоло аягына чыгаруу керектигин айтышууда.

- Ошол революция аягына чыкпай калды дегендер кимдер? Негизинен өзүнүн жеке максатына жетпей калгандар. Кызматтан четтеп калышкан. Кыргызстан мамлекети кичинекей. Баары бири-бирин билишет. Кимдин кандай чама-чаркы бардыгын билишет. Эми, албетте, биз каалагандай, революция каалагандай боло бербейт экен. Аны кыргыз мурунтан эле ташка тамга баскандай айтып койгон “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” деп. Мындай болуш керек эле деп жер тепкилеп тура бергенде болбойт. Тигини алганыңар туура эмес деп алды-артын карабай сүйлөй берген туура эмес. Максатка жетпей калгандар күчтү бириктирип элди үндөп жатышат.

- Кийинки кездери азыркы бийликтин мурдагысынан эч кандай айырмасы жок. Мурдагысындай эле кландык-үй-бүлөлүк башкаруу деген сын пикирлер көп айтылып келатат. Айырма жок деген кеп айтылып келатат. Сиз азыркы бийликтин бейнеси тууралуу эмнелерди айтат элеңиз?

- Бизде шек саноо күчтүү. Кимдин кимдердин жардамы менен кызматка келгени, кимдин канча “жеп-ичип” ийгени тууралуу көп айтылат. Кызматка отурган киши артынан ушул жеп ийди деген өсөк сөз көп айтылат. Сындаш жеңил. Ошондой пикир өнөкөткө айланып калган. Далили жок эле жамандоого түшүп алганбыз.

Эгерде мурдагы бийлик менен азыркынын айырмасы жок болсо социалдык-экономикалык өнүгүү кайдан келмек? Туура, биз каалагандай коррупциянын тешигин жаап кое алганыбыз жок. Аны таптакыр жаап коюш мүмкүн эмес. Коррупция тотaлитардык-коммунисттик доордо деле болгон, туурабы? Бүгүнкү күндө экономика өнүгүп, бюджетке салыктардын 2 эсе чогулуп жатканы кайдан?

Жогорку Кеңеште мектептерге көп акча кетти, бул кетиш керек деп мени каралоосу эсиңерде бар да. Селден улам 8 мектеп кыйрап, окуучулар чатырда окуп калышкан. Эки мектеп окуучулары мечитте окушкан. Мына ошондо жалпы мектепке бөлүнгөн акчанын суммасы 67 миллион сом болчу. Былтыр биз миллиард ашуун сомго мамлекет акчасына мектеп курдук. Канча акча көбөйгөнүн эсептеп көрчү. Жаңы 75 мектепти бүтүрүп бердик. Социализмден чала-чарпыт башталган мектептерди бүтүрүп жатабыз. Мына быйыл дагы миллиард сомдон кем болбойт. Капиталдык салымдар 2006-жылы 300 миллион сомго жетчү эмес. Быйыл капиталдык салымдар 4 миллиардга бара жатпайбы. Ал акча кайдан? Туура, биз коррупцияны толук ооздуктай албадык. Инфляция күчөп баратат. Биз дүйнөлүк өнүгүштөн четте тура албайбыз.

Бизде өнбөгөн нерсени чет өлкөдөн алып келебиз. Мына тракторлор. 15 жыл ичинде болгон техниканын баары эскирип, эч бир техника келген эмес, эми келип жатат. Мына мен өкмөттүк отурумда Машина трактор станциясын түзүү сунушун айттым. Кудум 30-жылдардагыдай машине-тракторлорду чогултуп, бир жерден иштетүүгө келип калдык. Ошондой деңгээлге келип калдык. Ошондой колунда барлар алып, колунда жоктор алалбай калып калышпадыбы. 17 жыл талкаланган нерсени оңдоо кыйын да. Талкалаганга караганда куруу кыйын.

- Досбол мырза, кийинки кездери уруyчулук тууралу да көп сөздөр болууда.

- Мына менден урууң ким деп сураса уруум да, улутум да кыргыз деп айтам. Биздин менталитетти мыйзам менен же бир башка программа менен өзгөртүш мүмкүн эмес. Бул өзү жетер чегине жетип өзү акырындык менен кетет. Казактын улуу инсаны Динмухамед Кунаев абдан туура айткан, кыргыздын душманы жок, кыргыздын душманы кыргыз деп. Бизде улуттук патриотизмге караганда уруулук патриотизм күчтүү. Ошондон ким кызматка келсе ал кайсы уруудан экенине кызыгышат. Ошон үчүн жакында “Агым” гезитинде мен жөнүндө уруусун жашырган деп макала чыгып кетти. Менин улутум, уруум бирөө эле – бул кыргыз. Качан улуттук сезимге келгенибизде бизде өнүгүү бат жүрөт. Бөлүнүүчүлүк, буттан тартуy бизге адат болуп калган. Аны акырындык менен кандан сүрүп чыгарыш керек.
XS
SM
MD
LG