Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:13

ЫҢКЫЛАПТАН КИЙИН БУЮРТМА МЕНЕН АТЫЛГАН СПОРТЧУЛАР


2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин буюртма менен белгилүү беш спортчу мерт болду. Расмий маалыматтарга караганда, эгемендик жылдары жалпысынан ушул жол менен 20 спортчу жок кылынган. Бирок аларга байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин бири да акырына чыгып, бети ачыла элек. Ички иштер министрлигинин акыркы маалыматына караганда, буюртма киши өлтүрүүгө, анын ичинде белгилүү спортчулардын өлүмүнө байланышкан жагдайлар коллегияда каралары күтүлүүдө.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгону мурдакы спортчулардын көбү коммерция тармагында иштеп, ишкер катары төбөсү көрүнгөндөрү да болду. Спортчуларды айрым белгилүү ишкерлер жан сакчы кылып жалдап алган учурлар да арбын жолугат. Өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касеновдун пикиринде бийлик, байлык үчүн тирешүүлөрдө айрым мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер спортчуларды пайдаланып, акырында спортчулар ок жеп, мерт болушкан.

-Айрым спортчулар чоң спорттон кеткенден кийин мамлекет тарабынан камкордук болбой алар кароосуз, ишсиз калгандыктан айрымдары ири ишкерлерге же криминалдык авторитеттерге аргасыз жалданып иштеп, айдаган жагына барып, ур дегенин уруп, өздөрүнө душман күтүп алышкан жагдайлар болгон.

Маселен, 2005- жылы 10-апрелдин кечинде кыргызстандык каскадерлор мектебин негиздеген, дүйнөгө таанымал каскадер Үсөн Кудайбергеновду Ортосайдагы үйүнөн буюртма менен атып кетишкен.



Кыргызстандык белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергенов учурунда 300дөн ашык кинотасмага тартылган. Ал Кыргызстанда каскадерлордун мектебин негиздеген. Ат менен 30 метр бийик аскадан сууга секирип Гиннестин дүйнөлүк рекорддор китебине кирген жалгыз кыргыз. Ошондой эле Үсөн Кудайбергенов 24-марттагы ыңкылаптан кийинки талап-тоноо учурунда элдик кошуун түзүп, мамлекеттик мекеме, банктарды сактап калууга салым кошкон.

2005- жылдын10-июнда чак түштө Жогорку Кеңештин депутаты,Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, дзю-до күрөшү боюнча спорт чебери Жыргалбек Сурабалдиевди Бишкекте белгисиз бирөөлөр атып кетишкен.

1998- жылдан бери Жыргалбек Сурабалдиев жеке ишкерлик менен алектенип, Бишкектеги авто тетиктерди жана авто машиналарды сатуучу «Кудайберген» жана «Азамат» базарларынын ээси болгон. 2002- жылы Кыргызстандын ишкерлер биримдигинин президенти болуп бир добуштан шайланган.

24-марттагы ыңкылап учурунда Жыргалбек Сурабалдиев жана башкалардын ак шапкечен жигиттери элге каршы турган деген пикирлер да айтылып жүрөт. Жыргалбек Сурабалдиев учурунда «ак шапкечен» жигиттер менен эч кандай байланышы жоктугун айтып, «Азаттык» үналгысына да интервью берип, бардык маалымат каражаттары аркылуу бул пикирди төгүндөгөн эле.

Ички иштер министринин мурдакы орун басары, генерал-майор, учурдагы Нарын облусунун губернатору Өмүрбек Суваналиев Сурабалдиевдин өлүмүн буйрутма киши өлтүрүү катары баалап, кылмышкерлерди издеп табууга аракет кылышаарын билдирген эле. Бирок, ал дагы бул кылмыштын бетин ачууга убактысы, мүмкүндүгү болбоду.

Ошол күндөрү маркум Сурабалдиевдин кызы Эльвира атасынын өлүмүн бийлик башында отурган адамдар тарабынан жасалган саясий заказ деп баалаган жана депутаттын өлүмүнүн кылмыштуулук менен байланышы жок деп эсептээрин билдирген.

2005- жылдын 21-сентябрда, саат түнкү 10 дун тегерегинде Бишкекте өз үйүнүн жанынан Жогорку Кеңештин депутаты, Улуттук олимпиада комитетинин президенти, дзю-до жана күрөш боюнча спорт чебери Баяман Эркинбаевди белгисиз бирөөлөр атып кетишкен.



Баяман Эркинбаев Алыш күрөшү боюнча Азия федерациясынын президенти катары бул спортту дүйнөлүк аренада таанытууга аракет кылды. Ошондой эле 30 өлкө мүчө болгон дүйнөлүк Алыш федерациясынын вице-президенти болуп да шайланган. Анын демилгеси менен өткөрүлгөн Алыш күрөшү боюнча Азия, дүйнө чемпионаттарында кыргызстандык балбандар 5 алтын медалдын ээси болушкан.

Ош шаарында Баяман Эркинбаев өз каражатына 26 миллион сомго эл аралык талаптарга ылайык «Палван сарай» комплексин курган.

2005-жылы май айында Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетине президент болуп шайланган.
Баяман Эркинбаев Кыргызстанды эл аралык аренага тааныткан жигиттерди тарбиялап, демөөрчүлүк кылганын спорт адистери айтып жүрүшөт. Ошондой эле ал тууралуу ар кандай сын айтылып, Карасуу базарынын мурдакы директору Абдалим Жунусовдун өлүмүнө себепкерлердин бири дешкендер да учурунда болгон.

Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев маалымат жыйынында акыркы үч- төрт жылда өлкөдө ондон ашуун адам буюртма жол менен өлтүрүлгөнүн айтып, бул кылмыштардын бетин ачууну өзү көзөмөлгө алаарын билдирген.

2006- жылы 8-январда Азиянын грек-рим күрөшү боюнча эки жолку чемпиону, кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер, даңазалуу балбан Раатбек Санатбаевди Бишкектеги 7-кичи районунда инисинин үйүнүн алдынан белгисиз бирөөлөр атып кетишкен.



Спорт коомчулугу Раатбекти Улуттук олимпиада комитетинин жыйынында бул уюмдун мүчөлүгүнө көрсөтүп, жетекчи органына сунуштап жатышкан. Эгерде Улуттук олимпиада комитетине мүчө болуп шайланып калса, президенттикке талапкерлигин койсо спорт коомчулугу колдоп кетмек, ошондуктан анын жашоосуна айрым атаандаштары кыянатчылык кылды деген пикирлер да айтылып жүрөт.

Өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча улук машыктыруучусу, Кыргызстанга эмгек сиңирген устат Эмил Алыкулов Раатбектин адамкерчилиги бийик болгонун айтып, “анын өлүмүн саясатка байланыштырууга болбойт, тирүү болсо кыргыз спортуна зор салым кошуп, мыкты жетекчи чыкмак” дейт:

- Эми эмне болуп, кандайча каза болгону алигиче табышмак, себебин билбей турабыз. Душмандары деле жок болчу, элден карыз деле алган эмес экен. Ачык көңүл, жайдары, кең пейил жан эле. Ушунтип баш көтөргөн жигиттерибизди четинен көзүн тазалап жок кыла беребизби? Деги мындай көрүнүш качан токтойт? Раатбек бош убактысында спорт залга келип жаш балбандарга күрөш сырларын, ыкмаларын үйрөтүп турчу. Ал спорт менен гана жашап, жалын жаштыгын мекендин намысын коргоого жумшаган.

Социал-демократтар фракциясынан Жогорку кеңештин депутаты Жусупжан Жээнбековдун пикиринде Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери жыйырмадан ашуун спортчу буюртма менен өлтүрүлгөн. Айрыкча Раатбек Санатбаев, Үсөн Кудайбергенов, Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмүнүн сыры эмдигиче ачыла элек. «Артымдан атканы аңдып жүрүшөт, өмүрүм коркунучта» деген Баяман Эркинбаевди дагы Кыргыз бийлиги коргой албаганы өкүнүчтүү, дейт депутат Жусупжан Жээнбеков.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун айтымында белгилүү спортчуларды буюртма менен атылып өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иши козголуп, айрым шектүү адамдар кармалып, учурда дале тергөө жүрүп жатат.

Март айынын аягында ушундай буюртма менен өлтүрүү фактылары боюнча ички иштер министрлигинин жыйыны болоорун Бакыт Сейитов кошумчалады.
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери жыйырмадан ашуун спортчу буюртма менен өлтүрүлгөн.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG