Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:24

11:55 Башкы прокуратура Коомдук парламент ишин мыйзамга ылайык жүргүзүүсүн талап кылууда


Коомдук парламенттин спикери Абдыганы Эркебаев бүгүн аталган парламенттин экинчи отурумунда Башкы прокуратурадан атайын кат келгенин маалымдады. А. Эркебаевдин билдиришинче кат парламенттин баардык мүчөлөрүно жолдонуп, Кыргызстанда бийлик шайлоо, референдум, ошондой эле мамлекеттик түзүмдөр жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары аркылуу ишке ашаарын, бул оппозициялык уюм мыйзам чегинде гана ишмердүүлүгүн жүргүзүшү керектиги айтылган. Буга чейин ушундай мазмундагы кайрылууну Адилет министрлиги да жолдогон эле. Коомдук парламент өкүлдөрү бул аракеттерди бийлик тарабан жасалган кысым катары сыпатташууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG