Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:55

“Азаттык” үналгысы 24-март Элдик революция күнүн утурлай маектердин түрмөгүн сунуштоодо. Бул ирет президент Курманбек Бакиевдин маалымат катчысы Нурлан Шакиевди кабарчыбыз кепке тарткан.

24-марттагы окуянын катышуучусу

- Үч жылы мурун 24-март күнү сиз кайда элеңиз? Ошол күндү эстеп айтып бере аласызбы?

- 24-марттагы окуялардын катышуучусумун деп айтсам болот. Ошол кезде Курманбек Салиевич башында турган Кыргызстан элдик кыймылы түзүлбөдү беле. Ошол учурда мен Курманбек Салиевичтин массалык маалымат каражаттары боюнча жардамчысы болуп жүргөм. 24-март күнү биз Назаралиевдин медициналык борборунан Алатоо аянтын көздөй чогуу келгенбиз. Ошол келе жаткан топтун эң алдыңкы катарында жүрдүк. Максатыбыз башкача болчу да. Келип, тынчтык жолу менен ушул жерде элдин көйгөйлөрүн, ошол учурда жүргүзүп жаткан бийликтин саясаты менен макул эместигин билдирип аянтта турабыз деп ойлогонбуз. Бирок тилекке каршы заматта алдын ала түзүлгөн пландар бузулду. Себеп дегенде провокация болуп, жанагы ак шапкечендер чыга калып жөн турган элди токмоктоп киришти. Ошол жерден баш аламандык болуп элдин калың катмары Акүйдү көздөй агылып жөнөп, Акүйгө кирип кетишти.

- Демек ошол күнү Акүйдүн алынаары сиздердин планда жок болчу?

- Менин билишимче андай планда жок болчу. Себеп дегенде мен координациялык кеңешке кирген эмесмин, бирок митингчилер менен чогуу болгом. Андай планда болгон эмес, жөн эле ошол жерде нааразылык билдирип турабыз дегенбиз. Анан бийлик астейдил көңүл бөлбөсө күчтүрөөк ыкма болмок. Бирок эч качан жанагындай кылып Акүйдү басып алуу деген планда болгон эмес.

“Ыңкылаптагы талаптар дээрлик аткарылып бүттү”

- Кыргыз ыңкылабы болгондон берки үч жыл аралыгында кандай олуттуу өзгөрүүлөр болду? Жакшы жактары, кемчиликтер дегендей.

- Биринчиден, ошондо революцияга чыккан элдин талабы - ошол кездеги бийликти кетирүү, конституцияны өзгөртүү, коррупция менен күрөшүү, үй-бүлөлүк башкаруу режимин жоюу болгон. Революциядан кийин ошол элдин талабы дээрлик толук аткарылып бүттү деп айтсам болот. Өлкө бийлиги алмашты. Бул биринчи талап. Экинчиси конституциялык реформа болчу. Бүгүнкү күндө конституциялык реформа революциянын талабындай заматта болгон жок. Баардыгы кырдаалга жараша, өз нугу менен 2007-жылы бүткүл элдик референдум аркылуу жүргүзүлдү, биз жаңы конституцияны кабыл алдык. Үчүнчүсү коррупция менен күрөшүү боюнча жана үй-бүлөлүк башкарууну жоюу деген талаптар болчу. Коррупция менен күрөшүү бүгүнкү күндө өз жемишин бере баштады. Анын далили катары ушуну айтса болот. 2005-жылы жаңы бийлик келгенде өлкөнүн мамлекеттик бюджети 18 миллиард сомдун тегерегинде болчу. Бүгүнкү күндө өлкөнүн бюджети ошондон дээрлик эки жарым эсе өсүп элүү миллиардга чамалап калды. Бул акча булагы негизинен коррупция менен күрөшүүдөн пайда болуп жатат. Өзүңүздөр билесиздер, үч жыл ичинде бизде өсүү темпи өз этабы менен келип, мынакей 2007-жылы улуттук дүң продукциянын өсүшү сегиз пайыздан ашты. Бул өтө чоң жетишкендик болду. Өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхында он жети жылдан бери мындай өсүш болгон эмес. Жаңы бийлик ошого жетишти. Коррупция менен күрөшүүнүн бу да болсо бирден бир көрсөткүчү катары айткым келет.

Ал эми үй-бүлөлүк башкаруу боюнча айта турган болсок, ошол учурда мурдагы президенттин үй-бүлөөсү саясатта, экономикада болобу өзүнүн үстөмдүгүн көрсөтүп келген болсо, бүгүнкү күндө ал көрүнүш жок бизде. Демек ыңкылапка койгон талаптар аткарылып жатат. Албетте, анын баардыгы талаптагыдай, эл каалаган деңгээлде толук аткарылбаса дагы, дээрлик аткарылды. Буюрса, бул үч жылдын ичинде аткарып койчу талаптар эмес болчу. Ошого карабай аткарылды. Мына жакынкы жылдары революциянын талаптары толук ишке ашат деп ойлойм.

“Акаев менен Бакиевдин айырмасы асман менен жердей”

- Азыр айрым серепчилер, талдоочулар мурунку президент Аскар Акаев менен азыркы президент Курманбек Бакиевдин саясатындагы айрым бир окшоштуктарды белгилеп келишет. Кадр саясатында же дагы башка тармактарда өзгөрүү деле болгон жок деген тыянактар айтылат. Сиз ушул тыянактар менен макулсузбу?

- Сырттан карап туруп сындагандан жеңил нерсе жок. Мына президентибиз Курманбек Салиевич бир нече ирет кайталап айтты. Бизде 15 жыл Аскар Акаев башкарган учурда жетишерлик деңгээлде Кыргызстандын ар бир тармагын тартып кете турган, тейлеп ишти алып бара турган кадрлар даярдалбаптыр. Мунун баары ыңкылаптан кийин көрүнбөдүбү. Эми он беш жыл бир система болсо, ошол системадан кандай башка альтернативдүү кадрлар өсүшү мүмкүн болчу? Эч кандай. Тилекке каршы, ошол кадрлар менен иштешүүгө туура келди. Ооба, башында президент өзү дагы бул маселени, бул жагдайды айтканда кээ бир учурларда шашылыш түрдө дайындоолор болуп, бирок анын баары өз учурунда ордуна келтирилип, ошол кемчиликтер жоюлуп атканына токтолгон эле. Мына көпчүлүк жетекчилер революциянын шары менен келип калышты. Бирок иш жүзүндө көпчүлүгү белгиленген ишти, участокту тартып кете алышкан жок да. Өздөрү даяр эмес экен, же болбосо колунан келбестигин, татыксыздыгын көрсөттү. Мезгил өзү тараза болуп, кырдаалга байланыштуу, ишине байланыштуу алардын көпчүлүгү алмаштырылды.

Анан окшоштуктар жөнүндө айта турган болсом, Аскар Акаев менен Курманбек Салиевичтин президенттик ишмердигинде балким сыртынан караганда кээ бирлер ошондой деши мүмкүн. Бирок чындап караганда экөөндө асман менен жердей эки башка айырмачылык бар. Биринчиден, Курманбек Салиевичтин жүргүзүп жаткан саясаты бүгүнкү күндө элге жакын болуп жатат. Эл менен Курманбек Салиевич дайым бирге, элден алыстаган жок. Аскар Акаев болсо элден улам алыстап отуруп, мындайча айтканда Аскар Акаев асманда эл жерде калган. Эл менен бийликтин ортосундагы ажырым аябай чоңоюп кеткен. Курманбек Салиевич эң алгачкы жолун катардагы заводдун жумушчусунан баштап президенттикке чейин жалаң эл менен иштеген үчүн элге жакын болуп жатат. Аскар Акаев болсо теоретик болгон да. Бул киши академик болуп туруп эле, дароо илимден бийликке келип калды. Демек айырма өтө чоң.

“Чыныгы демократия Кыргызстанга ыңкылаптан кийин орноду”

- Жергиликтүү укук коргоочулар, айрым эл аралык уюмдар Кыргызстан 2005-жылдан бери адам укугу жаатындагы абал начарлап кетти дешип, буга мисал катар Бишкек шаардык кеңештин нааразылык акциялардын өтушун чектеген токтомун, акцияга чыккандардын камалышын мисал катары келтиришет. Чынында эле өлкөдө адам укугу жаатындагы абал начарлай түштүбү?

- Бул боюнча бир жактуу пикир айтуу өтө кыйын. Себеп дегенде, он беш жыл ичиндеги Кыргызстандагы адам укугу менен ыңкылаптан кийинки үч жыл аралыгындагы адам укугун салыштырып болбойт. Мынакей, он беш жыл бизде демократия бар деп келбедикпи, Кыргызстан “демократия аралчасы” аталып. Бирок бул сөз жүзүндө гана болуп, иш жүзүндө эч кандай деле демократия болгон эмес. Ошол эле президентке каршы сүйлөгөн Топчубек Тургуналиев, Замира Сыдыкова, Куловдун камалышы, демократия аралчасындагы куугунтуктоолор аябай чоң суроону туудурган да.

Ыңкылаптан кийин болсо эл, коом мурда болуп көрбөгөндөй активдешип кетпедиби. Он беш жылдан бери активдешпеген эл 2005-жылдан баштап, ыңкылаптан кийин үч жыл ичинде кескин түрдө өтө активдүү түрдө өсүп кетпедиби. Чыныгы демократия ыңкылаптан кийин башталбадыбы. Ошол эле учурда, мына, үч жыл ичинде бир адамга куугунтук жасалып, бир саясий айып тагылып кесилип кеткен адам, саясатчы жок бүгүнкү күндө. Акаев доорундагыдай эч бир саясатчы бийлик тарабынан куугунтукка алынып кесилген жок.

Массалык маалымат каражаттары боюнча да, сөз эркиндиги боюнча аябай өсүү болду. Ошол эле “Азаттык” радиосун билесиздер, 2005-жылдары эфирден толкундарын жаап койгон. Пирамида каналы жабылган. Толтура учурлар болбодубу, канча гезиттер сот аркылуу ишин токтотту. Мына ыңкылаптан бери андай мисал жок да. Массалык малымат каражаттарынын баардыгы өркүндөп өсүп жатат. Демократияда өсүш болуп жатат.

Адам укугунун принциптерин бир караганда аркага кетти деген менен далилдүү фактылар болбой жатат. Жалпы жонунан сөз менен айтып коюп жатат, бирок фактыга келгенде, салыштыруу ирээтинде алып карай турган болсок, андай болбой жатат, дал келбей жатат. Ошон үчүн мен бизде адам укугу эч кандай аркага кеткен жок, тескерисинче өсүп жатат.

“Гезиттердин соттолушу кадимки эле көрүнүш”


- Азыр “Алиби”, “Де-факто” гезиттеринин үстүнөн сот жүрүп жатат эмеспи?

- Бул массалык маалымат каражаттарынын турмушунда демейдеги көрүнүш катары эсептелиши керек. Себеп дегенде буга чейин эгемендүүлүк алгандан бери мындай сот процесстери аябай көп болгон. Бир топ гезиттер жабылып калган. Ыңкылаптан кийинки бийликтин тушунда азырынча жабылып калган гезит жок. Балким, буларга соттун чечими таптакыр башкача болушу мүмкүн. Кайсы бир деңгээлде айып төлөө менен, административдик чаралар менен кутулушу мүмкүн, иш ушундай аякташы мүмкүн. Азырынча сот процесси уланып жатат. Демек биз муну массалык маалымат каражаттарындагы чоң трагедия катарында карабашыбыз керек. Мен буга эч кандай саясий боек берүүнүн кереги жок деп айтат элем.

“Аксы окуясы президенттин көңүл борборунда”

- Маегибизди Аксы окуясы боюнча уласак. Жакында эле Элдик сот болуп Аскар Акаев, Курманбек Бакиев дагы күнөөсү жок элге атылганына күнөөлүү деп чечим чыгарылды. Эмне себептен Аксы окуясына эмдигиче чекит коюлбай келек жатат деп ойлойсуз? Буга карата бийликтин саясий эрки жетпей жатат деген да пикирлер айтыла жүрөт.

- Биринчиден, Элдик сот деген түшүнүк биздин Конституцияда жазылган эмес. Баш мыйзамда жок түшүнүк көрүнүш. Бул соттун өзүнүн өтүшү юридикалык жактан бир дагы нормага туура келбейт. Бирок адамдар өз укуктарынан пайдаланып жарандар чогулушуп ар кандай көйгөйлөрдү, маселелерди талкуулаганга акылуу. Балким ошонун негизинде чогулуп Аксы окуясы болгон күнгө туштап, 17-мартта алты жылдык датасына арнап сот өткөрүштү окшойт. Мен элдик соттун чечими юридикалык күчкө ээ эмес деп айтат элем. Баягы коомдук пикир түзүү боюнча же пикир жаратуу боюнча ошондой кадамга барышты окшойт.

Бүгүнкү президент Курманбек Салиевичтин ал жерде эч кандай тиешеси жок экен. Буга чейинки баардык юридикалык жактан, расмий соттор караган. Айтып атышпайбы, караган жок, эч кандай жылыш болгон жок, буга көңүл бөлүнгөн жок, аягына чыкпай атат деп. Бул туура эмес, себеби президент Курманбек Салиевич бийликке келгенде эле Аксы окуясынын бирден бир каарманы болгон Азимбек Бекназаровду башкы прокурор кылып дайындап, “ушул окуяны аягына чыгарыңыз, бүт бардыгын далилдеп сотко өткөрүп бериңиз” деп маселе койгон. Бирок тилекке каршы Азимбек Бекназаров өзү алты ай Башкы прокуратураны жетектеп туруп бул окуянын, бул иштин аягына чыга алган жок. Кийин башка прокурорлор келгенде деле Курманбек Салиевич ушул маселени өзүнүн көзөмөлүнөн чыгарбай бардыгына “Аксы окуясы боюнча ишти алдыга жылдыргыла” деп айтып жатты. Мына Конгантиев аракет кылып тийиштүү документтин баардыгын сотко өткөрүп берди. Бул боюнча сот болду. Ошол убактагы катышы бар деген адамдардын кээ бирлери юридикалык жазаларын алышты. Андан кийин азыркы прокурор Сатыбалдиев келгенде дагы президент Аксы окуясы боюнча маселени койгон. Жаңы прокурор дагы өзүнүн аракеттерин көрдү. Ошонун негизинде сот кайрадан болду. Ошол окуяда күнөөсү бар деген адамдардын көбү шарттуу түрдө кесилди.

Демек, Аксы окуясы жөн эле көз жаздымда калган жок. Бүгүнкү күнгө чейин президент көзөмөлгө алып жатат. Ал боюнча атайын расмий органдар, Башкы прокуратура, Жогорку сот дагы бул боюнча өзүнүн отурумдарын өткөрүп иш жүргүзүп жатат, токтогон жок.

Элдик сот андагы чечимдер тууралуу айта турган болсом, мыны ушул президенттин аракеттери бар болуп жатат. Президенттин күнөөсү жок экенин буга чейин бир топ жагдайларда президент өзу дагы айткан. Ошол эле укук коргоо органдары дагы айткан. Мына ошол 2002-жылы коопсуздук кеңешинде президент “премьер-министр, өкмөт башчысы катары менин бул жерде моралдык күнөөм бар, бирок тикелей күнөөм жок” деп, өзү арыз берип өкмөт башчылык кызматтан кеткен. Мунун өзү ошол кездеги чоң эрдик болбодубу. Анан Аксы окуясы болгон округа барды. Ошол эле Аксы, Алабука, Чаткалдан депутаттыкка койду. Ошондо аксылыктардын баары “Курманбек Салиевич, сиздин күнөөңүз жок, сиз бул жерде туура эмес кылдңыз, кетпей эле койсоңуз болмок” деп айтышты. Анан эл күнөөсү жок экенин далили катары Курманбек Салиевичти биринчи турда депутаттыкка шайлабадыбы. Мунун өзү көп нерсени айтып турат.

- Нурлан мырза, куруп берген маегиңизге чоң рахмат.

Маектешкен Элеонора Бейшенбек кызы
XS
SM
MD
LG