Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:41

13:45 ЖКнын комитети Орусия Кыргызстандагы аскер базаларын колдоно беришин колдойт


Жогорку Кеңештин коргонуу, коопсуздук, укуктук тартип жана соттук-укуктук реформа боюнча комитети Орусиянын Кыргызстандагы аскерий объектерин колдонуунун тартиби жана Кыргызстандагы орусиялык аскерлердин макамы тууралуу документтин ратификацияланышына макулдук берди. Ал документке ылайык Орусиянын Чалдабар, Каракол жана Майлысуудагы үч базасын колдонуу дагы он беш жылга узартылмакчы. Бул протоколго кол 1997-жылы эле коюлган, бирок ратификациялана элек болчу. Коргоо министри Исмаил Исаковдун маалымдашынча Кыргызстанга жылына бул объектерди колдонуудан төрт жарым миллионго жакын АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат түшөт, бирок акчалай берилбей, ал каражаттын эсебинен өлкө аскердик техника алат жана кыргыз аскер кызматкерлери окутулат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG