Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:07

Жогорку Кеңештин экономика, бюджет жана каржы комитети 1916-жылы болгон Үркүндө каза болгондорду, дегеле ошол кайгылуу окуяны эскерүү тууралуу токтом долбоорун карап, парламенттин кароосуна сунуштады. Мындай токтомду кабыл алууга зарылдыгы эмнеде болду жана парламент аны жактырып кабыл алса, Үркүн качан, кай жерде белгилениши мүмкүн? Мына ушундай суроолор менен “Азаттык” Жогорку Кеңештин депутаты Бейшенбек Абдрасаковго кайрылган.

- Бул экономика жана бюджет эмес, мыйзам боюнча комитетинде каралды. Бул эмне үчүн керек дегенде, биринчиден, биз тарыхыбызды унутпай сыйлашыбыз керек. Өткөн жаман окуядан биз сабак алышыбыз керек. Экинчиден, өсүп келаткан жаштарды патриоттуулукка, элин, жерин сүйүүгө тарбиялашыбыз керек. Үчүнчүдөн, өзүңүздөр билесиздер, арбак ыраазы болмоюнча тирүү жарыбайт дейт. Ошондон улам биз арбактарды ыраазы кылып коюшубуз керек, анан алардын астында абийирибиз таза болуш керек, атуулдук милдетибизди аткарышыбыз керек.

- Бул токтом алгач ирет парламентте каралганда Улуттук Илимдер Академиясынын тарых институтунун директору Жеңиш Жунушалиев мурун улуттук-боштондук кыймыл деп аталып жүргөн Үркүндү эми кыргын деп атоо же аны кыргыздардын гана башына түшкөн мүшкүл катары белгилөөнүн кереги жок, бул улуттар аралык мамилени да бузууга алып барат деп каршы болгон эле. Окуянын тарыхый негиздерин тарыхчылар менен бирге тактадыңыздарбы?

- Мен андан кийин Тарых институтуна, Илимдер академиясына кат жазгам. Алардын өздөрүнүн сунуштарын, алымча-кошумчаларын алып, ошонун негизинде жаңы долбоор түзүп, аны кечээ карадык. Мен мурда жазгам, сиз айткандай, 16-жылдагы кыргыз элинин улуттук боштондук үчүн болгон күрөшү деп. Аны илимдер академиясы бүгүнкү күндө 16-жылдагы кайгылуу күндөр деп оңдошту. Мен ага деле макул болдум. Геноцид деген сөз бар болчу, аны алып салышты. Ага да макул болдум, макул болбосок таптакыр өтпөй калганы турат. Бирок кеп бул токтомдун аталышында эмес, кеп бир күндү эскерүү күнү кылып алып, анан бүт кыргыз эли эскерип куран окутуп турсак деген эле ой-тилек.

-Үркүндө каза болгон кыргыздардын аты түбөлүккө сакталыш керек деп “Өмүр көчү” жүрүшүн өткөрүп жүргөн атуулдардын бири Жумагазы Садыр уулу Үркүндү мамлекеттик деңгээлде белгилөөгө Кыргызстандын бийлик жетекчилеринин эрки жетпей жатат жана аларды эскерчү жер Кеминде эмес, Бишкектин четинен мурда бөлүнгөн жерде болуш керек деген оюн айтты эле. Токтом кабыл алынса эстелик кайсы жерде орнотулушу жана кандай иш-чаралар менен белгилениши мүмкүн?

- Биз 90 жылдыгына арнап Бишкектин тегерегиндеги үй куруучулар бир сомдон чогултуп эле Боомдун капчыгайында эстелик салганбыз. Ошол эле эстеликти дагы улантып, келечекте жанына музей, мечит, Таластагы "Манас ордо" сыяктуу "Үркүн ордо" кылабыз деген ой-тилек бар. Алдыда Үркүңдүн 95, 100 жылдыгы бар. Ошого чейин ошондой иш чаралар жүрөт го деп ойлойм. Илимий конференциялар болсо, анан жаңы китептерди жазып чыгарышыбыз керек. СССРдин убагында саясат ошондой болгон, окумуштууларга мүмкүнчүлүк берген эмес, ачык жаза алышкан эмес. Мына азыр ошонун баарын ачык жазып, өзүнчө китеп чыгарып, мектепке окуу курал кылып киргизишибиз керек.

Маектешкен Бүбүкан Досалиева, Бишкек
XS
SM
MD
LG