Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:39

Расмий бийликтин мамлекеттик саясатына нааразы күчтөрдөн түзүлгөн Коомдук парламент --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/02/1C435DC6-C881-4674-9DA7-2652D61A7837.asp бүгүн экинчи сессиясын өткөрдү. Жыйында март ыңкылабынан кийинки өлкөдөгү абал талкууланды. Катышуучулар Курманбек Бакиев башында турган бийликтин үч жылдан берки иш-аракеттерине, өлкөдөгү саясый, социалдык жана экономикалык кырдаалга баасын беришти. Бул аралыкта Башкы прокуратура Коомдук парламенттин ишмердүүлүгү мыйзамсыз экендигин эскерткен катты аталган уюмга жолдоду.

Саясий партиялардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, көз карандысыз саясатчылар катышкан жыйында бийликтин үч жыл ичинде жасаган иш аракеттерине, ыңкылаптан кийин өлкөдөгү абал тууралуу сөз кылышты.

Бийликтин жеке адамдын колуна топтолушу, коррупциянын гүлдөшү, аткаминерлердин эл менен эсептешпей калышы - мунун баары эртели-кеч ыңкылапка алып келээри айтылды.

Мурунку Коопсуздук кеңешинин катчысы, Коомдук парламенттин мүчөсү Мирослав Ниязовдун айтымында, Кыргызстан эгемендүү болгондон тартып өлкө башчылары бардык укуктарды бир колго алуу гана аракетин көрүп келатат:

-Бийликти бир колдо кармоо жолу бир да өлкөдө жакшылыкка алып келген жок. Муну тарых да көрсөтүп турат. Азыр эми бийликти децентралдаштыруу мезгили келди.

Ошондой эле М. Ниязов ыңкылаптан кийин түзүлгөн курч саясый кырдаалдан улам 24-март окуясы кайталанышы мүмкүн деген кооптонуу бар экенин белгиледи:

-Мындай кооптонуу бар, бирок 24-марттан кийинки абалды биз көрдүк. Ал эч бир жакшылык алып келген жок. Дагы бир ушундай 24-мартты өлкө көтөрө албайт. Учурда биз акыл менен, терең ойлонуп саясат жүргүзүшүбүз керек.

Жыйында Башкы прокуратура Коомдук парламенттин атына уюм ишин мыйзамга ылайык жүргүзүүнү талап кылган кат жибергени маалымдалды. Коомдук парламенттин мүчөлөрү муну бийликтин кысымы катары баалашты. Башкы прокурордун орун басары Сумар Насиза бул кат коркутуунун бир ыкмасы деген пикирлерди четке кагып, бул жөн гана сунуш экенин “Азаттыкка” билдирди:

-Алар биз уюмга тоскоолдук кылып жатат деп кабыл алышкан экен. Бирок бул эскертүү эмес, болгону сунуш кат. Коомдук парламент февраль-март айында жыйын өткөрүп, анда мамлекеттик органдар карай турган маселелерди карашкан экен. Кыргызстанда бийлик шайлоо, референдум, ошондой эле мамлекеттик түзүмдөр жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары аркылуу ишке ашат да. Биз болгону бул уюмду эгерде республика боюнча иш алып барабыз дешсе, каттоодон өтүп, ишмердүүлүгүн мыйзамдаштырып алсын деп сунуш берип жатабыз.

Белгилүү болгондой, буга чейин ушундай мазмундагы кайрылууну Адилет министрлиги да жолдогон болчу.

“Акыйкат үчүн” кыймылынын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкулов Башкы прокуратуранын бул катын акылга сыйбагандык деп атады:

-Биз Жогорку Кеңештей мыйзам кабыл алганыбыз жок, кадр саясатына жүргүзгөн жокпуз, кыскасы мындай катты жиберген Башкы прокурордун орун басары Жогорку Кеңештин тартибин билбейт өңдөнөт. Бизди бийлик тааныйбы, тааныбайы-бизге бары бир, кандай болгон күндө да биз бул бийликти тааныбайбыз.

Ал эми Коомдук парламенттин мүчөсү Роза Нурматова кечээ анын үйү тинтүүгө алынганын билдирип, муну бийликтин оппозицияны коркутуп үркүтүү аракети деп сыпаттады:

-Кечээ кечинде Таластан келсем, үйүмдүн дарбазасы ачык, бүт жерди тинтиген экен. Алганы процессор менен монитор. Столумдун үстүндөгү кагаздарды чачып, бардыгын тинтишкен экен. Бул бийликтин кылганы.

Жыйында парламенттин курамын кеңейтүү маселеси каралып, ал 105 адамдан курала турган болду. Мындай чечим Коомдук парламентке кирүүнү каалагандардын саны көбөйүп жатышы менен негизделди.

Жыйындын соңунда алты талаптан турган резолюцияга кыргыз- казак чекарасындагы талаштуу жерлер жана Ысыккөлдөгү төрт пансионатты Казакстанга берүү маселесин киргизүү сунушталды. Ошондой эле БШКнын иш аракеттери Элдик сотто каралсын, өлкөдөгү баанын кымбатташына, көз карандысыз маалымат каражаттарына бийлик тараптан кысымдын күчөшүнө байланыштуу акцияларды апрель айынын башталышында өткөрүү сунуштары айтылды.
XS
SM
MD
LG