Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:02

БИШКЕКТЕ ЖАЗГЫ МОДА ЖУМАЛЫГЫ ӨТҮП ЖАТАТ


Орус драма театрнда өтүп жаткан жумалыктын ар бир күнүндө атайын номинациялар боюнча кийимдер топтому көрүүчүлөрдүн сынына коюлууда.

Иш-чаранын алгачкы күнү бүгүнкү күнгө ылайыкташтырылып тигилген кийимдердин сынагы өтүп, анда модельерлер кийизден жасалган коллекцияларын сунушташты. Ошондой эле “Чоң шаардын стили”, “Жаңы көз караш”, “Авангард” жана башка ушул сыяктуу бир катар аталыштар боюнча коллекциялар бар. Жалпысынан бул мода жумалыгына отуздан ашуун өндүрүүчү ишканалар, дизайнер-модельерлер катышууда.

Мындан тышкары бир нече компаниялар буюмдарын сатыкка коюшууда. Алардын катарында өндүрүш тармагында 12 жылдан бери иштеп келе жаткан “Александра” компаниясы да бар. Аталган компаниянын маркетологу Наргиза Сатаеванын билдиргенине караганда мода жумалыгына такай катышышат.

-Өткөн жылы өзүбүздүн атайын даярдаган колллекциябызды көргөзгөнбүз. Быйыл жөн эле даяр продукциябызды алып келдик. Анын ичинде жаңы жаздын коллекциясы бар. Көрүүчүлөр көрүп атышат.

“Витлайн” промоушн борбору мындай мода жумалыгын жылына эки ирет уюштурат. Жазында жана күзүндө. Айрым модельерлердин айтымында бул иш-чаранын таасири чоң. Себеби ага чет өлкөлөрдөн да коноктор келишет. Андыктан алардан чогуу иштешели деген сунуштар болуп калышы толук ыктымал дешет айрым модельерлер. Жаш дизайнер Тимур Айимбетовдун айтымында ал ушул жумалыктын аркасы менен ишке орношкон.

-Мен бул борбордун 2006-жылы уюштурган күзгү мода жумалыгына катышкам. Ошонун натыйжасында мен Кыргызстандагы белгилүү бир тигүүчү ишканага жумушка орношуп, идеяларымды берип иштеп жатам. Анын ортосунда Орусияда, Казакстанда өткөн мода көргөзмөлөрүндө кийимдер топтомумду тартуулап, ийгиликтер менен кайттым.

Жаш модельерлерге жардам берип, аларды мыкты деген өнөр жай ишканаларына орноштуруп, Кыргызстанды модасы өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошолу деген ниетибиз бар. Биздин байкашыбызга караганда максаттарыбыз ишке аша баштады деп билдирди “Витлайн” промоушн борборунун жетекчиси Виталина Борзенко.

-Салыштырсак жылдан-жылга катышуучулардын саны өсүүдө. Алардын ичинде көбүнчө жаш модельер-дизайнерлердин коллекцияларын сунуштаган компаниялар көп. Биз да аларды элге таанытып көмөк көрсөтүү максатын көздөп аракеттерди көрүүдөбүз. Мисалы бул жолу өткөн жумалыкта мыкты делген кийимдер топтомун тасмага түшүрүп, аны Fashion TV телеканалы аркылуу көрсөтүүнү ниет кылып жатабыз.

Мода жумалыгы 23-мартка чейин созулат. Ишемби күнү жумалыктын көрүүчүлөрү атайын көрсөтүүгө күбө болушат. Тактап айтканда сынактан тышкары Кыргызстанда белгилүү болуп калган Татьяна Воротникова, Зухра Мукамбетова, Мадина Тапаеванын иштери чеберчиликтин үлгүсү катары көрсөтүлөт. Иш-чаранын соңунда мыкты деген кийимдер топтому тандалып алынып, сыйлыктар тапшырылат.

Виталина Борзенко билдиргендей бул жолу баш байгенин жеңүүчүлөрүнө “Финка” компаниясы тарабынан үстөксүз кредиттер берилмекчи. Ошондой эле “Дүйнө туризм сулуусу” эл аралык сынагында өз коллекцияларын көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк алышат.
Уюштуруучулар эми келечекте мода жумалыгын чет өлкөлөрдүн дизайнерлери менен биргеликте эл аралык деңгээлде өткөрүүнү ниет кылышууда.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG