Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

16:23 А.Мадумаров президенттин бөйрөгүнө операция жасалды деген маалыматты жокко чыгарды


Президент Курманбек Бакиев Германиядан жакын арада келет.Бирок Нооруз майрамына жетишип келе албай калат, бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров парламенттин отурумунан чыгып келатып журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Ал Бакиев бөйрөгүнөн операция болду деген маалыматты төгүнгө чыгарды. Анын айтымында, президент пландагы профилактикалык медициналык текшерүүдөн өткөн. “Президенттин абалы абдан жакшы. Ал боксчу сыяктуу эле рингге чыгууга даяр”,-деди Мадумаров. (AJ)

XS
SM
MD
LG