Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:22

Евробиримдиктин коопсуздук боюнча башкы комиссары Хавьер Солано биримдиктин жакында өткөн жыйынында жасаган докладында Борбор Азияда климат катуу өзгөрүп, ал регионду кыйын кырдаалга алып келатат жана Кыргызстанда акыркы 40 жылда миң мөңгү жок болду деп билдирди. Мындай кырдаал бара-бара Кыргызстан гана эмес жалпы регионду катуу кризиске дуушар кылышы ажеп эмес. Мына ушул проблеманын алдын алуу жөнүндө экс-депутат Райымбек Мамыров “Азаттык” менен ой-пикир бөлүштү.

- Сиз кесипкөй энергетик жана экс-депутат катары кырдаал чын эле ушундай экендигинен кабардар болсоңуз керек жана ал өкмөт менен парламентке белгилүүбү?

- Мен дагы ал маалыматты интернеттен окудум. Бирок анын ичинен ал айтыптыр, миңден ашык мөңгүлөр Кыргызстанда акыркы 40 жылда жок болду деп. Миңби, миң эмеспи мен ачык айтканда билбейт экемин. Негизинен алганда биздин эле гидрометеорологдордун айтуусуна караганда, азыр суунун аз келип аткан маалы бул 2010-жылга чейин узарышы мүмкүн деген маалымат жүрөт, ушул туура эле болсо керек. Себеби суунун аз, же көп болушу өзүнчө цикл менен болот. Беш жылдын тегерегинде суу аз болот, андан кийин суу көп болушу мүмкүн. Негизинен мөңгүлөрдүн эриши бир гана Кыргызстанда эмес, бүт эле дүйнө жүзүндө ошондой болуп атат.

-Мөңгүлөр эрип, суунун агымы көбөйгөн менен Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү коркунучтуу деңгээлге түштү деп, азыр өкмөт дүрбөлөңгө түшүп, электр жарыгын өчүрө баштады. Суунун азайып жаткандыгын алдын-ала билип, пландуу иш жүргүзүүгө мүмкүн эмес беле жана буга кимдер күнөөлүү деген ойдосуз?

- Чынын айтканда, прогноз боюнча суу аз болот деп көп жылдан бери эле айтылып жүрөт. Бирок чара көргөндүн бирден-бир жолу электр энергиясын колдонууну азайтуу болуп эсептелет. 2007-08-жылдарда кыш мезгилдери абдан суук келип, Орто Азияда электр энергияны пайдалануу көп болду. Мисал катары Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстанда электр энергияны берүү күн сайын бир канча саатка гана созулат. Бизде деле кышында ошондой чараларды көргөндө элдин арасында мүмкүн туура эмес түшүнүктөр болушу мүмкүн. Ошого байланыштуу өткөн кыш, күз мезгили бою электр энергияны колдонууну кескин азайтканга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ошон үчүн кеч болсо да деп март айынан баштап өчүрүү жолдору башталды. Ошонун ичинде биринчи төлөбөй жүргөн кишилер, анан электр энергияны жылуулук катары пайдалангандарга. Бирок ушуну дагы аягына чыгарып, 1-октябрга чейин жасай турган болсо, ошондо гана өзүнүн жыйынтыктарын бериш керек.

-Эгер Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү тиешелүү деңгээлде кармалып турбаса эмдиги кышта Кыргызстан жарыксыз, жылуулуксуз калышы толук мүмкүн да. Сиздин оюңузча, кыргыз өкмөтү азыртан кандай чараларды көрүүгө милдеттүү?

- Биринчиден, кыш суук болду, экинчиден жылга салыштырганда суу 2-2 жарым млрд. кубометр Токтогулда аз болгон. Үчүнчүдөн, электр энергияны пайдалануу көп болду. Кыш мезгилинде 2 миллиардга жакын суу кетип калды. Экспорт тууралуу болсо, Кыргызстан эгер экспорт кылбай турган болсо анда Бишкек жылуулук түйүнү отун менен камсыз болбой калат. Отун менен камсыз кылуу Өзбекстандан газ, Казакстандан көмүр алыш керек. Ошого акча даярдаш керек, ошон үчүн экспорт болуп аткан. Эми өкмөттүн чаралары, өздөрү башташты, биринчи элдин арасында жакшы түшүнүк иштерди алып барып, электр энергияны кескин азайтуу боюнча. Экинчиси, азыртан баштап кышка даярдап, электр энергияны жылуулук катары колдонулган бюджеттин электр котельныйлар бар. Ошолорду мүмкүн болушунча кайрадан көмүргө өткөрүү боюнча, үчүнчүсү коңшу мамлекеттер боюнча сүйлөшүү жолдору менен келишимдерди тезирээк түзүп, ушуга байланыштуу Казакстан, Өзбекстан отундан, газдан жардам бере турган көп жылга эсептелинген келишимдерди түзүш керек. Ушул үч негиздүү иш чаралар болсо жакшы эле болот деп ойлойм.

- Коңшулар бүгүнкү күн менен гана жашап, айыл чарбасынан көп пайда табуу үчүн сууну бекер алгысы келген менен суу азайса келечекте азык-түлүк мүшкүлүнө кептелиши толук мүмкүн да! Борбор Азиядагы мамлекеттер ортосунда суу-энергетикалык бирдиктүү консорциум түзүү маселеси эмне үчүн 10 жылдан бери чечилбей келе жатат? Бул багытта кыргыз өкмөтү кандай аракет көрүшү керек?

- Конcорциум жөнүндө көптөн бери эле Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев айтып келет. Алар айтып атат суу энергетикалык консорциум деп. Биз айтып атабыз суу энергетика, анан отун да кошулган концорсиум деп. Эгер андай болбой турган болсо анда бир жактуу болуп калат. Ошол эле Казакстан, Өзбекстан биз аркылуу өтүп аткан сууларды барыбыз чогуу контроль кылалы деп айтып атат. Ошол эле маалда көмүрлөр боюнча өзүбүздүн оюбузду айтып атабыз.

- Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Бүбүкан Досалиева, Бишкек
XS
SM
MD
LG