Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:49

КӨКБӨРҮ БАЙГЕСИН КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КАЗАКСТАН КОМАНДАЛАРЫ ТАЛАШУУДА


Нооруз майрамына карата үч күндөн бери Бишкектеги «Аккула» ат майданында көкбөрү боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат. Бул ирет Казакстан менен Кыргызстандан тандалган 8 команда мөрөй талашып жатышат. Жеңүүчүлөр 21-март Нооруз күнү аныкталат.

Бул ирет Кыргызстандын намысын Бишкектин "Бөрүлүү" командасы, Нарындын "Дордой", Талас облусунан эки команда - "Ой кайың" жана "Ынтымак" коргоп жатышат.

Бишкектен мөрөй алууну көздөп келген казактардын "Астана", "Олуя ата", "Жетисуу" жана "Кулагер" командалары да чеберчилигин көрсөтүшүп, курч таймашуулар болууда.

Өлкөнүн көкбөрү федерациясынын президенти, парламент депутаты Аскар Салымбековдун айтымында, мурда көк бөрүнүн эрежеси боюнча 20 мүнөттөн 3 тайм күч сынашуу болуп келсе, быйыл федерация жетекчилери кеңешип, эрежеге өзгөртүү киргизди:

- Себеби 3 тайм абдан узак болуп аттар да, жигиттер да чарчап калышат экен. Финалга чейин 5-6 беттешүү өткөрсө, аттарга эле убал. Ошондуктан бул мелдеш 25 мүнөттөн 2 тайм өткөрүлүп жатат. Ушундай өзгөртүүнү убактылуу гана киргиздик.

Алгач Кыргызстандын намысын талашып жаткан төрт команданы “Азаттыктын” угармандарына учкай тааныштыра кетели.

1. Бишкектин "Бөрүлүү" командасы өлкө Президентинин Кубогунун жеңүүчүсү, спорттун улуттук түрлөрү боюнча Спартакиаданын күмүш байге ээси, 2006-жылы өлкө чемпиону болушкан. Команданын жетекчиси - ички иштер министри, генерал Молдомуса Конгантиев, машыктыруучусу - Каныбек Кубатов.

2. Нарындын "Дордой" командасын жалпы журт жакшы билет. "Манас-Фест" турнирин, 1997, 2001-жылдары спорттун улуттук түрлөрүнөн Спартакиаданын чемпиону, Эл аралык мелдештердин баш байге ээси, өлкөнүн чемпиону.
Командасынын жетекчиси, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Жетиген Мааданов, машыктыруучусу, спорт чебери Эмил Бөкөшев.

3. Талас облусунун "Ой кайың" командасынын жетекчиси Алымкул Сатыбалдиев, машыктыруучу Күрүчбек Эгембердиев. Бул команда былтыркы "Нооруз" турниринде коло байгенин ээси болгон.

4. Талас облусунун "Ынтымак" командасы да жалпыга таанымал. Алар 2004-жылы өлкө чемпиону болсо, 2005-жылы Спартакиаданын баш байгесин уткан. Былтыр алар "Нооруз" турниринде алтын медаль тагынган. Жетекчиси - Манас Акматбеков, машыктыруучусу - Чаткал Жолдошев.

Казактардын тандалган төрт командасы көкбөрү майданында ат салышууда. Алар төмөнкүлөр:

1. "Астана" командасы 2004-жылы Казакстандын чемпионатында коло байгелүү болгон. Жетекчиси - Аманжол Хасенов. Машыктыруучусу - Ергали Токобаев.

2. Жамбыл облусунан "Олуя ата" командасы эл аралык аренада таанымал. Алар Казакстан төрт жолку чемпиону болушкан. Жетекчиси - Наби Мамынов, машыктыруучусу Тилебарис Нурланбек.

3. Алматы облусунан "Жетисуу" командасы. Алар дагы чеберчилиги менен таанылган көкбөрүчүлөр. 2003-2006-жылы Казакстандагы чемпиону болушса, 2002-жылы Спартакиаданын жеңүүчүсү аталган. Жетекчиси - Дербис Байдилдаев, машыктыруучусу - Кубаныч Курамаев.

4. Казакстандын Чымкент облусунан "Кулагер" командасы 2004-жылы өлкө чемпиону жана Спартакиада жеңүүчүсү болгон.

Бишкектин «Бөрүлүү» командасы эки беттешүүдө Казакстандын “Кулагер” жана “Жетисуу” командаларын утуп, учурда 4 упай топтоо менен алдыңкы топко чыкты. Ошондой эле Казакстандын көп жолку чемпиону “Олуяата” командасы да Кыргызстандын эки командасын Нарындын “Дордой” жана Таластын “Ынтымак” командаларын жеңип, жамбылдыктар да 4 упай менен алдыда баратат. Ал эми бирден оюнда утуп, бирден жеңилүү ызасын тарткан Кыргызстандын “Дордой”, “Ынтымак”, “Ойкайың” жана Казакстандын “Кулагер”командаларынын учурда экиден упайы бар. Ал эми Казакстандын “Жетисуу” жана “Астана” командаларынын азырынча бир дагы упайга ээ болуша элек.

Ар күнү төрт беттешүү болууда. 21-мартта дагы төрт беттешүү өткөрүлүп жеңүүчүлөр упайлардын айырмалары боюнча аныкталат.

Бүгүн 20-мартта Талас облусунун "Ынтымак" командасы менен Чымкент облусунан "Кулагер" командасы беттешет. Нарындын "Дордой" командасы Алматы облусунан "Жетисуу" командасын каршы алат. Мелдештин лидерлери болгон Бишкектин «Бөрүлүү» командасы менен Жамбыл облусунан "Олуя ата" командасы күч сынашат. Бүгүнкү мөрөй талашууну Талас облусунун "Ой кайың" командасы менен Казакстандын "Астана" командасы жыйынтыктайт.

Өлкөнүн Көкбөрү федерациясынын президенти Аскар Салымбековго кайрылганыбызда, ал көкбөрүчүлөрдүн жаңы сезону эл аралык мелдеш менен башталганын айтты.

-Биз жыл сайын “Нооруз” майрамына карата өзүбүздүн турнирибизди өткөрүп келебиз. “Нооруз” турнири биздин негизги турнирлерибиздин бири жана жаңы сезондун ачылышы болуп эсептелет.Бул мелдешке Казакстан менен Кыргызстандын тандалган 8 командасы катышууда. Мындай салт уланып күзүндө Казакстандын Тараз шаарында дагы 8 команда беттешет.

Өлкөгө эмгек сиңирген устат Мурат Азарматовдун айтымында кыргыздын мыкты аттарын казактар сатып кетүүдө. Ошентип ат көйгөйү пайда болууда.

-Көк бөрүчүлөр үчүн дагы бир чоң проблемалар пайда болуп турат. Илгертен эле эр жигитти мыкты кылган алдындагы минген аты болуп келген. Кыргыздын көк бөрүсүнө жараган мыкты аттарын казактар, өзбектер жана тажиктер да баасына карабай сатып кетүүдө. Бул бир чети жакшы көрүнүш болгону менен кыргызга да намыс керек болуп турат. Ат проблемасы курч маселеге айланып баратат .

Бабалар оюну Көкбөрү эл аралык деңгээлде таанылып, кызыгуу күч алып баратат. Тайказанга улак таштоо эрежеси киргени, көкбөрү күйөрмандары да арбыды. Атүгүл быйыл АКШда да көкбөрү мелдеши болоорун экс-депутат, эл аралык Көкбөрү федерациясынын башкы катчысы Болот Шерниязов билдирди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG