Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:25

КУДАЙГА АКААРАТ КЕЛТИРҮҮНҮН АК-КАРАСЫ


2006-жылы Ислам конференция уюму кудайга акаарат келтирүүгө тыюу салуу боюнча дүйнөлүк алкакта келишим түзүү демилгесин көтөрүп чыккан болчу. Бирок акыркы жолу бул демилге Бириккен улуттар уюмунун өзүндө колдоо тапкан жок. Документтин башкы идеясы – уюмга мүчө мамлекеттер бул келишимди ратификациялап, таанышы керек эле. Европа биримдиги баштаган үлкөн уюмдар бул документти колдоп жатканы менен талаш-тартыш – кудайга акаарат келтирүү деген эмне деген маселеде орток бир пикирдин табылбай жатканы болууда. «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысы Никола Крастев кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Дүйнөлүк диндер конференциясы тынчтык үчүн уюмунун баш катчысы, доктор Уильям Вендлей менен мына ушул документ тууралуу маектешкен.

- Айрым окумуштуулар кудайга акаарат келтирүү дегенде анын коомдук жана диний түшүнүктөрүнүн ортосундагы айырманы так аныктап алыш керек деп жатышат? Сиз ушуга кошуласызбы?

– Мындай айырманы ажыратып алуу элден мурда плюралисттик деп аталган, светтик деп аталган коомдор үчүн зарыл. Адатта андай коомдордо дин эркиндигине, ишеним эркиндигине мыйзамдык кепилдиктер бар, атургай диниңизди өзгөртүп ийсеңиз да сизге эч ким эч нерсе дей албайт. Бул албетте демократиялык мамлекеттердеги көрүнүш. Бирок биз дүйнөдө татаал, көп түрдүү коому бар мамлекеттерге да ээбиз, андай жерлерде бирөөлөр үчүн адаттагы нерсе сезилген окуялар ким бирөөлөрдүн ыйык сезимдерине уудай тийиши мүмкүн. Мына ушул нерселер кудайга акаарат келтирүү катары бааланышы ыктымал жана аны кантип чечебиз деген талап келип чыкпадыбы.

- Бириккен улуттар уюмуна мүчө мамлекеттер ортосунда кудайга акаарат келтирүү маселесин талкуулоо боюнча макулдашуу, ниеттер барбы?

- Мунасага келүү үчүн бир нече баскычтан өтүшүбүз керек. Менин оюмча биринчи болуп диний лидерлер стандарттарды, өздөрү биринчи кезекте сактап сыйлай турган стандарттарды аныкташы керек. Бул менимче кагазга жазылган мыйзамдык чектөөлөрдөн алдаканча кудуреттүү болмок. Экинчиден, менимче биз басма сөздүн күчүнө маани беришибиз зарыл. Байкоосуздан айтылып, пресса аркылуу таратылган сөз баарын бүлгүнгө салууда, ошентип иралды басма сөз кайсы стандарттарды карманат – аны аныкташыбыз керек. Үчүнчүдөн, дин тууралуу аны туткандардын дилдиреген назик сезимдерин сыйлаган, ошол эле маалда дин тууралуу көп түрдүүлүккө ээ боло ала турган сапаттуу мыйзамдык экспертиза керек.

- 5-мартта Рим папасы мусулман лидерлери менен жолукту. Чындыгында эле мындай жолугушуулар кудайга акаарат келтирүүгө каршы иште өз жемишин берет деп ишенесизби?

– Мындай жолугушуулар өтө баалуу. Сиз айткан Римдеги ал жолугушууда Исламдын кадыр-барктуу аалымдары Рим папасы менен бирге кошуп, жер шарындагы адамзаттын жарымы – 3 млрд. адамдын башын кошкон христиандар менен мусулмандар канткенде мунасага келе алат, канткенде Кудайга жана коңшуларга карата сүйүү иштеринде тил табыша алат деген талкуу уюштуралы деген мазмундагы катка кол коюшту. Бул өтө мыкты окуя.

Бул албетте бул эки салттуу диндер ортосундагы тарыхый алака болуп калды. Андан соң анын аркасынан жөөттөрдүн сайсий эмес, диний лидерлеринин дагы мусулман лидерлерин ушундай эле маслеттешип, баарлашууга чакырган каты чыкты. Анан кантип салтуу диндердин мураскерлери ортосундагы "кыл чайнашкан мамиле" тууралуу айтканга ооз барсын, алар антип бирин-бири урматтоого таянып, жолугалы, талкуулашалы, деп атышса.

-Сизге ырахмат.

Маекти кыскартып даярдаган Кубат Оторбаев, Прага
XS
SM
MD
LG