Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:14

МОСКВАДА КЫРГЫЗ ПЕРИСИН ТАНДАШАТ


Бүгүн Москва облусунун маданият үйүндө Орусияда окуп, иштеп жүргөн кыргыз кыздар арасында “Кыргыз периси” сулуулар сынагы өтөт. Сынактын соңку жарышына 30 кыздан 8 кыз тандалды.

“Кыргыз периси” сулуулар сынагын Орусиядагы кыргыз диаспоралары бирдикте өткөрүп жатышат. Сынакка кыргызстандык белгилүү ырчы Светлана Назаренко катышат жана Бишкектен модельер-дизайнер Юлия Кондрашованын жана Москвада кыргыздын заманбап кийимдерин жарнамалап келаткан модельер-дизайнер Анара Тешебаевалардын соңку үлгүдөгү кийимдери көргөзүлөт. Бул кийимдерди албетте жаш сулуулар кийип көргөзүшмөкчү. Сынакка даярдык Маскөөдөгү кыргыз элчилигинде өтүп, кечээ соңку кароо болгонун Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуров кабарлады:

-Мында эми соңку жарышка 8 кыз калды. Бул иш-чарага бир канча коноктор чакырылат. Өнөрпоз жаштар катышат. Жюри мүчөлөрү – элчиликтин кызматкерлеринен, диаспора өкүлдөрүнөн түзүлдү. Сынакта кыздардын сырткы да, ички да сулуулугуна, талант-шыгына, өнөрүнө, интеллектуалдык билимине баа коюлмакчы.

Мыдай сынак Орусиядагы диаспоралардын арасында алгачкылардан болуп кыргыз өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп жаткандыктан, башка улут өкүлдөрү буга кызыгуу менен карап жатышканын айтты “Кыргыз биримдиги” уюмунун мүчөсү, Москвадагы туризм жана кыймылсыз мүлк боюнча ишкер Шерикбек Акимов:

-Орусиядагы диаспоралар арасында “Сулуулар сынагын” алгач биз өткөзүп жатабыз. Өзгөчө биздин бул иш-чарага мындагы казактар, буряттар, якуттар кызыгуу менен карап жатышат. Чынында бул сынакты уюштуруу деле оңойго турган жок.

“Кыргыз биримдигинин” дагы бир мүчөсү, сулуулар сынагынын уюштуруучуларынын бири Курстан Токтомат уулунун пикиринде мындай сынакты өткөрүүнүн эң эле башкы максаты – ал жактагы кыргыздардын биримдигин дагы да чыңдоо жана кыргыз моделдик бизнесин өнүктүрүү:

-Биздин эң эле башкы максатыбыз – бул жактагы кыргыздардын биримдигин чыңдоо менен, кыргыз текстил өнөр жайын, анын ичинде моделдик бизнесин, кыргыз кийимдерин дүйнөгө таанытуу.

Сынакта Орусияда окуп, иштеп жүргөн кыргыз кыздарынын ажары, ички жан дүйнөсү, интеллектуалдык деңгээли, өнөр-шыгы баалануу менен жеңүүчү сулуу Орусиянын “Сулуулар сынагына” катышууга жолдомо алат. Орусиядагы “Кыргыз биримдиги” уюму менен “Мисс Москва” уюмунун ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, “Кыргыз перисинин” жеңүүчүсү жыл сайын орус сулууларынын сынагына катышмакчы.
XS
SM
MD
LG