Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:02

ӨМҮРБЕК СУБАНАЛИЕВ: САТЫЛГАН ЖОКМУН, ЭЛ ҮЧҮН ИШТЕП ЖАТАМ


Нарын облусунун губернатору Өмүрбек Субаналиев 2005-жылы 24-мартта эл толкуну менен өкмөт үйүнө кандайча кирген? Экс-президент Аскар Акаевдин кеңсесинде ошол маалда Өмүрбек Субаналиев кимдер менен болгон? Бишкек шаардык милиция башкармасынан жана Ички иштер министрлигинен кандай негизде кызматтык милдеттеринен баш тарткан? Өмүрбек Субаналиевдин “Азаттык” үналгысына берген маегинин өзөгүн ушундай суроолор түзөт.

- Өмүрбек мырза, сиз 24-мартта кайда элеңиз?

- Мен шаарда болчумун. Акүйгө революционерлер кирип кеткенде мен дагы кошо киргем. Мен жетинчи кабатка Акаевдин кабинетине киргенде Турсунбек Акун куран окуп атыптыр. Ал бүткөндөн кийин ошол жерден экөөбүз учураштык. Анан ошол жерде мүлк тонолбосун деп кайтаруу чараларынын бардыгын көзөмөлдөөгө жардам бергем.

- Сиз Акүйгө киргенде Бишкек шаарынын ички иштер башкармасынын жетекчиси катары кирдиңиз беле?

- 24-март түнү Бишкек ИИБнын башчысы болдум, официалдуу приказ болсо мага 26-мартта чыкты.

-Ушул жерден дагы бир суроо пайда болуп атат, айсаңыз, мисалы алдын алып тонотпой, талатпай койгонго болот беле?

- Ошол убакта биз дагы ушундай иш чараларды жүргүзүп, көп нерсени сактап калдык. Мен ИИБга келсем, ал жакта болгону 25 милиция бар экен. Ошолор гана кайтарып атыптыр, РИИБларга телефон чалсам болгону күзөт бөлүмүндө беш-алтыдан гана киши калыптыр. Анан биз түнү менен иштеп, балдардын бардыгы келип башташты. Эртеси күнү талап-тоноону токтотуп калганыбыздын себеби ошол болчу, бардыгы келген.

- Сиз айтып атпайсызбы, Акаевдин кабинетине кирдим деп. Ошондо ал кишинин кабинети кароосуз калыптырбы, акыбал кандай экен ошондо?

- Акаевдин кабинетинде 20дай балдар бар экен. Анан кийин журналисттер келип калды, чет өлкөлүк журналиcттер да келди. Ошондо Акаевдин кабинетинде Конституция бар экен, биздин жигитибиз, атын унутуп калдым, Конституцияны сактап калды. Кийин Курманбек Салиевичке бир чогулушта беришти. Акаевдин калган мүлкү деле жок экен, кагаздары деле аз экен. Бирок эч нерсени сындырышкан жок.

- 24-марттагы окуягa сиздин канчалык деңгээлде салымыңыз бар?

- Март революциясына, мен органда иштеп аткандан кийин түздөн-түз тиешем жок.

- Ошентип сиз ички иштер башкармасында иштеп жатып, бирок тез эле жаңы бийлик менен тил табыша албай калдыңыз. Ошондо Баткенге барууга ынанган эмес деген маалыматтар бар?

- Жок. Мындай да, биз жаш бала эмеспиз. Иштеп аткан жерден бир жакка жөнөткөндө чалды-куйду болбойт. Чакырып, приказды көрсөтүп, эмне себептен барасың деп баарын түшүндүрүп анан жөнөтөт. Бирок адам укугу бар, эгер иштегиң келбесе отставкага кетесиң. Мен экинчисин тагдадым, мен ушул жерде иштейм, иштетпесеңер анда отставкага кеттим деп кеттим. Болгону ошол.

- Бирок кайра эле аз убакытта ушул жумушка келдиңиз, Баткенден көрө Бишкекте иштөөнү Субаналиев сураныптыр деген пикирлер угулган?

- Чындыкты айтыш керек, мен отставкага кеткенден кийин үч айдан кийин бандиттер аянтка келгенде кайра мени Бишкек милициясына начальник кылып коюшту. Шаарда мен бир жума иштегенден кийин бандиттер кетти. Эми өз убагында отставкага кеткенден кийин этикалык жактан болбойт деп министрдин орунбасары кызматын сунуш кылышты, ал жерде бир жарым жылча иштедим.

- Демек, сиз өзгөчө кырдаалдарда жооптуу кызматка келген экенсиз. Эмне себептен министрлик ээрге отура албай калдыңыз?

- Мамлекеттик кызматкер болгондон кийин ар бир кезекте бир чоң кызматтарга кандайдыр бир тапшырманы аткарууга милдеттүү түрдө алып келет. Тынч болуп калганда башкаларды койду, бул негизи туура эле болгон.

- Сиз Бириккен фронтко кирип штабды башкардыңыз. Апрель окуясынан кийин сиздерди 3 күнгө камакка алды. Сиз кутулуп мамлекеттик кызматта иштеп калдыңыз, ал эми жаш балдар тутулуп азыркыга чейин жүрөт. Ушуга көз карашыңыз?

- Негизи сиз айтып аткандай 3 эмес, 5 күн камакта отурдум. Мага карата кылмыш иштердин баары токтоду. Сиз айтып аткан жаш балдардын бирөөсү эле бар, Адилет деген жигит. Анын ишинде саясий спекуляция болду. Мына азыр ал жигит Мелис Эшимкановдун телерадиокомпаниясында иштеп атат. Биз ошондо Конституция чегинде тынч митинг жасаганбыз. Ал эми мурун 12 жылга соттолгон, киши өлтүргөн бала мас болуп алып туруп аянтта милицияларга каршы провокация кылганы чын, андайларды камаш керек. Мен болсо өзүм да камамакмын.

- Кандай айтканда дагы сиз ички иштер министри болбой калгандан соң учурдагы бийликке каршы аракетке өттүңүз. Бирок көп узабай Акүйдө бөлүм башчылыкка, эми облус жетекчилигине келдиңиз. Мындай кадамды коомчулук сатылып кетти деп баалашууда?

- Мен Акаев режиминде да оппозицияда жүргөм. Биз согушка чыккан жокпуз да. Көбү ойлойт, оппозиция чыкса эле булар согушка чыкты деп. Оппозицияга чыкканда ошол учурдагы маселелерди чечиш керек, аны айтыш керек. Бийлик ошого көзөмөл жүргүзүш керек, көңүлдү буруш керек, бул дүйнөлүк система. Ал бүткөндөн кийин кайра профессионалдык ишке кетсе муну сатылды дейт. Эмне себептен Акаевдин убагында иштегендердин бардыгы бүгүнкү күндө оппозицияда. Мен ошол кишилер менен күрөшүп жүргөм. Алар мага душман эмес, бул чоң саясат. Бүгүнкү күндө ошол эле мурдагы губернаторлор, мурдагы министрлер бардыгы азыр чогулуп алып, бизди сатылды дейт. Биз сатылган жокпуз. Биз эл үчүн иштеп атабыз. Мына мен Нарын жергесине келип эл үчүн иштеп атам да.

- Ал эми айрым саясатчылардын, коомдук уюмдардын айткан пикирлерине эмне дейсиз. Маселен алар эл кызыкчылыгынан өз кызыкчылыктарын жогору койгондуктан бийликке иштөөгө өтүштү деп сиздерге карата баа беришүүдө?

- Кур жалак менен ич күйдүүлүктөн эле айтып атышат. Мына ошол эле, фамилияларын айтпай эле коеюн, оппозициядагы байлардын баары кайдан акчанын баарын алышты. Акаевдин убагында таанышы аркылуу приватизацияга катышып, тигиндей-мындай кылып туруп бүт бай болуп алды. Алардын бизнеси административдик ресурс аркылуу болчу. Алар казандан, акырдан жебей калгандан чыгып калса эле оппозиция болушат. Бул башка оппозиция. Биз башка болчубуз, биз элдин мүдөөсүн коркпой эле айттык. Бизди Акаев дагы, эч ким эч нерсе кыла албайт, анткени биз таза, эл тарапта иштеп жүрдүк. Ошон үчүн биз профессионалбыз дейбиз, биз чынчылбыз дейбиз. Азыр кээ бирдер баш тартып атат, мен оппозицияга туура эмес барып калыптырмын деп. Анткени топтогон мүлкү бар, кой эртең-бүрсүгүнү бир нерсе болуп кетпесин дешет. Булар жөн эле соодалашуу жолуна чыга тургандар. Бирок бүгүнкү бийлик алар менен соодалашпай атат.

- Орточо алганда жети ай аралыгында Нарында үчүнчү губернатор дайындалды. Сиз президент Бакиевдин ушундай кадр саясатына кандай көз караштасыз?

- Бир жумуш түбөлүккө болбойт, ротация деген маселелер бар, бир жерде көп жыл иштесе киши жакшы иштей албай калат. Эмне себептен 6 ай, же бир жыл иштеп калат. Бул абдан туура нерсе. Эгерде принцип боюнча сени жумушка койдук, сен 5 жыл иштешиң керек десе, ал киши мен 5 жыл иштейт экемин деп эле тоготпой начар иштеп калат. Эгер начар иштесе 3 күндөн кийин эле алып коюш керек ал кишини. Ошон үчүн бул турмушта көп нерсени дароо эле оңдогон жакшы.

-Демек сиз өзүңүздү Нарынга белгилүү бир мөөнөткө келдим деп эсептейсизби?

- Азыр Нарынга губернатор болуп келип иштеп атам. Закон боюнча 5 жылга келдим. Канча иштейм, бул мага байланыштуу эмес, бул президент чече турган маселе. Канчага жиберди деген сөз болгон жок. Анткени жакшы иштесем иштей берем, жаман иштесем эртең эле алып салат.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG