Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:23

7:09 Кыргыз-казак чек арасы боюнча депутаттык топтун Таластагы сапары соңуна чыкты


Жогорку Кеңештин депутаттары акыркы эки күн бою чек арадагы абал менен таанышып, талаш туудурган аймактарды кыдырышты. Кайнар айылындагы жолугушууда жергиликтүү тургундар 1926-жылкы картада Кыргызстанга тиешелүү болгон төрт миң гектардай жайыт жер 1938-жылы Казакстанга өтүп кеткенин, соңку чек ара тактоо иштеринде бул маселе бир тараптуу гана каралып, Кыргызстандын кызыкчылыгы корголбой калганын айтышкан. Айрым депутаттар болсо өкмөттөр аралык келишим түзүлүп калгандыктан эми бул маселени чечүү бир топ кыйын болорун белгилешкен. Депутаттык топ бул сапардын жыйынтыгын жакын арада чыгармакчы. Кыргыз-казак чек арасы боюнча өкмөттөр аралык келишимге 2003-жылы кол коюлуп, казак парламенти аны ратификациялаган. Кыргыз парламенти болсо чек арадагы мындай талаштуу маселелерден улам аны жактырууну улам артка жылдырып келет. (SM)

XS
SM
MD
LG