Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

ПРЕЗИДЕНТ БУШ: ИРАКТАГЫ СОГУШТУН БААСЫ - ЖЕҢИШ


Бүгүн 20-мартта Иракка АКШ башындагы күчтөрдүн басып киргенине беш жыл толду. Бул согуш чагылгандай тез бүтүп, арзан да болот же Ирак мунайдан алган кирешенин бир бөлүгү менен жабылат деп болжолдонгон. Бирок согуш дале уланууда. Чыгымы да өсүүдө. Президент Буш шаршемби күнү Пентагондо сүйлөп, Ирактагы кан төгүүлөр азайганын, америкалык аскерлер менен ирактык күчтөр «ал-Каидага» каршы колмо-кол согушуп жатканын, Иракка басып кирүүдөн дүйнө утканын айтты.

Президент Буш Пентагондогу сөзүндө 2003-жылкы Иракка басып кирүү Ирактын элине, дүйнөгө жана АКШга алып келген жакшылыктарды тизмектеп атады:

- Биздин аракетибиздин натыйжасында, Саддам Хусейн бейкүнөө адамдардын, аялдардын жана балдардын канын талаа жайнатып төкпөй калды; Саддамдын кыйноо жана зордуктоо бөлмөлөрү, балдар түрмөлөрү жабылды; Эми Саддамдын режими коңшу өлкөлөргө басып кирбейт же аларды химиялык жана баллистикалык ракеталар менен аткылабайт; Азыр Саддамдын режими Ыйык Жерде өлгөн жанкечтилердин үйбүлөлөрүнө акча төлөбөйт; Саддамдын режими азыр учууга тыйуу салынган мейкиндикти күзөткөн америкалык жана британиялык учактарды аткылабайт жана Улуттар Уюмуна моюн толгобойт. Биздин аракетибиздин натыйжасында, дүйнө жакшырды жана Америка Кошмо Штаттары коопсуз болуп калды.

Буш 2006-жылдын аяк ченинде козголоңчулар Ирактын көпчүлүк бөлүгүн коогага салганын танбады. Ошондо, аскер башчылар менен кеңешип, Иракка кошумча дагы 30 миң аскер киргиздик, натыйжада, чабуулдун мизи кайтарылды, деди Жорж Буш:

-Террорчулар үчүн Ирак «ал-Каида» арабдарды бириктирип, америкалыктарды кууп чыкчу жай болмок. Анын ордуна, Ирак арабдар америкалыктарга кошулуп, «ал-Каиданы» сүрүп чыккан жай болду. Иракта Осама бин Ладенге, анын бузук идеологиясына жана кыргынчыл топторуна каршы арабдардын биринчи чоң чоң эрегишин көрдүк. Мунун мааниси чоң.

Президент Буш оппозициячыл Демократтык партиянын мүчөлөрүнүн, анын ичинде президенттикке талапкерлердин Ирактан аскерлерди тез чыгарып кетүүгө чакыруусуна кооптонгонун билдирди:

-Иракта ийгиликке жетерибиз анык, бирок Вашингтондо кээ бирөөлөр чегинүүгө чакырууда. Согуштун сынчылары эми Ирактагы жоготуулар жөнүндө ишенимдүү сүйлөбөй, согуштун баасы кымбат болууда дешчү болду.

Буштун сөзүнчө, мындай чыгымдар стратегиялык жеңишке жетүү үчүн зарыл. Шаша аскерлерди чыгарып кетүү Иракта мурдакыдан да бетер башаламандыкты жаратып, «ал-Каида» Ирактын мунай кендерин ээлеп алышы мүмкүн, деди Буш. Мунай кору боюнча Ирак дүйнөдө Сауд Арабиядан кийинки экинчи орунда турат.

XS
SM
MD
LG