Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:29

ЭЛ БАШЫ БОЛОЛБАСАК ДАГЫ СУУ БАШЫ БОЛОЛАБЫЗБЫ?


“Общественный рейтинг” гезити айрым жарандарга кайрылып: “Суу ресурстарынын тартыштыгы Борбор Азия чөлкөмүндө” чыр-чатактарга алып келиши мүмкүнбү?” деп суроо салганда, ЖК депутаты Иса Өмүркулов: "Кыргыз өкмөтүнүн алысты көрөлбаган саясатынан улам ушундай күнгө туш келдик. Суу балансынын бузулушу экологияга, энергия менен элди камсыз кылууга гана таасир этпестен мамлекеттер аралык мамилелерге да таасир этет, тагыраак айтканда Өзбекстан, Казакстан менен мамиленин начарлатат. Электр энергиясынын тартыштыгы инвесторлордун биздин өлкөгө келүү агымын азайтат. Ал эми энергетика министри буга жооп бермек тургай кайра сыйланып олтурат",- десе, “Эркиндик партиясынын мүчөсү Лира Усубалиева: "Эгер ГЭСтерге сууну үнөмсүз пайдалана берсек анын акыры ойго келбеген кесепеттерге алып келиши мүмкүн" деген.

“Коомдук технологиялар борборунан” Артур Букалаев: "Тышкы саясый күчтөр айтып аткандай суу ресурстарынын жетишсиздиги канчалык экенин билбейм, бирок жасалма жол менен түзүлгөн чыр-чатактардан чыгуунун жолу бар. Ал үчүн Шанхай Кызматташтык Уюмуна жана Жамаатттык Коопсуздук Кеңешине кирген өлкөлөр менен суу ресурстарын пайдалануу боюнча бирдиктүү эрежелерди иштеп чыгуу керек. Антпей эле ар ким өзүнүн майда кызыкчылыктарын бетке кармай берсе эчкимге пайдасыз чыр-чатактарга алып барары турган иш",- деп жооп берди.

Гезит мындан тышкары академик Абдыганы Эркебаевдин “Бакиевдин үч жылы: сөзү жана иши” деген көлөмдүү аналитикалык макаласына орун берген. Эркебаев мырза өлкөнү бүгүнкүдөй абалга алып келген Акаевдин узакка созулган башкаруу жылдарында анын кемчиликтерин бетине айталбаган Шеримкулов, Кулов, Жумалиев, Жумагулов, Матубраимов, Муралиев, Бакиев, Баекова, Бөрүбаев жана башкалардын саясый жоопкерчиликтери бар деп айтты. Ал ошону менен бирге эле мурдагы президент Акаевдин узакка созулган башкаруу жылдары менен азыркы президент Бакиевдин башкаруу жылдарын, алардын ишиндеги буруш жана дурус жактарын далилдер аркылуу салыштырып чыккан. Абдыганы мырза ушу тапта кайрадан мөөнөтсүз президенттик шайлоо жана жаңы революция жөнүндө сөз жүрө баштаганын эске салып, бирок окуянын дал ушундай багытта өнүгүшүнө ал караманча каршы экендигин, ошондуктан президенттик шайлоо Башмыйзамга ылайык өз мөөнөтүндө 2110-жылы өтүшү керектигин баса белгилеген.

Бүгүн жарык көргөн “Де-факто” гезити эмнелер тууралу жазганын “Азаттык” үналгысына сүйлөп берген гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобекованын айтуусунда, гезит өткөн сандарында козгоп чыккан Ысык-Көлдөгү орус аскер базасынын торпедо полигону боюнча талкууну уланткан, бул ирет ага окурмандар катыша баштаган. Редактор айымдын белгилөөсү боюнча талкууга катышып жаткандар Орусиянын аскер базасынын Көлдөн чыгып кетишин жактаган ойлорун билдирген. Ошондой эле жаңы санда Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимов менен интервью жарык көрдү. Бакыт мырза ушу күндөрү Германияда дарыланып жатат деген президент Бакиевдин тегерегинде кеп козгоп, Ельциндин учурунда анын ооруп жатканы, кандай абалда экени ийне-жибине чейин элге маалымдалып турганын, ал эми кыргыз президентинин чет өлкөгө кеткени да жабык-жашыруун болуп жатканы ар кандай ушак-айыңдарга жем таштап жатканын, ошондуктан калайык калк өзүнүн мамлекет башчысынын баскан-турганын, кайда кеткенин билип турууга укуктуу экендигин баяндаган. Мындан тышкары Коомдук Парламенттин экинчи курултайынан репортажды жана Аксы жергесинде болуп өткөн элдик соттон кабарчы Күнболот Момоконвдун макаласын окууга болот.

“Апта” гезити“ Мыйзам бирөөгө бар, бирөөгө жок” деген тема алдында буга чейин массалык маалымат каражаттарында шардана болгон окуяга кайрылып, аны “Ата Түрк паркын басып алган “басмачылардын” тизмеси” деп атады жана мыйзамсыз жер алган мына ушул 113 киши ким экендигин, алардын ар бир канча сотыхтан жер алгандыгын толук жарыялады. Гезит мындан тышкары “Бишкектеги публичный домдорду да мамлекет каржылайт”, “24-март кара менен белгилениши керек”, “Өлкөбүздөгү башаламан аракеттер кризиске жеткизип жатат” деген макаларады басты.”Апта” ошону менен бирге эле КР нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетовду сөзгө тарткан. Мамбетов мырза, азырынча АИ-80, АИ-92 бензиндерине болгон баа көтөрүлбөстүгүн, болгону дизелдик майга 1 сом кошуларын, бирок апрель айында Орусия менен Казакстан күйүүчү майга болгон бааны жогорулатса бизде да күйүүчү майлар аргасыз жогоруларын белгилеп, бирок жазгы талаа жумуштарына карата бензин, солярка майлары жетиштүү экенин, аны алдын ала ойлонуп камсыз кылып коюшканын, андыктан дыйкандар тынчсыздана турган кооптуу жагдай жок экендигин айтып жооп берген.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG