Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

ИРАН: ТОГУЗ ЖУРНАЛ


Иранда ушул аптада тогуз журнал Батыштын, атап айтканда Голливуддун жылдыздарынын "бузуку сүрөттөрүн" жарыялагандыгы жана алардын жеке турмушу тууралуу жазганы үчүн жабылды. Мындан сырткары дагы он үч басылмага эгер ушундай кадамга барышса, лицензиясынан айрылары эскертилди.

Жабылган тогуз журналдын көбү жай темаларга адистешип, мода, жылдыздардын турмушу, кино жана үйбүлө маселелери тууралуу жазышчы. Алардын ичинен Күрдүстан провинциясында чыгуучу бир гана "Хавар" журналы саясий жана социалдык маселелерди чагылдырчы. Анткен менен Ирандын Сөз эркиндиги үчүн ассоциациясынын өкүлү Машалла Шамс ал-Ваязи журналдардын жабылышынын саясий жүйөөсү бар деп эсептейт:

- Президент Ахмадинежаддын өкмөтү баардык нерсеге кийлигишет. Бул жалгыз эле саясатка байланыштуу эмес. Бийлик адабий жана маданий басылмалар да өкмөттүн багытын карманышын каалайт. Бул басылмалар Маданият министрлигинин саясатын жолдобогону үчүн жабылышты.

Ал эми Маданият министрлиги жабылган журналдарды Голливуддун Анжелина Жоли, Камерон Дияз өңдүү "бузуку жана коррупцияланышкан" жылдыздары, алардын жеке турмушу тууралуу макалаларды жарыялаганы, жогорудагы артисттердин сүрөттөрүн адамдардын эңсөөсүн артыруу үчүн пайдаланганы, дары-дармекти уруксатсыз пропагандалаганы үчүн айыптады.

Жабылган журналдар ичинен "Хафт" жана "Тейлаш" өңдүү басылмалар ирандык жаштар арасында популярдуу эле. Бирок айрым жергиликтүү маалымат агенттикттеринин пикиринде, басылмалардын жабылышы жаштардын турмушуна олуттуу деле таасир тийгизбейт. Анткени жылдыздар, кино, маданият жөнүндө маалыматтарды башка жерлерден, анын ичинде кызыккандар интернеттен оңой эле таап ала алышат. Анткен менен Ирандын Сөз эркиндиги үчүн ассоцияциянын өкүлү Шамс ал-Ваязинин көз карашында, басылмалардын жабылышынын журналисттерге таасири бар, алар ишинен айрылбоо үчүн өзүн-өзү цензуралоого өтүшөт:

-Натыйжада жүздөгөн журналисттер жумушун жоготушат, кесибин өзгөртүүгө же чет өлкөгө кетүүгө мажбур болушат. Башка басылмалар үчүн иштеген журналисттер өзүн-өзү цензуралайт. Бул түздөн-түз таасири. Мунун ошондой эле коомдук пикирге да кыйыр таасири бар. Калк өзү жактырган басылмаларды алгысы келет, бирок өкмөт аларды бул укуктан ажыратууда.

Айтор 2005-жылдын бери эле Иранда түрдүү себептерден улам реформачыл маанайдагы 50дөн ашуун басылма жабылып, ондогон журналисттер менен редакторлор камалды.

Көптөгөн журналисттер көз карандысыз жана реформачыл маанайдагы басылмаларда иштегени үчүн кысым астында жүрөт. Башкеңсеси Парижде жайгашкан Чек арасыз кабарчылар уюмунун Иран, Ооганстан жана Тажикстан боюнча адиси Риза Моени мындай дейт:

-Биз Иранды Жакынкы Чыгыштын журналисттер үчүн эң чоң түрмөсү деп атайбыз. Себеби соңку жылдары түрмөгө түшкөн журналисттердин саны эң көп болду. Былтыр 50дөн ашууну кармалып, камалып, соттолгон. Жазанын чеги үч айга түрмөгө салуудан өлүм жазасына чейин.

Чек арасыз кабарчылар уюмунун өкүлү Риза Моени келтирген эң соңу мисалдарга караганда, Жилви Жавахери, Мариям Хоссейнха аттуу эки журналист аял кесиптик ишмердигине байланыштуу кармалып, кайра ири өлчөмдө күрө төлөгөн соң чыгарылган. Соңку он алты жылдан бери жарык көрүп, аялдар маселесине адистешкен "Зенан" аттуу басылма да жакында эле лицензиясын жоготуу. Ал эми лицензиясынан айрылган басылмалардын аны кайрып алары күмөндүү. Жабылганы бул аптада жарыяланган тогуз журналды да ушундай эле тагдыр күтүп турат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG