Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:46

ИРАК СОГУШУНДА АКШнын ЭКОНОМИКАЛЫК КЫЗЫКЧЫЛЫГЫ ЖАТАБЫ?


Бүгүн АКШнын Иракка согуш ачканына беш жыл толду. Кыргызстандык саясатчылар дээрлик 70 миңден ашуун кишинин өмүрүн алып кеткен согуш АКШнын экономикалык кызыкчылыгы үчүн жүрүп жатат деп эсептешет. Ошол эле учурда беш жылдан бери жүрүп жаткан согуш Ирактагы адам укугу жана демократиянын кызыкчылыгы үчүн болууда, деген пикирлер да жок эмес.

2003-жылдын 20-мартында коалициялык күчтөрдүн Саддам Хусейнди согушуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу үчүн аскерий жактан маанилүү буталарга сокку уруу менен Ирактагы согуш башталган. Бул арада Ирактын диктатору аталган Саддам Хусейн өлүм жазасына тартылып, өлкөдө алгачкы жолу демократиялык шайлоо болуп өттү. Бирок ушул күнгө чейин Ирактагы кырдаал тынчыган жок. Маалымат каражаттары дээрлик күн сайын Ирактагы курмандыктар тууралуу жазып чыгышат.

Саддам Хусейндин диктаторлугу согушка негизги себеп эмес болчу деген пикирлер кыргызстандыктарда арбыныраак. Мурдагы тышкы иштер министри, эл аралык саясат жана өнүгүү фондунун жетекчиси, “Акыйкат үчүн” кыймылынын координациялык кеңешинин мүчөсү Аликбек Жекшенкулов ички, тышкы саясат жүргүзүү эркиндигин ирактыктардын өз эркине коюу керек эле деп эсептейт:

-Чоң мамлекет болобу, чакан мамлекет болобу, ал эгемендүүлүгүн сактап, ошол мамлекеттин элине мүмкүнчүлүк берүү керек. Кандай лидерлерди тандайт, кандай жол менен барат, кандай ички саясат жүргүзөт, кандай тышкы саясат жүргүзөт, ошол өлкөнүн элинин эркине коюлуусу тийиш.

Аликбек Жекшенкулов АКШ бүгүн дүйнөлүк саясатта көп катачылыктарды кетирип жатат, деп кошумчалады. Анын ою боюнча беш жыл аралыгында Иракта каза тапкан адамдардын, согуштан жапа чегип, кыйналып жаткан элдин укугу кийинки планда калууда.

Быйыл Ирактын күрт калктуу Халабжа шаарындагы кандуу кыргынга жыйырма жыл толду. 1988-жылы 16-март күнү Ирактын колбашчысы Саддам Хусейндин буйругу менен бул шаарга химиялык бомба ташталып, беш миңден ашуун адамдын өмүрүн алып, миңдеген кишилерди майып кылган. Бул Саддам Хусейндин диктаторлук бийлигинин ырайымсыздыгынын бир далили катары айтылып келет. ЖК депутаты Бакыт Бешимовдун пикиринде диктаторлук, авторитардык бийлик адамдарды кыйноого алып келет, бул дүйнөдө мындай бийлик жок болушу керек:

-Диктаторлук бийлик адамдарды кыйноого алып келет, өсүп-өнүгүү токтойт, муну тарых далилдеген. Бул дүйнөдө кандай болбосун, диктаторлук, авторитардык, тоталитардык бийликтер тез арада жок болуусун каалайм. Анткени эркиндик, демократия болбосо, адамзат өнүкпөйт, өспөйт. Ошол эле учурда эл аралык мамиледе бир чоң суроо турат: эгерде эгемендүү мамлекетте диктаторлор бийликти алып алып, отуз-кырк жыл бийликти колго алып, өз элин кыйнай берсе, элдин ага каршы көтөрүлүүгө эч мүмкүнчүлүгү болбосо, ага тышкы күчтөр ага киришсе болобу же болбойбу...?

Бакыт Бешимов АКШ менен Ирак согушуна баа берүүгө азырынча эртелик кылат, деген пикирин кошумчалады.

АКШ Иракка согуш ачкан 2003-жылы Кыргызстанда бул согушка каршы түрдүү акциялар өткөн. Ушул тапта да Ирактагы кырдаалдын туруксуздугу, согуштун аягына чыкпай жатканы – бул согуш ирактыктардын демократиялык укугу үчүн эмес, АКШнын экономикалык кызыкчылыгы үчүн башталган, деген пикирлер бекемделүүдө. АКШ өз кызыкылыгын дүйнө элинин бейпилдигинен жогору коет, деген пикирин билдирген саясат таануучу Токтогул Какчекеев Ирактагы согуштун ачылышы БУУнун күчтүү мамлекеттердин алдында алсыздыгынан улам болду, деп эсептейт:

-Бул согуштун ачылышы эл аралык мыйзамдын, БУУнун күчсүздүгүн көрсөтүп турат. Тынчтыкты сактоо, эл аралык келишимдерди сактоо механизмлерин күчтүү мамлекеттер жокко чыгарып коюп жатканы мына ушундан көрүнүп турат.

АКШнын демократтар үстөмдүк кылган Конгресси аскерлерди Ирактан 2008-жылы чыгарып кетүү тууралуу мыйзамын өткөрүүгө бир нече жолу көтөргөн. Эгер мыйзам өтүп кеткен учурда да, Ирактан аскерлерин чыгарып кетүүгө АКШ бийлигинин эрки жетпейт, себеби бул согушка мунай запасына бай чөлкөмдө үстөмдүк кылуу максаты себеп болуп турат, дешет айрым байкоочулар. “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Иракка кол салууга өзөктүк куралга каршы, терроризмге каршы күрөшүү деген нерсе АКШга шылтоо болуп берди, дейт:

-Адам укугун сактоо, демократиялык башкаруунун жоболорун орнотуу, массалык жок кылуучу куралдарга каршы күрөшүү, терроризмге каршы күрөшүү – бул жөн эле шылтоо болуп берди. Негизинен ал жерде АКШнын кызыкчылыгы –энергоресурстарга бай ошол аймакта өз таасирин күчөтүүдө болгон, деп айтсак болот, -дейт Өмүрбек Текебаев.

Саясатчылардын пикиринде Ирактагы согуш жакын арада аягына чыгуусу күмөн. Анткени буга чоң себеп – дүйнө жүзүндө энергоресурстардын таңсыктыгы күчөп, экономикалык кызыкчылык саясий, социалдык жана адам укуктарынын кызыкчылыктарынан улам жогорулап бара жатканы, дешет алар.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG