Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:41

10:50 Мамлекет башчы Кыргызстандагы кырдаалга тынчсызданууда


Президенттик маалымат кызматынын кабарлоосу боюнча кечээ мамлекет башчы Курманбек Бакиев күч органдарынын жетекчилери менен телефон аркылуу байланышып, сүйлөшкөн. Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев менен Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Муратбек Суталинов мамлекет башчысына Нооруз жана Элдик ыңкылап күндөрүн майрамдоо мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат беришти.
Молдомуса Конгантиевдин айтуусунда өлкөдө абал туруктуу. Майрам күндөрү тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн 20сынан 25-мартка чейин өздүк курам күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлөт. Бул ишке бардык аймактар боюнча борбордук аппараттан жооптуу кызматкерлер бекитилген. Ошондой эле министрлик бардык аймактарда жолдордо тартипти күчөтүү боюнча алдын алуу иш чараларын өткөрөт.
Баш прокурор Элмырза Сатыбалдиев мамлекет жетекчисине Башкы прокуратуранын учурдагы ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди. Ал өзү жетектеген тармакта мамлекте башчынын өткөн жылдагы кайрылуусунда жана ушул жылдын башындагы билдирүүсүндө белгиленген тапшырмалар боюнча ведомствонун иш жүрүп жаткандыгын белгилеп, өтө маанилүү кылмыш иштерин тергөөлөрдүн жүрүшү тууралуу айтып берди. Президент болсо өз кезегинде укук коргоо органдарынын алдында турган негизги милдет майрам күндөрү борбордогу жана бардык аймактардагы жарандар үчүн тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу болуп эсептелет, деп белгиледи. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG