Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:46

12:15 Балдарга ВИЧ инфекциясын жуктурду деген айып менен 14 дарыгер сот жообуна тартылууда


Башкы прокуратура тараткан маалыматта айтылгандай ВИЧ инфекциясынын 41 балага жуктурулуусу боюнча козголгон кылмыш иши аягына чыгып, сотко жиберилди. Бул иш боюнча 14 дарыгер айыпталууда. Анын ичинен Ош облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун жетекчиси Т. Мамаевге жана мамлекеттик санэпдемиологиялык көзөмөл агенттигинин Ош облустук борборунун кызматкери С. Ташполотовго ишине шалаакылык менен мамиле жасагандыгы үчүн, балдардын облустук ооруканасынын кызматкери А. Байыевага башкаларга ВИЧ инфекциясын атайылап жугузгандыгы үчүн деген беренелер менен кылмыш иши козголгон. Мындан тышкары бир нече медициналык кызматкерлерге дары-дармектерди мыйзамсыз саткан деген айып тагылган. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG