Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

Ж.ЖЭЭНБЕКОВ: ДЫЙКАНДАР БАШКА БИР ЖЭЭКТЕ КАЛА БЕРДИ


Маектешкен Бүбүкан Досалиева, Бишкек Жогорку Кеңеште бүгүн өкмөттүк саат өтөт. Анда быйылкы жазгы талаа жумуштарына даярдыктар талкууланмакчы. Буга байланыштуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна агроөнөржай комитетинин төрагасы Жусупжан Жээнбеков жооп берди.

-Бүгүн Жогорку Кенеш айыл чарба тармагынын абалы жана жазгы айдап себүү иштери боюнча өкмөттүк жыйын өткөргөн жатат. Өткөндө айыл чарба, суу жана кайра иштетүү министри Арстанбек Ногоевдин парламентте берген маалыматына караганда, быйыл айыл чарба тармагында абал жалпы жонунан жакшы болчудай, бирок депутаттар маалыматка ынанбагандай түр көрсөтүп, жер-жерлердеги кыйын кырдаал тууралуу көп суроолорду беришти. Мына ушул жагдайдан алганда бугүнкү жыйында кайсы маселелерге басым жасалат деп турасыздар?

-Алгач, мен азыр эфирден пайдаланып, эртеңки Нооруз майрамыңыздар менен эл-журтумду куттуктап кетейин.

-Рахмат.

-Мына биз комитетте караганда, бүгүнкү күндө Айыл чарба министрлигин реформалоо керек деп токтолдук. Эң башкы маселе ушул болуп турат. Себеби дыйкан дарыянын бир жээгинде, министрлик бир жээгинде калды. Айыл чарбасынын бүгүнкү күндө дыйканга эч кандай жардамы жоктой көрүнөт да. Ошон үчүн айыл чарбага жакындаш үчүн мына азыр атайын бир структура иштеп чыгыптыр, биздин комитет мына ушуну менен таанышып жатабыз.

Ошону менен бирге эле мына үч жылда бешинчи министр алмашканы терс көрүнүштөрдөн болуп жатпайбы. Мына ушул министрлер кадр менен таанышпай туруп эле кетип жатпайбы. Айыл чарба бул өтө чоң тармак. Туура, былтыркыга салыштырмалуу кичине жылыштар бар. Былтыр 16 миң тонна күйүүчү май сакталган болсо, быйыл 44 миң болуп турат. Бирок тилекке каршы толугу менен эмес. Дыйкандар менен министрликтин ортосунда тыгыз байланыш жок. Жер-жерлерде иш начар жүрүп жатат. Жер семирткичтер толугу менен жеткен жок. Техникабыз болсо илгерки колхоз-совхоздон калгандар, эптеп ошону оңдошуп, дыйкандарыбыз талаага чыгып жатат. Ошонун баардыгын статистика катарында гана эсептеп отурат. Эң башкысы айыл чарбасын реформалабасак, бул деген өтө терс көрүнүш.

-Туура айтасыз, быйыл жаздык айдоо үчүн 40 миң тонна буудайдын үрөнү, 23 миң тонна арпанын үрөнү зарыл болсо, колдо 27 миң тонна буудай, 18 миң тонна арпа бар деп министрлик билдирди. Жетишпеген үрөндү табуу жолу депутаттарга белгилүүбү? Андан тышкары азыр жер айдап эгин өстүргөнгө кеткен чыгымды түшүм баасы жаппайт деп эгин айдаган дыйкандардын саны аз болуп жатат, соляркасы дагы жетишпей жатат. Ал көйгөйдү кантип чечүү керек? Кандай сунуштарды бересиздер?

-Муну чечүү маселеси - биринчи кезекте биз министрликти элге жакындатып, ортомчу катары колдонбостон, тыгыздан-тыгыз иштешип туруп, акча маселесин чечип, жер-жерлерге барганда жергиликтүү бийликтер айыл өкмөтүнөн баштап райондун акими, губернаторлор дыйкан менен тыгыз байланышып, ошону жеткирип берсе жакшы болмок. Мисал үчүн кээ бирде 300-400 литрди Чоң Алайдан келип, Оштон алып кетет. Баткенге 1600 тонна күйүүчү май жеткирилген, ал Ошто турат. Баткен дыйканы кантип алып кетет аны? Кандай кылып жеткирип берерин жергиликтүү бийликтер уюштуруп берсе.

Муну чечүү үчүн эң башкысы ошол акча маселеси болуп жатат. Бюджеттен акча бөлүнүп, убагында ташып берсе жакшы болоор эле. Февраль айынан баштап дыйкандарда бардык жерде иш башталды. Бүгүнкү күнгө чейин болгону 20-30 пайыз гана жер семирткич менен камсыз болгон. Күйүүчү май 44 пайызга жетишпестиктер бар. Анан сугат арыктарын, каналдарды тазалап, 27-30 пайыз суу жоготуу бар, аны азайтуу керек.

-Ушул өкмөттүк жыйындан кийин парламент дыйкан, фермерлерге жардам берүү боюнча кандайдыр бир мыйзамдарды кабыл алабы?

-Сөзсүз түрдө. Бугүн бардыгын жыйынтыктап, кандай кылабыз ошого көңүл бурабыз. Эң башкысы реформага токтойбуз. Бул негизги маселе. Мыйзам долбоорлорун эмес, биз токтомдорду чыгарабыз. Аткаруу бийлигине тапшырма беребиз. Негизинен мыйзамдар кийин комитеттерде иштелип чыгат.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG